Жашоо - бул өзгөрүү, алдыга карай өнүгүү, өсүү. Адам дагы өзү жашап жаткан учур, мезгил талабына ылайыкташып өзгөрүп, өсүп-өнүгүп турбаса, анда ал артта калат.
Көбүнесе адамдын өзгөрүүсү бул - муктаждык. Өзүн бул жашоодо 100 % бактылуумун деп эсептеген адамдар аз болсо керек. Жашоонун өзөгү биз түзгөн мамилелерде: ата - энебиз менен, жубайыбыз менен, балдарыбыз менен, дос, жоро-жолдош, тааныш-билиш, дегеле башка адамдар менен. Баардык нерсе бири бири менен тыгыз байланышта, эгерде сенин ата-энең менен болгон мамилең жаман болсо, анда жубайың, балдарың жана башкалар менен, ал тургай акча менен болгон мамилең деле канааттандыраарлык эмес. Биз адатта кыйналыш, кыйчалыш, кысталыш турмушту, бизге туура эмес, адилетсиз мамиле жасап жаткан аялыбыз, күйөөбүз, кайненебиз жана башкаларды өзгөрткүбүз келет. Дал ушул "башкаларды" биз өзгөртө албайбыз, ал тургай алар биз каалагандай өзгөргөнгө милдетүү да эмес.
Бирок жакшы жаңылык: биз өзүбүздү өзүбүз өзгөртө алабыз. Ошондо гана биз күткөндөй мамилелерге, биз каалагандай жашоо шартка жетише алабыз.
Өзүн өзү өзгөртүү оңой эмес, көп жумуш, көп убакыт, көп кубат сарпталат. Бул өмүр бою жүрө түрган кубулуш. Эң биринчи адам оюн өзгөртүшү абзел, андан кийин өзгөрүү сөздө, кыймыл-аракетте болот. Жашооңду өзгөртүүнүн жападан жалгыз жолу ушу, мунсуз ийгилик болбойт. Өзгөрүүнү өзүңдөн башта. Билгин, өзгөрүүнүн бүтпөс булагы өзүңдө!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев