Сиздерге, Куранды жаттоо, канча жылда көздөгөн максатыңызга жетесиз, кантип жетесиз, анын тартибин түзүп берүүм мүмкүн...
Куран үйрөнүүдөгү ыкмалардын бири бул - Өзүңүздүн кол телефонуңуздун "диктафонун” пайдаланыңыз.
Курандагы, жаттаган сүрөөнү диктафонго жаздырып аласыз да, Китепти ачып өзүңүз окуганды китепке салыштырып окуп көрөсүз .
Кайсыл тамгадан, кайсыл жерден ката кетирип жатканыңыз даана байкалып калат, аны оңдоп аласыз...
(Куран адамга тез жат болот жана тез эстен чыгат) андыктан, күнүгө жаттагандарыңызды кайталап жатка жана намаздарда окуганга аракет кылыңыз ...
Хадисте келет: Пайгамбар алайхис салам миражга чыкканда, эки киши, бири экинчисин жаткырып алып, чоң ташты алып башына таштап жатты. Анын башы эзилип, чачырап кетет ... Биринчиси ташты барып алып келгенге чейин башы ордуна келип калат, анан кайра жанчыйт, ушундайча улана берет. Пайгамбарыбыз: "Булар кимдер ?”- дегенде Периштелер айтат : “Булар Куран жаттагандар, себеби ал Куранды жаттап, (жаттаганын) унутуп койгон эле!” -деп айтышат...
Эгер эки пара, (20 барак) жаттасаңыз, бир күн биринчи параны, экинчи күнү экинчи параны окуп турасыз ..
А эгер Куранды толук жаттаган болсоңуз күнүнө 3 же 4 пара кайталап турууңуз керек болот. Эң негизгиси тууганым, астыга күнүмдүк план коюп алыңыз!
М: «Күнүнө 5 катардан жаттайм, 10 катардан жаттайм, же 1 бет окуйм, бир пара кайталайм, 2 пара кайталап окуп турамын ж.б.у.с план коюп алыңыз ...» Же болбосо:
"Устазга барып күдүгө сабак тапшырамын, Куранга 1, 1-30 саат убакыт бөлөмүн дагы башка....” Эгерде астыга план койбосоңуз эч качан үйрөнүп дагы, жаттай дагы албайсыз .
"КҮНҮМДҮК ЖАТТООНУН ТАРТИБИ”
«Эгерде сиз Куранды, күнүнө беш беттен (эки жарым барактан) жаттасаңыз анда 4 ай, бир күндө Куранды толугу менен жаттап бүтөсүз!»
* 4 беттен жаттасаңыз - 5 ай, 2 күндө бүтөсүз ..
* 3 беттен жаттасаңыз, 6 ай, 22 күндө бүтөсүз .
* 2 беттен жаттасаңыз 10 ай, үч күндө бүтөсүз .
* 15 катардан (1 беттен жаттасаңыз) 1 жыл 6 айда бүтөсүз .
* 14 катардан жаттассаңыз 1 жыл 9 ай, 13 күндө бүтөсүз .
* 13 катардан жаттасаңыз 1 жыл 11 ай, 3 күндө бүтөсүз .
*12 катардан жаттасаңыз 2 жыл, 26 күндө бүтөсүз .
* 11 катардан жаттасаңыз 2 жыл, 3 ай, 15 күндө.
* 10 катардан болсо, 2 жыл, 5 ай 28 күндө .
* 9 катардан, 2 жыл 9 ай, 9 күндө .
* 8 катардан, 3 жыл, 1 ай, 10күндө .
* 7 катардан болсо, 3 жыл, 6 ай, 22 күн.
* 6 катардан, 4 жыл, 1 ай, 23 күндө .
* 5 катардан болсо, 4 жыл, 11 ай, 29 күндө .
* 4 катардан 6 жыл, 2 ай, 19 күн .
* 3 катардан, 8 жыл, 3 ай, 15 күн.
* 2 катардан, 12 жыл, 1 ай, 28 күндө .
* 1 катардан жаттасаңыз 24 жыл, 10 ай, 5 күндө жаттап бүтөт экенсиз .
- Шейх Махмуд Халил ал-Хусори: “Беш жылда жаттаган адам, Куранды бекем жаттайт !”- деп айткан.
Ал эми Фахд ибну Салим ал-Кандари: «Куранды 3 жылда жаттаган жакшы !»- деген .
Автордон: “3 жыл 5 жылды эч качан узак көрбөңүздөр! Керек болсо 24 жылды дагы узак көрбөңүз! Аллахым өмүр берсе, баары аста-секин боло берет. Өткөн 5 жылыңызды эстеңизчи? Өтө тез өткөн, жана пайдалуу эч нерсе деле кылган эмессиз. Сиз аста секин бир, эки пара жаттаңыз ары жагы өзү уланып кете берет, а эгер Куранды азыртан баштаган болсоңуз, 3-4-5 жылыңыз бат өтүп, Алланын сүйүктүү пенделеринен болосуз! Хафизул Куран болуп жетишесиз!
Умар бин Хаттаб родияллоху анху айтат: Пайгамбар алайхис салам айтты дейт: “Аллах Таала ушул китептин (Курандын) себебинен канчалаган инсандарды бийик даражага көтөрөт жана канчалаган инсандардын даражасын төмөндөтөт жана кор кылат!”. Кимдер Куранга ыйман келтирсе жана ага амал кылса Алла Таала аларды дүйнөдө да, акыретте да даражасын көтөрөт жана сыйлайт. Ал эми кимдер ага амал кылбаса Алла Таала аларды кор кылат! (Муслим риваяты).
Абдулла бин Умар Пайгаибар алайхис саламдан укканын айтат: «Эки түрдүү адамдан башкага суктануу дурус эмес: Биринчиси - кимге Аллах Таала Куран илимин берген болсо жана ал аны менен күнү - түнү алек; экинчиси - кимге Аллах Таала көп байлыкты берген жана ал аны күнү - түнү (Аллах жолунда) иштетет.
(Бухари, Тирмизи, Насаи).
Жаттаганга эң ыңгайлуу убакыт бул, багымдатка чейинки убакыт. Анткени уктап турган адамдын кабыл алуусу жакшы болуп, тез жатталат.
Абу Хурайра родияллоху анхудан риваят, Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айтты: «Курани Каримди үйрөнгүлө жана окугула. Анткени кайсыл бир адам аны үйрөнсө жана тахажуд намазында ар дайым окуп жүрсө, анын мисалы миск менен толтурулган баштык сыяктуу, анын жыты баардык жерге таркалат. Ал эми кайсыл бир адам Курани Каримди үйрөнсө (бирок түндөсү окубай) уктап калса анын мисалы оозу байланган миск менен толтурулган баштык сыяктуу» (миск - атырдын бир түрү). (Насаи, Тирмизи, Ибну Маажа, ибну Хиббан)
Кимде - ким Куранды жаттаса, жана жаттаганын түндөсү намазда окуй турган болсо, анын мисалы миск толтурулган идиш сыяктуу. Оозу ачык болсо анын жыты бардык жерге таркайт. Ушул сыяктуу эле хафиздин Куран окуганжыгынан нур жана береке үйгө толуп турат. Эгерде хафиз уктап калса же эринип окуй албай калса да жүрөгүндөгү Куран миск сыяктуу. Бирок анын жалкоолугунан болгон зыян ушунчалык - башкалар анын берекесинен кур калышат. (Канткени менен баары бир Куран менен жүрөк, денеде миск сыяктуу).
Абу Зардан (Алла ыраазы болсун) риваят, Пайгамбарыбыз (Алланын берекеси болсун) айтты: "Эй, Абу Зар! Эгер сен эртең менен барып, Курани Каримден бир аят үйрөнсөң бул 100 рекет нафил намаздан жакшыраак жана эгерде сен илимден бир бөлүк үйрөнсөң, мейли ошол убакытта ага амал кылынсын же кылынбасын, сага 1000 рекет нафил намаздан жакшыраак». (Ибну Маажа).
Пайгамбарыбыз (Алланын берекеси болсун) айткан: "Аалымдын жөнөкөй ибаадат кылуучудан болгон артыкчылыгы - менин силердин араңардагы эң төмөнкү даражадагыңардан артыкчылыгымдай”.
Башка бир хадисте: "Шайтан үчүн миң жөнөкөй ибадат кылуучуну азгырганга караганда бир аалымды азгыруу оордук кылат!”.
«Курандан бир аят үйрөнсө, 100 рекет нафил намаздан жакшыраак ..» деген сөз келди. 100 рекет намазды окуу үчүн 4-5 саатыңыз, анан күчүңүз кетет, буттарыңыз шишип кетет. Андан 5 мөөнөттө 1 аят үйрөнүп койгон жеңил эмеспи? М: «Валь Аср!» ушул аятты үйрөнүп эле койсоңуз, 100 рекет намаздан жакшы! А сиз мындай аяттан күнүнө канчасын үйрөнүп койгон болосуз.
ЭЙ, КААРЫ БИР ТУУГАНЫМ!
АЛЛАНЫН АСТЫНДА ДАРАЖАҢ, КАНДАЙ ГАНА ЖОГОРУ!!!
Хадича Медресеси
Комментарии 1