4-бөлүм.
Күмөнсүп калса Карыпбектен боюн алыстатып калышы мүмкүн. А карыпбек болсо Максатка үйүр. Кеч киришин чыдамсыздык менен күтөт. Кулак tүбүнөн желпип өткөн сыдырым желдей баланын шыбырдан кийин басыңкы доош менен балалык ачык мүнөз менен эч нерсени жаап-жашырбай айтып бергенинин көөнү сүйөт. Бала да аны сүйлөө, үн чыгарышып күткөндөй, качан болсо "кобуранын" тушунда.
Үнүнөн кубанычын жашыра албай: "Карыпбек аба. Кандайсыз" ? -деп сүйлөп ийет. Жаңы танышканда теңатадай "сен" десе, эми "Карыпбек аба" деп кайрылат. Боор тутканыбы аны ким билет. Бир ирет минткени эсинде: Карыпбек аба, билесизби, мен сиздин өңүңүздү жакын жерден көргүм келет! Ушунчалык көргүм келет! Эмнеге? Билбейм өзүм дө... Сизди ар кандай элестетем. Бая күнү түшүмдө көрдүм. Эми буга эмне дейсиң? Бөлөк сөзгө бурубатып араң кутулган. Бүгүн болсо демин ичине алып Максат андан жооп күтүүдө. Балким ушул анын жообу менен жаш бала өзүнчө жыйынтык чыгараар. Максат?-dеди Карыпбек, аста гана, -Бери уксаң мени? Канешна, бул жерге түштүңбү "заинтересованный" bолуп, ар жак-бер жакты билишиң керек. "Сьедебная булочка" болбос үцүн. "Кара робалардын" арасында да ар кыл адам бар. Сага чын тилектен айтаарым Максатчик, бул чөйрөдөн эртедир-кечтир чыгасың. Түрмөнүн тили: "фенялар" блатной сөздр, адаттарын дароо унутушуң керек. Эгер аны унутпай, көчө-көчөлөрдө арак ичип, кээде "чөптөн" чегип алып, "хай-вай" көтөрүп, балдар менен керелден кечке "кучковаться" этип: "ай-уй деп "дизельной" болуп жүрсөң" базар jок" кайра түшөсүң түрмөгө... Ошол, бирге арак ичишип дуулап жүргөн досторуңдун бирөө да басып келбейт, ишенип кой мага. Түрмөдө "блатной" болуп жүргөн күндөн көрө "волянын" бир сааттык таза абасы алда канча артык.
Канешно, "кызылдар" "окрестить" этип койсо айла жок "срок тянуть" этесиң, бирок ошондо деле адамдык сапатыңды жоготпой, кишиге кара санабай, эл катары "воровской мирдин" закондорун "придерживать" этип, "левый движение" кылбай, "достойный арестант" катары "воляга" чыгып кетсең болот да, ээ? Болбосо, чын-чынына келгенде көпчүлүгүбүз өз эркибиз менен кылмыш кылып биерге келгенбиз, туурабы? Мына, сен эмне кылып келдиң эле? Бир үйдү "бомбитъ" эткенбиз. Көрдүңбү, ушундай... Карыпбек аба, көңүлүңүзгө албаңыз ээ?... Мына сиз баятан бери түрмөнү унутуш керек дедиңиз го? Сиз... сиз анда эмнеге кайра түшүп калдыңыз? Бул күтүлбөгөн суроо Карыпбекти алдастатып койду. Жооп бериш кыйынчылыкка тураар. Менин жөнүм бөлөк, Максатчик, -биринчи
ушул сөздөр келди ага,- "Менттер" жөн эле "грузить" этип коюшту мага. Акталышым да мүмкүн. Бул бир кокустук сыяктуу.. Ким менен дос болсоң ошонун азабын, же жыргалын көрөт экенсиң. Шайтаңданып, бирөө жолуга калып.. Ошонун азабын тартып жатпаймынбы. Хе!... Буга өзүм да күнөлүүмүн, башынан жаныма жолотпошум керек эле Максат, мобу түрмөдө олтургандарды алып карачы кылмышты көбүнчө
экөөлөп, үчөөлөп, төртөөлөп.
Бирөөнүн азгырыгы менен бөлөктөр да кабылат. Мына ошондой. Түшүндүңбү? Түшүндүм, аба...-oйлуу чыкты баланын доошу. Эмне, чарчадыңбы Максат? Эс аласыңбы? Жок! Жок! Эс албайм! -тез- тез сүйлөп ийди Максат, - Бүгүн эмнегедир сиз менен
kөпкө чейин сүйлөшүп отургум келибатат. Мурутунан жылмайды Карпбек. Балким акырындап олтуруп, баланын дили агараар. Ниетине көө сүрткөн түрмөгө. анын жашоочуларына, деги эле жалпы адамзатка, анын ичинде бул дүйнөгo жараткан ата-aпасына мээpими артаар. Баса, Максат сөз башында "атам" деп баратып, аягын жутуп койбоду беле? Эмнени айткысы келди экен? Ата-энең качан келип кетишти? Максаттын үнү чечкиндүү чыкт. Билесизби Карыпбек аба, мен бүгүн атам менен апам менен көрүштүм. Апам экөө менен, "следакка" "заява" жазышып, "свиданка" алышыптыр. Ии, анан? Иттей жиним келди атама! Кызуу. Кыйынсынат: "Биз түрмөдө минтип олтурганбыз" ,-дейт өзүнчө эле. Тимеле "вор в законе". А менин ал-абалым, туралуу бир сөзү жок, сурап да койбойт. Апам эле байкуш.
Апам эле байкуш. "Эмне тамак ичип жатасыңар? Жаткан жериң жылуубу? "Ден-соолугуң кандай, оорубай жүрөсүңбү?-дейт. Апама айттым өзүнчө турганда: "Эгер сага атам кол көтөрө турган болсо өлтүрөм түрмөдөн чыгып келгенде! "-десем, апам ыйлайт. Арыктап кетиптир. Атам ылжыңдап мас болуп келип алып баягы эски концерттерин коюп жүрөт окшойт. А менин кичинекей кезимдечи? Алкаш достору менен келет да таң аткыча тамагын, чайын даярдап... Анысы аз келгенсип, апамды элдин көзүнчө чачтан сүйрөп, тепкилеп... Ух! ыр эстесем!.. . -Максат бир азга үн катпай калат. Оор дем алыбатканы кадимкидей угулуп турат. Тешикке көзүн кадайт Карыпбек. Карарган эле караан. Кулагын түрсө баланын оор дем алганы... Эмне унчукпай калдың Максат? Ойлонуп жатам, эмнеге адамдардын баары бирдей эмес деп. Менин атам сиздей болсо... -Карыпбекке бала терең улутунгандай сезилет. Баланы аяп, жүрөгү кысыла түшөт. Атаң деле жаман киши эмес көрүнөт. Жоро-жолдоштору азгырып... Акырындап түшүнүшүп кетерсиңер. .. Ал барибир атаң да!... Максат бул сөзгө ак да, көк да дебеди. Ушундан кийин ошо күнкү маегинин аягына да чекит коюлуп калгансыган. Карыпбек да өзүнчө күдүк ойдо калган Максатты таарынтып алдым деп. Эми карабайсыңбы көп күндөн бүгүн эки камераны байланыштырып турган жол "запал" болуп олтурбайбы!
Кичинекей баланын муштуму батканчалык тешик бирок Ал канчалык срлардын күбөсү болду эле. Ал да өзөтү өрттөгөн негизги кайгы эместир, "малалеткаларды" бөлөк "хатага" көчүрүп кетишпедиби. Жүрөгүн бирөө орду-түбү менен эңшерип алып кеткендей сезилди Карыпбекке. Бир да жолу жүз көрүшпөгөн бул баланын канчалык жүрөгүнөн орун-очок алганын эми туйду. Андан дагы "менттер" алaр жашаган он үчүнчү "хатаны" , андан кийин "малалеткалар" турган он төртүнчү "хатаны" астын-үстүн кылып "шмандагандан" кийин "малалеткаларды" төшөнчү-мөшөнчүлөрү менен коридорго чыгарып жатканда Максаттын: Карыпбек аба, оорубаңыз! "Хатаңарга" тынчтык менен эркиндик! - деп узап баратып кыйкырганы Карыпбектин эт жүрөгүнө канжар менен сайып ийгендей болду. Жан дүйнөсүндө уктап аткан буга чейин кыймылга келе элек, ымыркай баланы моокуму кангыча жыттай элек, бирок акыры бир мезгилде өз сааты келгенде козголчу ата сезими эртелеп баш көтөрө: "балам, сен да ооруба садагасы, бөрүлөрдүн чыйырындагы каршы-терши сандап жаткан тикенектүү зымдарга чалынба! Жүрөгүңдө болуп жанган үмүт-тилekтериң өчпөсүн! Кудай Тааладан ниет кылсаң, сени да акыры жарык келечек өзү күтүп, бооруна кысаар.
Бүгүнкү күн ушуну менен аяктады, Оордугу зил таштай күн. Жүрөгүнө бир боор болуп калган адамы алыстап кетти. Эми анын үнүн сейрек угаар. "Гулкадан" эле укпаса. Анан дагы бир адам оюн кууса дагы кетпейт. Ал-чачы ийнине төгүлгөн, муңдуу бакыракай көздүү Махабат деген кыз. Сыртка "гулкага" көп чыкпайт дешет. Авариядан кийин бир буту жакшы айыкпай ириңдеп, түрмөнүн санчастынан эки маал тазалатып, кайра жаңылатып таңдырып турат имиш. Бир топ күн болду Ал кызды көрбөгөнүнө. Бир
көрсөм деген дегдөө бар көкүрөгүндө. ...Түн келатат кайрадан жыла басып.
Аннушка
Аялдар камерасы. Сегизинчи "хата". Буга чейин коридордун эң аягындагы, кире бериште жайгашкан биринчи камерада жашашчу. Келген-кеткендер, түрмөнүн кооросу, ким "этап" менен келип, кимдер "этап" менен жолго чыгаары көзгө дапдайын болуп көрүнүп турчу. "Решка" -тор көздөлгөн терезе сырт жакка тиктейт. Бүгүн аялдар түрмөнүн чок ортосундагы сегизинчи камерага, Карыпбектер байыр алышкан "хатага" көчүп жатышат. Эски ордунан козголушмак эмес, мурунку күнү Бишкектен келген текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү буйрук беришкен имиш:
-Тезинен аялдарды бөлөк камерага көчүргүлө! Коридордун түпкүрүнөнбү, иwи кылса бир жерге... Кире бериш... Келген кишилерге көрүнүп турат экен. Жалдыратып сырттан көзүн албай... Жанагы кыздын аты ким? Махабат... Асанбекова Махабат. Ал эмне болгон кыз?.. Терезенин тушунан кетпейт. Бизге түшөргө чейин машина менен кети баратып аварияга учураптыр. Бир буту ошондон жакшы басалбай күчүркөнүп ириңдеп баспайт. "Прогулкага" бирөөнүн жардамысыз баралбайт. Буту көнөктөй болуп шишип кетиптир.
Санчасты карап жатабы? Эк маал тазалап, таңып берет. Статьясы эмне?
144.Экинчи часть
Жанагыдай кылгыла. Бир
камера таап, аялдарды ошого көчүргүлө.
Жарайт.
Мына эми ошол чоңдордун көрсөтмөсү менен аялдар эски конушун таштап, сегизинчи камерага көр-жер, төшөнчүлөрү, буюм-
тайындарын ташышууда. Камеранын камерадан айырмасы жок. Биp өзгөчөлүгү эски камеранын каптал бетинде терезе баp эле. Ал эми жаңы конуштун эки жагы туюк, ошондон улам ичи күңүрт өңдөнүп
сезилет. Төр жагында бийигирээк орнотулган темир тордон көзөнөктөрү бар терезе. Төрт кабаттуу "шконкалар" төр менен эки каптал жакты ээлеген Кире бериштин оң жагы даараткана, ортодо узун-узун темир үстөл. Мына ушул узундугу сегиз-тогуз кадамдан, туурасы төрт, төрт жарым кадамдан ашпаган тар камерага он алты аялды батат деп ким ойлойт? Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей, батмак турсун кезек менен дааратканага киришип, кезек менен жуунушуп, бал челекке толгон аарылардай ызылдашып, күнүмдүк жашоону өткөрө беришет. Мындан жети- сегиз жыл мурун, рахматы
болгур социализмдин убагында күнөкөр эс алып
уктачу "наралар" эки
кабаттан ашчу эмес
экен,эми камераларга эл
батпайт,сегиз кишилик
"хаталарга" айланды.
Бүгүнкү күн ушуну менен аяктады, Оордугу зил таштай күн. Жүрөгүнө бир боор болуп калган адамы алыстап кетти. Эми анын үнүн сейрек угаар. "Гулкадан" эле укпаса. Анан дагы бир адам оюн кууса дагы кетпейт. Ал-чачы ийнине төгүлгөн, муңдуу бакыракай көздүү Махабат деген кыз. Сыртка "гулкага" көп чыкпайт дешет. Авариядан кийин бир буту жакшы айыкпай ириңдеп, түрмөнүн санчастынан эки маал тазалатып, кайра жаңылатып таңдырып турат имиш. Бир топ күн болду Ал кызды көрбөгөнүнө. Бир
көрсөм деген дегдөө бар көкүрөгүндө. ...Түн келатат кайрадан жыла басып.
Аннушка
Аялдар камерасы. Сегизинчи "хата". Буга чейин коридордун эң аягындагы, кире бериште жайгашкан биринчи камерада жашашчу. Келген-кеткендер, түрмөнүн кооросу, ким "этап" менен келип, кимдер "этап" менен жолго чыгаары көзгө дапдайын болуп көрүнүп турчу. "Решка" -тор көздөлгөн терезе сырт жакка тиктейт. Бүгүн аялдар түрмөнүн чок ортосундагы сегизинчи камерага, Карыпбектер байыр алышкан "хатага" көчүп жатышат. Эски ордунан козголушмак эмес, мурунку күнү Бишкектен келген текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү буйрук беришкен имиш:
-Тезинен аялдарды бөлөк камерага көчүргүлө! Коридордун түпкүрүнөнбү, иwи кылса бир жерге... Кире бериш... Келген кишилерге көрүнүп турат экен. Жалдыратып сырттан көзүн албай... Жанагы кыздын аты ким? Махабат... Асанбекова Махабат. Ал эмне болгон кыз?.. Терезенин тушунан кетпейт. Бизге түшөргө чейин машина менен кети баратып аварияга учураптыр. Бир буту ошондон жакшы басалбай күчүркөнүп ириңдеп баспайт. "Прогулкага" бирөөнүн жардамысыз баралбайт. Буту көнөктөй болуп шишип кетиптир.
Санчасты карап жатабы? Эк маал тазалап, таңып берет. Статьясы эмне?
144.Экинчи часть
Жанагыдай кылгыла. Бир
камера таап, аялдарды ошого көчүргүлө.
Жарайт.
Мына эми ошол чоңдордун көрсөтмөсү менен аялдар эски конушун таштап, сегизинчи камерага көр-жер, төшөнчүлөрү, буюм-
тайындарын ташышууда. Камеранын камерадан айырмасы жок. Биp өзгөчөлүгү эски камеранын каптал бетинде терезе баp эле. Ал эми жаңы конуштун эки жагы туюк, ошондон улам ичи күңүрт өңдөнүп
сезилет. Төр жагында бийигирээк орнотулган темир тордон көзөнөктөрү бар терезе. Төрт кабаттуу "шконкалар" төр менен эки каптал жакты ээлеген Кире бериштин оң жагы даараткана, ортодо узун-узун темир үстөл. Мына ушул узундугу сегиз-тогуз кадамдан, туурасы төрт, төрт жарым кадамдан ашпаган тар камерага он алты аялды батат деп ким ойлойт? Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей, батмак турсун кезек менен дааратканага киришип, кезек менен жуунушуп, бал челекке толгон аарылардай ызылдашып, күнүмдүк жашоону өткөрө беришет. Мындан жети- сегиз жыл мурун, рахматы
болгур социализмдин убагында күнөкөр эс алып
уктачу "наралар" эки
кабаттан ашчу эмес
экен,эми камераларга эл
батпайт,сегиз кишилик
"хаталарга" айланды.
Төрт кабатка чейин
көтөрүлдү "шконкалар" . Өлгөн-
талганда эптеп төртүнчү кабаттагы ордун жетип алган "селсаяк" эки нерседен сактанышы зарыл. Биринчиси, кокусунан уйку-соо аралаш ушунчалык бийиктиктен таш астаңага учуп түшкөндөн экинчиси, таң эрте чала уйкулуу абалында башын шыпка уруп алгандан. Камеранын ичи кудум jүргүнчүлөрдү
ченемсиз жүктөп, кайдадыр бир белгисиз тарапка алып бараткан поюз сымак. Эшик ачылып, жүргүнчүлөр чыгат, жаңы жүргүнчүлөр кирет. Темир эшик шарак-шурак жабылып, поюз кайрадан алга карай суулдап жөнөгөнсүйт. Адам теринен, жыттан, кирден думуккан, тамекиге ышталган камера. Он алты аял бир учурда дем алып, бир эле мезгилде дем чыгарат. Азыр кыш, ошондо да камеранын ичинде аба оордоп, дем алганга кыйын. Ал эми саратанда бузулган аба камеранын ичинен айланчыктап чыкпай, алкымдан алып муунткансыйт. Айла-амалдары түгөнгөндө аялдар "менттерден" суранышат: Аай, Темир, ачып койчу "кормушканы? " Дем
алалбай кеттик го?...Бир азга ачып койчу байболгур, өпкөм такыр кысылып кетти? Иним, ачып койчу?
Менин сендей эжем жок!-басып кетет "дувак" Бооруңду жеп калгыр!- күйүнөт улгайган аял, -Бир азга ачып койсо өлөт беле? Булардан сурангандан көрө мынабу муздак дубалдан сурансаң угат. Боору таш иттер да!... Өх, тез эле кеч кирсе болот эле, -алка-шалка терге түшкөн аял четки "нарада" жаткан жеринен оодарылат. Азыр мен суранып көрөйүнчү, балким мага ачып калаар,-майда уурулук менен экинчи жолу СИЗОго түшкөн Сабыркүл деген келин ордунан
козголот. Орто бойлуу, сымбаттууу, кара көздөрү шойкомдуу күлүңдөгөн, аңды-дөңдү карабай улуу-кичүүнүн көзүнчө сүйлөй берчүү адаты бар, отуздардагы келин. Айтымына караганда эки күйөөгө тийип ажырашып кетиптир. Сенин сөзүңдү укса эле кол койдум сага!...Байкап
көр,эмнеси болсо да?...-күбүрөңдү "шконкада" жаткан аял. Жылаңайлак бойдон эле камеранын таш астанасын басып, Сабыркүл эшикке жөнөдү: Темир! Темир, бери келип кетчи? -келин "кормушка" деп аталган, тамак сунулчу төрт бурчтуу оюкту жеңил такылдатты, -Темир! "Прадолдон" басып
келаткан дабыш
угулуп, камеранын алдына токтоду. Эмне керек? Эмне
такылдатып жатасыңар? Темир, бир мүнөткө болсо да ачып койчу? Мен
Сабыркүлмүн. Кийинки сөздү укканда "кормушка" шарт ачылды. Отузга чыга элек жигиттин аарчылган
жумурткадай таптаза, ак жуумал жүзү .Фпрмасы да өзүнө кынап койгондой, баш кийими куп жарашат. Бирок дал ушул өкмөт формасы, ага ишенип кайтаруучулук жана түрмөдөгү тартипти сактоо укугу берилгендигинен
уламбы, жаш жигиттин өңүндө кыймылында, көз
карашында кекирейген текеберчилик бар. Сабыркүлдү көргөндө өңүндөгү менменсигендик биртке жоголо, саал
басыңкы үн менен сурады:
Сага эмне Сабыркүл?
Эмне?..Эмне?. .Тез эле эсиңден чыгып кетет турбайбы... Эркектер дайыма ушундайсыңар! ... Акырын?!. Акырын сүйлөсөң?.. Акырын эле сүйлөбатам, Жалынып-жалбарып каалаганыңа жетип аласың да.. "Гулкадагы" эсиңден чыгып кетиби? Болду эми... анан сүйлөшөбүз. Деги сага эмне керек. Айтаар сөзүң ушул беле? "Кормушканы" ача турчу, чын эле ысып кеттик... Анан качан кезигебиз? Бул сменде болбойт... Начальникке бир шыбыш жеткен окшойт, - андан аркы сөздөрү угулбай күбүрөшүп шыбырашканга өтүп кетти. Сен кыйынсың го, -деди жанагы четки "нарада" жаткан аял, Сабыркүл сүйлөшүп бүтүп бери басканда. Булардын тилин таба билиш керек да.. Сен кантип тилин таап жүргөнүңдү билебиз!- жактырбагандай күнк этти үстүңкү нарадан бир аялдын үнү, -Түнү бою "гулкага" чыгып, бир бөтөлкө арак, шоколад-поколадына алданып, эзилишип, анан таң атаарга жакын калганда өлө мас болуп келип, жатып калганыңды
билбейт dейсиңби?! Ушул жерден да абийирин сатып!
Сатамбы, сатпаймбы өзүм билем! -каяша айтты Сабыркүл. Батма аттуу улгайган аял козголду: Деги кер-мур айтышканыңарды
койгулачы?...
Абийирин сатмактан ыштанын башына кийип алсын, мага деге!... "Кормушка" ачык, үнүңөрдү баскыла, баары угулубатат. Ушунтип бал челекке камалган аарылардай ызылдашып жашаган аялдар сегизинчи "хатага" көчүп жатышат. Төшөнчүлөрү жок калып, эшиги аңырайган эски конуш көзгө суук, ошону менен бирге эң кымбат буюмун унут калтыргандай Махабат ордунан козголбой камерада жалгыз олтурат. Күпчөктөй болуп шишиген сол бутун алга сунган тейинде. Ушул буту такыр айыкпас болду. Айрыкча түнүчүндө жанын көзүнө көрсөтүп лукулдатат. Туруп басаарга дармaн жок. Жылуу ордунан козгогон "менттерге" ры келет. "Шконкасы" да, ырас, терезенин түбүндө эле, качан каалаганда өң бутуна туруп алып тышты карачу. Аны СИЗОнун kороосундагы кыймыл кызыктырчу эмес. Түрмөнүн төбөсүнөн каалгыган булуттарды саат бою карап тура берчү. Сүрүлүп көчкөн булуттар анын орун албай калган үмүт-тилектериндей. Алгалаган максаты бардай шашат булуттар. Тынбай жылат. Эмнегедир асманды, куюлушуп агылышкан булуттарды караганда алда бир ныгыра басып турган оор жүктөн бошогондой, саамга болсо да төрт тараптан кыскан түрмөнүн дубалдарын унутуп, кыял дейин десең кыял эмес, ой санаага окшогон сезимге алданчу
Азыр болсо анын бири жок. Колдон келсе бул камерадан жылгысы келбейт. Бир кезде чогуу жашаган аялдардын ичинен эң yлгайыңкы көрүнгөн Мавира эже келди: Махабат, эмне олтурасың садагасы? Жүр, кеттик... Сенин төшөнчүңдү алып барып койдум. Астыңкы "нарага" жатасың. Кел менин ийнимди таянчы, алдагы оору бутуңа күч келтирбей акырын бас? Эже ушунчалык баргым келбей жатат Ал жакка. Эмне кылабыз эми, кызым... Биздин эркибизде эмес турбайбы. Кел, өйдө болуп, ийнимди таян? Махабат шыңга бойлуу болгондуктан Мавира эжеден кырдуурак. Эжеси белинен кучактап, Махабат ийнинен таянып, эрдин ычкына тиштеп, алга бир кадам шилтеди. Алгачкы бут шилтөө кандай оор: тамандан өткөн дан ачыткан оору зыр этип төбөсүнө чыкты. Түрмөдө жатканың бир эсе, бирөөнүн жардамына муктаж болгонуң эки эсе оордук... Мындан көрө өлгөнүм артык деп эрксизден ойлоп
кетесиң. Бойго жетип ышкындай солкулдаган кыздын аял-эркек аралаш бир коридордон бет
маңдайлаш жайгашкан түрмөдө жашаганынан өткөн кордук барбы?! Бир-экөөсү гана ургаачы "ургаачы дубачкалар" болбосо, бүт эле эркек "менттер" . Алардын шылдыңкөй, текеберсине караган көздөрүнөн, кер- кашык жылдыра, көп маанилүү, бир нерсеге кыйытып айткан уят сөздөрүнөн, өмүрү жыргап өтчүдөй, өз башына жамандык түшпөчүдөй какап-чакап өз кебине өзү маашыр боло каткырган күлкүлөрүнөн Махабаттын төбө чачы тик туруп, азат бою дүрүлдөп, ичи муздап, көзүн кайда ала качаарын билбейт.
Мергенчиден ок жеп
качкан кайбереңдей ичтен онтоп, сылтып
келет. Сегизинчи камерага эң кеминде отуздан ашуу кадам бар. Ушул жанын кыйнаган жаратынан улам бир чыкса "гулкага" он ирет чыкпай, таза абадан кур калып отурбайбы. Болбосо чиркин десеңчи көзөнөктүү тор төбөдөн кере тартылып турса да тынымсыз агылган булуттарды, кезек-кезек сабалаган куш караанын көзгө сүртүп, кышкы муздак абадан дем алып тyрбас беле! Махабaт карындашым кандайсың деги, бутуң айыгып келатабы? -үн чыкты бир камерадан. Сиз кимсиз байке? -өзү зорго бараткан Махабат кадамын жайлата, Мавира эжесинин ийнин таянган бойдон туруп калды. Биз өн жетинчи "хатанын" балдары... Эмне силер бөлөк "хатага" көчүп баратасыңарбы? Ооба... Сегизинчи камерага. Бутуң кандай? Оорубатат... Санчастка барыбатам. Мейли анда байке биз баралы. Атыңызды да билбейт экем. Марат менин атым. Сакайып кет карындашым! Ооруба!... Өзүңүз да оорубаңыз! Өң-түсүн көрбөсө да жылуу сөз укканына бел байлай түшкөн Махабат терең күрсүнө жол улады. Кылмышкер деген аты болбосо "селсаяктардын" арасында да жан тарткан боорукер адамдар бар турат. "Зэктер" деле, "менттер" деле адам. Bая күнү, Баялы деген жашы кырктарды чамалап калган "оппер" буту ооруганына чыдабай Махабаттын: Ой Кудайым, ай! Кудайым, ай! -деп ыйлаганын ачык турган "кормушкадан" угуп: Аай, карындашым, ай! Сендей он гүлүнүн бири ачыла элек жаш кыздардын отура турган жери түрмөбү? -деп зээни кейий айтканын эшитишкен. Болгула кыбырабай! -сегизинчи камеранын оозунда турган көзү нашаа чеккен адамдыкындай кызарган "дувак" "продолдо" жетелешип келаткан Мавира менен Махабатты шаштырды. Берки экөө ага жооп кайтарышкан жок, мурдагыдай кашаң жүрүш менен илкип баса беришти. Ушул маалда "продолдун" теңин басып өткөнгө чейин чылк кулпуланган камералардын эшиктеринин жылчыктарынан "селсаяктардын" нечендеген көздөрү аларды узата карагандарын туюшкан жок. Камеранын ичин бакылап оңдоочу "глазоктор" дайыма жабылуу болгондуктан "селсаяктар" "кормушканын" тегерек четиндеги ичке жылчыктан сырт жакты билинер билинбес көрө алышат. Ким экен ал? -деп сурашаар бири биринен. Махабат деген жаш кыз. Жанындагысы Мавира эже. Махабат! -элеп-желептене кайталайт ысымды суроо берген "селсаяк" , анан шамдагайлык менен эшикке чуркап жетип, жылчыкка чап кенедей жабышат: Кана? Кана? Өтүп кетти... Өтүп кеттиби? Кап! Ушу кыздын өңүн бир да көралбай койдум,- шаабайы сууй сүйлөйт "селсаяк" , -Таптатынакай дешет го? Так... Ничего, -дейт экинчиси сыртына чыгарбай жеңил улутунуп. Аялы эсине түштү. Махабат аттыы ушул кыздан жаш жагынан эле айырмачылыгы болбосо аялы да өңдүү-түстүү. Көр тиричиликтин айынан кымындай бир иш үчүн ыйкы-тыйкы болушуп, күн алыс чыркырашчу эмес беле. Колу да тийген аялына. Эми башына кырсык түшкөндө аялы аны таштап кетпей, түрмөнүн оозун сагалап, "дачка" ташып, келип- кетет. Ал эми аракты өлөрчө ичип алып "Акыреттик доспуз!" деп ооздон өбүшкөн досторунун биринен дайын жок. Бир куту тамеки алып келгенге жарашпады. Көпкө ысык-суукту бирге бөлүшкөн аялың, балдарың, ата-энең, уялаштарың гана түтөт турбайбы.
Махабат менен Мавираны узата караган көз караштар ар түрдүү. Бири сылтып араң басып бараткан кызды аёо менен караса, экинчиси каны менен бүткөн, не көрүп- билген таалим-тарбиясына ылайык эркек айбандык лабизи өрттөнүп: "Эх! Азыр менин жанымда болуп калса эмне!"-деп ичи уйгу- туйгу. Кай бир көптү көргөн көк жалдар бул көрүнүшкө кайдыгер, мыйзам ченемдүү күндөлүк иштей карап тим болушат. Эмнеси бар экен? Азыркы учурда баары жапа тырмак уурдашат: улуусунан кичүүсүнө чейин, аял-эркеги аралаш, жогорку өкмөттүн эшаалонунда отурган төбөлөргө чейин... Азыр аялдардын арасында киши өлтүргөндөр да көбөйдү. Койнунда жаткан эрин бычак менен сайгандар четтен табылат. Сегизинчи "хатага" утурлай беришкенде Махабат менен Мавираны эки көз ынтаа менен тиктеп турду. Ал "кормушканын" четиндеги жылчыктан тиктеп турган Карыпбек болчу. Анын көзүнө сегизинчи камеранын кыңая ачылган оозу, какайып турган "менттин" карааны чалдыгат. Жүрөгүнүн какканы кулагына угулат. Аялдардын камера которушканы түрмөнүн аяк-башына эчак жеткен. Аялдардын дээрлик бардыгы кирип-чыгып, буюм- теримин, төшөнчүлөрүн ташып бүттү, а Махабат аттуу кыздан дайын жок. Көз жаздымынан кетирдиби? Балким небак эле сегизинчи камерага кирип кеткендир? Анда эмнеге мынабу көзү кутурган иттикиндей кызатган "мент" "хатанын" оозун ачык калтырган боюнча алда кимдир бирөөнү күткөндөй мелтирейт? Бир кезде: Болгула, кыбырабай! -деп "менттин" кимдир бирөөлөргө өкүм сүйлөгөнүн угуп, саамга дел боло түшүп, бир белгисиз сүйүнүчтөн апкаарыды. Атты койду дебе, "мент" араңдан зорго басып келаткан Махабатка айтты көрүнөт. Неликтен эле ушул кызды көргүсү келип, жүрөгү элеп-желеп болот?
Эгер оюна койсо, камеранын эшиги ачык болгондо, "продолго" чуркап чыгып, Махабатты назик гана абайлай колуна көтөрүп, камерасына кирип, кыздын "шконкасына" чейин жеткирип койбос беле. Анда эмне деп айтаар эле Махабат? "Рахмат Карыпбек байке!" -деп муңдуу да, уялыңкы күлүмсүрөп, жүзүн четке буруп кетер беле? Андай күн кайда! Баса, Махабат анын атын эмес өзүн да таныбайт да... Анан кантип "Карыпбек байке" десин? Мунун баары ишке ашпас кыял жомок. Карыпбектин кулагын илинер-илинбес кадамдардын жумшак шарпылдагы, бир аз туруп: Махабат кызым, аз калдык, чыда? -деген аялдын үнү угулду. Ансайын, Карыпбек эшиктин муздак темирине мурдун тийгизип, жылчыкка көзүн кадады. Кудайдын ушунусуна да шүгүр, Махабат Мавира экөө он үчүнчү камеранын тушуна келгенде демин жыймакка токтошту. Ай, шоруң каткан кыз, сол бутун сүйрөп, оң бутуна таканчык кылып басканга демигип калган. Жүзү Карыпбекке жакшы көрүнбөйит. Ылдам баспайсыңарбы, мен силерд күтүп тура беремби?!- менттин ачуулуу доошу. Муздак суудан ичиркенгендей силкинип алды Карыпбек. Оорулуу туруп сүйрөп, зорго жүргөнүн көрүп туруп, эмнеге күрсүлдөйт, ой тообо! Биртике алагды болгонго көзү туманданып барып, жылчыкка көзүн кайра кадаса: Махабат менен аны сүйөмөлөп жүргөн аял ордунда жок, камерага небак кирип кетишиптир. Сегизинчи камеранын эшиги сыртынан жабылып, "менттин" кулпу менен аны бекитип жатканы....
Махабаттын жүзүн даана көрбөй калганына кыжаалат боло түшсө да биpтике канаат алгандай сезим турду ичинде. Кайдан-жайдан бир сыйкырдын күчү менен Махабат аттуу көңүлүн бүлүк түшүргөн кыз коңшу камерадан орун алгандай эзелки унута жаздаган боз улан кезиндеги сезими кайрылып бүчүр байлаган өңдүү жан-алы калбай кубанды. Ушул кенедей кызга карата болгон боор толгоо дейин десе ага окшобогон көңүлдү өрөп күтүп, сезимди жалбырттаткан ал-абалына түшүнүп-түшүнбөйт. Он үчүнчү камеранын ичи да баш тапкыдай күңүрт тартпай, саал-паал жарыктана түшкөнсүйт. Аялдардын жаңы конушу, сегизинчи камерадагы жашоо өз нугунда. Түрмө жашоосунун өзүнө тиешелүү тартиби, алымча- кошумчасы бар нугу. Эртең менен кечинде "проверка" , кээ кезде "шмон", жарым сааттык "гулка" , "дачка" күтүү менен күн өтө берет чыбырып. Сотту ойлоп күтөсүң ушунтип, "Срок алгандар" "этапты" күтүшөт. "Зонага" карай. Түрмөнүн жашоосу-күтүү, тынымсыз күтүү менен чектелет. А күтүү болсо ой-санаа менен жолдош. Махабаттын төшөгүн жыйнактуу кылып Мавира эже астыңкы-биринчи кабаттагы "шконкага" салып койгон экен, оорулуу кыз эчен жол басып келгендей энтигип кыңая кетти ордуна.
Рахмат, эже! -күбүр этти кыздын бөрсөйгөн эриндери. Койчу, кызым, анын эмнесине... Арестанттык тилектештик деген бар. Ар кимдин башына кыйынчылык келбей койбойт, анча-мынча көмөктөшүп койгондон колубуз түшүп калбайт. Мавира эже, бул жолкусу сиздин канчанчы "ходкаңыз" ?-сурады Настя аттуу керилген узун бойлуу, ак жүздүү, кашы саадактай ийилген балкар кыз. Көргөнүн көргөндөй, болгонун болгондой тартынбай бетке бетке айткан кыз болчу. "Чөп" менен кармалган. 235-статья. Түрмөдө ушул бетке чабаар түз сүйлөгөнү, өз боюна тың таза жүргөндүгүн, ошондой эле "менттердин" бир ооз сүйлөттүрбөгөн
"дерзкийлиги" үчүн аны саал чочулоо менен карашып
сыйлашчу. Мисалга Сабыркүл андан оттон корккондой жаа бою каччу. Бир ирет кер-мур айтыша кеткенде, ансыз да саадактай кашы ого төтөн
керилип,капкара
көздөрүнөн от жанып туруп, Сабыркүлгө карата минтип айтканы бар:
Эй!..."Менттердин"
"подстилкасы" !... Эгеp дагы бир ирет үнүңдү көтөрсөң "парашанын" жанында жашайсың! Сенин ордуң ошол жер, уктуңбу?! "Достойная
арестантка" боло
албагандан кийин өз
"стойлоңду" тап! Сени менен чогуу бир үстөлдө олтуруп
"полоскаться" эткен
"стремный" эгер билсең! Так что
"менттердин" талпагысыңбы, талпак болуп жүрө бер! Бирок бизге тийишпе! Тагдырыңа сүйүн-биз менен жашабатканга. ...Непада
"зонада" болуп
калсак,бөлөкчө сөз болот
эле... AКим унчугат мындайда?Эч
ким."Кылмыш
дүйнөсүнүн" жазылбаган
мыйзамы боюнча да
Настяныкы туура.Настянын
берген суроосуна минтип
жооп кайырды Мавира
эже:
Биринчи эле
жолкусу...Биринчи болбой
курусун,акталып же
соттолуп кетпей,бир жыл
сегиз айдан бери тергөөнү
созуп келатышпайбы.
Омий!-таң калгандай үнн
созду Настя,-Анан
эмне,ушунча убакыттан
бери СИЗОдосузбу?
Ооба...Улам сот
бузулат," доследование"
берет ошонтип олтуруп
бир жыл сегиз ай
болду.Ушунчалык жадап
бүттүм!Мобу бетон
дубалдар да ден-соолукту
билгизбей жеп коёт
экен.Түнүчүндө өзгөчө
сөөк-саактарым
какшап,ооруп
чыгат..Акталып чыгаарыма
да көзүм жетпей
калды...Өх! ...
Ой-ий!Сиз анда СИЗО номер
үчтүн эң эски
"арестанткасы" турбайсызбы? !
Статьяңыз 88 би?
Сексен сегиз...Заправкада
иштечүмүн да...Тезирек
сотум болсо,жакшы болот
эле.Эки жылга жакын
мезгилдин ичинде эле
канча аялдар менен
олтурдум..." Этап"менен" зонага"канчасы
кетти...Узатып, тосуп алып
камерага
келгендерди. .."Угловичка" эле
болуп калган
турбайсызбы. "Ощяковый
хатага"сүйлөшүп, сизди
түрмөгө"смотрящий" кылып
койсо болот тура Мавира
эже,ха-ха-ха! ...Түрмөнүн ал-
ахвалын
карап,"рамстарды" туура
чечип олтура бересиз...
Эми мага ошол эле
калды.Хи-хи-хи!..
Түрмө деген балакет түшкө да кирчү эмес эле, мына мынтип небере эркелетип, балдардын чайын ичип, убайын көрөр кезде түрмөгө түшүп... Канчага келдиңиз Мавира эже? Быйыл элүү бешке чыгам. Үч күндөн кийин... Үч күндөн кийин? Ооба, үч күндөн кийин. Бүгүн декабрдын он төртүбү? Он жетисинде туулган күнүм. Ой кыздар! Анда эженин "днюхасын" өткөрөт турбайбызбы. Торт жасайбыз. Белгилейли туулган күнүңүздү ээ эже? Балдарым да ошо күнү бирдеңкелерди көтөрүп алып келишер... Убагында көрөрбүз... Өткөрөбүз эже, кам санабаңыз. Төртүнчү "хатадагы" түрмөнү караган Таалайды "курска" коёбуз эжекемдин туулган күнүнө алар да өз "движениесин" кылат. Тим эле койсоңорчу балдарды убара кылбай? Белгилербиз өзүбүзчө... Кам санабаңыз дебедимби эже. Ал жагын мага коюңуз. Көрүбатасыз го алар ансыз деле жума сайын камера камерага удаление жасабатышпайбы. Сигарет, азык-түлүк, нан, чай бөлдүрүп... Ооба... Аларды жума сайын алыбатабыз. Кечээ беш бөлкө нан алдык. "Общак" деген ошол да, эже. Элдин кызыкчылыгын коргойт. Деги жакшы балдар! Элдин сообуна калып жатышат. Болбосо кээ бир камералар "передача" алышпайт, ошолорго ырас эле болбодубу... Түрмөнү караган баланын аты Таалай беле? Таалай... жанында Стамба, Аскар деген балдар.
Стамба? Мурутчан жигитпи? Жок, ал сары-булактык Сыргак деген жигит. Стамба анда кыргыз эмесго? Аты...Сталбек чыныгы аты. Даана эле кыргыздын баласы... Ии, эми билдим. Өпкөсү ооруйбу, катуу ыкшып жөтөлгөн, сулуучумак, отуздан өткөн, шыңга бойлуу жигитпи? Ошол... Ошол, эже. Бечара! Катуу жөтөлөт го анан да. Жөтөлүн токтото албай ыкшып жатканы кадимкидей угулат. Өпкөсү ооруйт. Кургак учук. Мурунку кесилип отурганда "этап" менен Россияны бүт кыдырыптыр. Көрбөгөн "зонасы" калбаптыр. Аны эмне анча? "Зонада" элдин кызыкчылыгын коргойбуз деп "кызылдарга" каршы чыгышып: Тамак-ашты нормасы менен бергиле! Ооругандарды өз убагында этап менен больничкага" жөнөткүлө! Болбогон эле нерсе үчүн изоляторго камаганыңарды токтоткула! Адамча жашоо бергиле!-дешсе буларды эл бузган дезорганизаторлор деп, Россиянын эң түпкүрүнө жайгашкан зоналарга этап менен айдап ийишчү. Белая лебедь деген зона бар эже. Печора, Пермь, Соликамск деген шаарларда, Сибирь, Уралда жайгашкан... "Селсаяктардын" ден-соолугун ала турган жер ошолор. Далайы ошояктан өлүшүптүр. Сууктан да? Сууктан, тамак-аштын, дары-дармектин жетишсиздигинен, менттердин тепкисинен. .. Ой, Кудай ай! Адамды да ушунчалык кордоого болобу? Бул жердеги түрмө зоналардагы милисалар эчтеке эмес дейт. Детсад дебатышпайбы Стамба сыяктуу. Белый лебедди көрүп келишкендер. Детсад болбой куруп калсын! Алакандай тар терезеден күн кирбей, жегениң супсак түрмөнүн баландасы, даараткана жыттанган камера отурган жериң, дем алганың-сасык, бузулган аба, укканың сөгүнгөн сөз, жөн да жооп беришпейт мына бул менттериң. Ха-ха-ха! Менттер! Эми билдиңизби, биздин өлкөнүн укук коргоо системасынын кандай экенин? Билдим... Билмек түгүл сөөгүмөн өтүп, чучугума жетти! Ырас, эгер күнөөбүз толук далилденсе, ызаланбай, кордобой эле өзүнө тиешелүү жазасын берсе. Ээ, эже, баланын кебин сүйлөйсүзда. .. Булардын колуна түшкүлүк кылбасын! Менттер үйүндө өзүнчө, жaшоосунда өзүнчө, көчөдө oзүнчө мүнөз күтөт деген чын. Булардын баарын кайдан билесиң айланайын Настя? Бир тууган агам "Лебедди" көрүп келген. Ошонун оозунан уккам. Анан... өзүм да көрүп атпаймынбы. .. Ии, десең... Ушунтип ар ким көкөйүнө сактаган арыз-арманын, кайгы-касиретин айтып, ой бөлүшкөнчө кеч да кирет билинбей. Кыштын күнү кыска эмеспи эмеле жарыктанып турган темир топ терезе тез эле караңгылай түшөт. Түн деген түн. Анын өзүнчө касиети бар окшобойбу ар ким жекече өзү менен өзү калгысы келгендей. Түн-ой терметет. Кышкы кечте очок боюна чогулуп кужурашкан үй-бүлө, кечки наар, бактылуу эркин күндөр эске түшөөр. Он алты кишиге эсептелинген бул камерада азыр он төрт жан. Он төрт жандын өзүнүн жаш курагына ылайык ой- кыялы, тилек, үмүтү бар. Ар кимисинин ой дүйнөсү өзүнчө. Түнкү саат болжол менен он экиге караганда жатууга кам урушту аялдар. Жөргөмүш сымак ар кимиси ар жакка жөрмөлөп, кээ биринин түнөгү шыпка аз гана жетпеген төртүнчү кабат. Ага чыгыш үчүн экинчи шконкага, анан үчүнчү, төртүнчүгө тырмышып чыгат. Онтолоп жатып түрмөнүн кара одеалын ачып, ичине кирип жатат. Наранын үстүндө олтурууга да болбойт, төбөң шыпка тийет. Үн-сөзсүз гана темекинин ышына саргарга
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2