-Далил жок... Далилдегиле! Ал кыз бул айылга Алымов үчүн келгени дайын болдубу? Болду!... Ал кыздын боюнда бар экени, ал бала Алымовдуку экени далилдендиби? Далилденди! Өлгөндүн мурунку күнү ал кыз Алымовго смс жазып: “Боюмда бар. Эртерээк үйлөнүүнү ойлонбосоң, арыз жазам,”- деп коркутканычы? ! Сен мага улам келип: “Алымовдун күнөөлүү экенине далил жок,”- дегениңди токтотуп, изилде, жүгүр, иште! Алымов күнөөлүү эмес десең, күнөөлүүнү тап!
-Кетүүгө уруксат бериңиз!
Жаш лейтенант ордунан тура калып, полковниктен урусаат сурап, честь берип сыртка чыгып кетти.
“Алымовдун күнөөсүнүн жогуна ишенип турганым менен... Эгер ал өлтүргөн эмес болсо, анда ким? Өз айылына чакырып туруп, кылмышка барбаса керек! Мынчалык кылгысы келсе... Башка жерден деле көз жаздым кылат эле го. Жок дегенде сөөгүн таптырбай коёт эле...” Кемел ойлогондой бул жерде иштегендердин баары ага душман эмес эле...ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Кемел Адинайдын боюнда бар экенин суракта гана билди. Анын СМС жазганынан кабары да жок эле. “Кандайча болуп кетти? Анын менин номериме жөнөткөн СМСи чындык болсо?.. Мен кандайча окубай калдым?.. Чалгандарынада жооп бербей койдум эле...” Кемел Адинайдын СМС жазган убактысын боолголоп, ким менен, кайда жүргөнүн элестетип, тергөөчүнүн ар бир суроосуна жооп берип жатты. “Ал чалган маалда, Адилет, Самат жанымда болушчу... Чогуубуз менен Адилеттикине барып тамактандык. .. Саат бештер чамасында Тинатинге жолуктум... Машинада сүйлөшүп отурдук да...”
...” Кемел оюнун ушул жерине келгенде, ордунан ийне сайгандай тура калды. “Мен беш мүнөткө машинадан түшүп кеткенимде. .. Бир заматта Тинатиндин көңүлү эмнеге тунарып калды десем?..” Өңү кубарып чыкты. “Чын эле, Тинатин болуп жүрбөсүн? Анын мынчалыкка бараарын...”
-Алымов! Суроолорумду кулак сыртынан кетирип жатканыңа жол болсун! Эгерде эле калп айтам деген оюң болсо, бул өмүрдө бар экениңе өкүнүп калгыдай кылам!
Кемелдин чекесинен мончоктоп тер куюлду. Жөөлүп жаткандай: “Кантип эле... Кантип эле...”- деген сөздү кайталап жатты...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Кемел улам бир кыз менен көңүл ачып, алардын бирөөнө да үйлөнүү тууралуу сөз козгогон эмес. Алардын арасынан өзүнүн келечектеги колуктусун көрө албаган. Жолдошторунун: “Кыз тандай бербей, үйлөнбөйсүңбү? ! Канча кыздын гана жүрөгүнө чок салдың экен,”- дегендерине, каткыра күлүп: “Мен үйлөнчү кыз али төрөлө элек, төрөлсө да, эне сүтү оозунан кете элек наристе,”-дечү. Баарынан да кыздар өздөрү ашык болуп артынан көп жүгүрүштү. “Мен эч качан аялдын аркасынан жүгүрбөйм... Өздөрү издешет...”- деп көп мактанаар эле.
Адинай да ошондой кыздардын бири болчу. Ага анда-санда гана жолукканы болбосо, ээрчише басып, сүйүшүшкөн эмес.
. Адинай Кемелге жолуккан сайын: “Мени чын эле сүйөсүңбү? Экөөбүз качан турмуш курабыз,”- деп сурай берчү. “Ооба,”- дечү көңүл кош гана Кемел, Адинайдын көңүлүн улап. “Бирок азыр үйлөнүүгө эрте... Кийинчерээк. ..”- деп кутулчу. Ошол каргашалуу күнү...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Адинай кош бойдуу болуп калганын билээр менен Кемелге кайра-кайра телефон чалды. Кемелден жооп жок. “Таптакыр менден качып калды... Көрүшө элегибизге да бир айдан ашык убакыт өттү. Мени алдап кетем деп турат го...”-деп, ызага муунуп, эмне кылыштын айласын таппай турду. Курбусуна жашыруун сыр кылып, өзүнүн кандай акыбалда турганын айтып, кеңеш сурады. “Эмне кылам, я?! Апам айткандай “көп баскан аяк, бок бастыбы”?! Суранам, кеңеш бербесең болбой турат,”- деди ыйламсырап.
-Эмне кылмак элең?! Айт... Үйлөн де... Андай эле болбосо, арыз жазам деп коркутуп көр... Мүмкүн боюңда барын билсе, өзү деле качпастыр... Жакшы эле баладай көрүнөт го?!.
-Кантип айтам? Таптакыр жолобой калды. Телефон чалсам да жооп бербей жатат.
Адинай эки көзү кыпкызыл болгончо ыйлап жатты. Курбусунун: “Көп эле ыйлай бербесеңчи! Балаңа зыян болот,”- дегенине көнбөй, бүк түшүп жатып алды.
Бир маалда ойлонуп отурган курбусу Адинайды аярлай чыканакка түртүп:
-Менде бир ой бар... Кемелиңе СМС жаз. Боюмда бар экен де...Мүмкүн билгенден кийин, өзү чалып калаар... А мүмкүн, сүйүнүп, келип калгысы да бардыр,-деди.
Адинай курбусунун кеңешине макул боло, СМС жазууга киришти. “Кемел, кандайсың, жаным?! Неге телефонуңду албай жатасың? Менин боюмда бар экен. Мүмкүн болсо мага жолук,”-деп жазды да, Кемелдин номерине жөнөтүп жиберди. Курбусу Адинайдын жазганына каршы болуп турду:
-Ага эмне мынча жалдырап жатасың? “Мүмкүн болсо...” деп. Берчи мага телефонуңду. .. Эркектерди бир аз коркутуп койбосо көөп кетишет...
Адинайдын колунан телефонду алды да кайрадан СМС жазууга киришти. “Эртерээк үйлөнүүнү чечпесең болбойт. Качам деп эч ойлобо! Арыз жазып коём!” Экинчи кат да Кемелдин адресине жөнөтүлдү.
-Мына... Эми күт! Ал келет... Кайда бармак эле?.. Сен андан көрө бышактап отура бербей, өзүңдү кара... Балаңа зыян кылып алып жүрбө.
Курбусу Адинайды сооротуп жатты. Ошол мезгилде.
Кемел машинасында Тинатинди кучактап, кезектеги сүйүү оюнун ойноп жатты...
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев