=КЕДЕЙЛИК АЛЛАНЫН КОРДООСУ ЭМЕС=
قال تعالى:(فأما الإنسان إذا ما ابتلاه ربه فأكرمه و نعمه فيقول ربى أكرمن15 و أما إذا ما ابتلاه فقدر عليه رزقه فيقول ربى أهانن16كلا)الفجر:15.16
Алла Таалаа айтты: (Ал эми эгер инсанды Роббиси сынап, аны сыйлап, ага жакшылыктарын берсе Кудайым мени бүтүндөй сыйлады дейт. Ал эми аны сынап, анын ырыскысын тар кылып койсо Кудайым мени кордоду дейт. Жок! Андай эмес.)(Фажр.15.16)
📝Кудай пендесин сыноо үчүн ырыскысына кенендик берсе, ошол ырыскыдагы кенендикти Кудайдын сыйлоосу деп түшүнгөн пенденин ишенимин бул айаттарда Аллах Таалаа кайтарып жатат. Пенденин ойлогонундай эмес, тескерисинче ал сыноо.
📝Ушундай эле экинчи айатта эгер Кудай пендени сынап, ырыскыда ага тардык берсе бул Кудайдын мени кордоосу деп түшүнгөн ишенимин кайтарып (Жок! Андай эмес.)- деп жооп узатып жатат биздин Кудайыбыз. Наркынысында дагы беркисинде дагы пенде ойлогондой эмес.
Себеби Алла Таалаа байлыкты сүйгөнүнө дагы сүйбөгөнүнө дагы берет. Сүйүктүүсүнүн дагы сүйбөгөнүнүн дагы жашоосун тар кылат. Болгону бул нерседеги негизги максат эки абалдын ар биринде Аллага мойун сунуу, эгер бай болсо шүгүр кылып, ал эми кедей болсо сабыр кылып.
📝Ибни Касиир айтат: Аллах Таалаа пендесин сыйлоосу акча-байлык менен болбойт, качан гана Аллах Таалаа инсанга ыйман-хидайат, Өзүнө сыйынуу мүмкүнчүлүгүн берсе мына Алланын сыйы ушул. Ал эми жакырлык бул Кудайдын кордоосу эмес, Кудайдын чыныгы кордоосу бул тентиретип ар кайсы жолго салуусу жана Өзүн таануу мүмкүнчүлүгүн бербөөсү. Ошондуктан эгер пенде Кудайга кулчулук урса анда сүйүнсүн ал Жаратуучусунун сыйында.
📘КУРАН ТАВСИРИ
🌿ЫЙМАН НУРУ http://ok.ru/group/53996887015655
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев