Аиша (разияллооху анха) мындай дейт: «Аллахтын Элчиси саллаллооху ьалайхи ва салламдын кайсыл бир жери ооруп калган учурда, Ихлас, Фалак, Нас сүрөлөрүн окуп, өзүнүн эки алаканына дем салып, аларды ошол ооруган жерине басып тура турган». (Бухари, Муслим, Абу Дауд, Насаьи)
Абу Лейла (ал-Ансари) (разияллооху анху) мындай деп айтып берген: «Бир жолу Аллахтын Элчиси саллаллооху ьалайхи ва саллам менен сүйлөшүп олтурган кезибизде бир бедуин (көчмөн араб) келди да, мындай деди: "Менин биртууганым ооруп жатат". "Эмне менен ооруп жатат?" - деп сурады Аллахтын Элчиси (саллаллооху ьалайхи ва саллам). Тигил адам өз биртууганы жин тийип ооруп жатканын жана ар дайым депрессияда калганын айтты. Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллооху ьалайхи ва саллам) ага биртууганын өзүнө алып келүүгө буюрду. Бедуин кетип, биртууганы менен кайра келди. Аллахтын Элчиси (саллаллооху ьалайхи ва саллам) аны өзүнүн алдына олтургузду да, Аллахтан дуба кылып, Андан жардам сурап дубаларды окуп, анан ал-Фатиха сүрөсүн, Бакара сүрөсүнүн 1-2-3-4, 163, 255, 284-285-286, аяттарын, Аали Имран сүрөсүнүн 18-аятын, Аьраф сүрөсүнүн 54, аятын, Муминун сүрөсүнүн 117, аятын, Жин сүрөсүнүн 3-аятын, Соффат сүрөсүнүн 1-10, аяттарын, Хашр сүрөсүнүн 22-23-24, аяттарын окуду да дем салды эле, тигил эч качан оорубагандай ордунан сергек турду да, басып кетти». (Ибни маажа, Хаким)
ПАЙДАСЫ ТУУРАЛУУ
Абу Хурайра (разияллооху анху) айтат: «Аллахтын Элчиси саллаллооху ьалайхи ва саллам мындай деген: "Эгерде силерден кимдир-бирөө ачкарын бир кашыктан бал жесе жана аны бир айда үч жолу кайталаса, ага олуттуу оорулардын эч биринин келээринен коркунуч болбойт. Ошондуктан бул эки дарыны - бал менен Куранды эч качан таштабагыла». (Бухари, Ибни Маажа)
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (саллаллоху ьалайхи ва саллам) 99 КЕҢЕШИ китебинен.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев