Аби Кабша Анмарий розияллоху анхудан рываят: Мен Росуулуллох соллоллоху алайхи васалламдын мындай деп айтып жатканын уктум:
«Мен үч нерсени касам ичип айтам, Андан кийин бир нерсени өзгөчө айтам аны эсиңерге тутуп алгыла. (Мен Касам ичип айткандардын биринчиси) Эч бир инсандын байлыгы садакадан кемибейт. (Экинчиси) Кимге зулумдук кылынса ал сабыр кылса Аллах анын сый урматын көбөйтөт. (Үчүнчүсү) Ким адамдардан суроо эшигин ачса Аллах Таала ага жакырчылыктын эшигин ачат. (Анан бир нерсени өзгөчө айтам дегени) Соң Пайгамбар соллоллоху алайхи васаллам айтты: Мен силерге бир нерсе айтам аны эсиңерге тутуп алгыла.
Дүйнөдө төрт түрдүү адамдар бар.
Биринчиси: Аллах Таала ага байлык жана илим берген. Ал байлык тууралуу Аллах Тааладан коркот, аны тууганчылык мамилени чыңоого жумшайт, ал ошол байлыкта Аллах Тааланын акысы бар экенин билет, бул адам кыямат күнү эң бийик даражада болот.
Экинчиси: Аллах Таала ага илим берген бирок байлык берген эмес, анын чын ниети бар, эгерде Аллах Таала байлык берсе мен да баланчага (биринчи инсанга) окшоп (жакшы иштерге) жумшайм деп эңсейт, анын ниетинин себебинен ал экөөнүн сообу бирдей болот.
Үчүнчүсү: Аллах Таала байлык берген бирок илим берген эмес, ал илимсиздиктен байлыгын туура эмес жолдорго жумшайт, ал ошол байлык туурасында Аллах Тааладан коркпойт, тууганчылык мамилени чуңоого да жумшабайт жана ошол байлыкта Аллах Тааланын акысы бар экенин да билбейт, бул адам кыямат күнү эң жаман даражада болот.
Төртүнчүсү: Аллах Таала ага байлык да илим да берген эмес, жана ал менде байлык болгондо үчүнчү адам сыяктуу туура эмес жолго жумшайт элем дейт, ага ушул ниети үчүн күнөө болот, ал жана үчүнчү адам күнөөлөрдө бирдей болот». (Тирмизи. 2325)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2