Ушулкитепти жазып жүрүп, ушундай сырдуу, а бирок көздөй адамдардан уккан
окуяларданулам мен дагы эзелтен таанып-билген эң жакын, жакшы көргөн Бермет
Алымбаеваэжеме барып жүрдүм. Бермет эже – эки жолку жогорку билими бар, беш бала
өстүргөнасылкеч эне. Адегенде Ленинград полиграфиялык институтунун бүтүрүп,
редакторадистиги менен «Мектеп» басмасында иштеп, кийин Кыргыз Улуттук
университетининорус тили, адабияты факультетин бүтүрүп түштүктө мугалим болуп
иштеген.
Бирыр жыйнагы, эки прозалык чыгармалардан турган китептин автору. Кыргызстан
жазуучуларсоюзунун мүчөсү. Бирок, анын мен айтайын деген өзгөчө касиети башка. Ал
көрүп-көрбөйтуруп эле кимдин болбосун өткөн-кеткенинжана алдыда эмне күтүп
атканын айта алат.
– Бермет эже, Канат менен Зарина жөнүндө айтып бериңизчи? – дедим бир күнү
атайылапбарып.
–Канат менен Зарина жөнүндө эмнени билгиң келет? – деди ал.
– Менимче, эки ашыктын бу жалган жашоодогутагдыр, таржымалын жазып
атпаймынбы, жакшы эле билем го... Экөөнүн аркы дүйнөдөгү жашоосу барбы? Ошону
айтсаңыз?- десем эже теспесин карап отуруп:
– Бейшемби күндөрү, экөөнүн күмбөзүнө барганкезде тынч туруп тыңшасаңар,
кандайдырбир жумшак, назик шоорат угулуп турат... – деди.
–?..
– Алэки жаштын шоораты. Экөө кол кармашыпалып тээ закымдарга, чексиздикке
ааламкезип, сабалап учуп кетишет да, кайра өздөрүнүн бейитине келип конушат.
Эмнегедир, алар Канаттын мүрзөсүнүн үстүнө көп аярлашат экен.
Ананда, а балким ата-энеси өзү деле сезбесе керек, Зарина бала күндөн кандайдыр
биркасиеттүү кыз болуптур. Аны булутка окшогон кандайдыр бир аппак нерсе ар дайым
колдоп,коргоп турчу экен...
–Анда, эмнеге ал Заринаны ажалдан коргоп калган жок?
Ушуарада «булут» жөнүндө айтканыкөкүрөгүмө «тык» этип, Заринанын булутту
жакшыкөрөрү, апасына ак булуттардын арасынан көрүнөөрү көңүлүмө уялай калса дагы
ушинтипсурадым.
– Анткени, бу – тагдыр, – дедиБермет эже. – Алар төрөлгөндө эле Алла-Таалам
бешенесинеошону жазыптыр... Анан да, Зарина менен Канат ата-энелерине абдан
ыраазыдай.
Биздинмаегибизге шериктеш болгон сыяктуу, радиодон Алина Жетигенованын
аткаруусундагы, Камчыбек Букалаевдин «Канат менен Заринанынсүйүүсү» деген ыры
сыбызгып,бөлмөгө кандайдыр бир жакшы маанай,жагымдуулук жаратып, көңүлдү
көтөрүпийди:
Сүйүүнүким ырдабаган, жазбаган?
Сүйүүдөнким ыйлабаган, азбаган?
Кылымырдап бүтпөс бирок бир ырды,
Заринакыз эчак ырдап таштаган...
Адамзатжок өтпөй турган өмүрдөн,
Арманда жок кетпей турган көңүлдөн.
Экиашыктын махабаты күн санап,
Нургаайланып барат ырдап төгүлгөн.
«Махабатжок! ..» -деген өксүк кейиштен,
Жүрөктөрдүсакайтууга келишкен,
Алартунук сезимдердин символу,
Арзуудагыадаштырбас периштем!
Канатменен Заринанын сүйүүсү,
Кылымдардан- кылымгаырдап жүрүүчү,
Өлбөсулуу касиетке эгедер,
Жүрөктөрдөырга айланып жүрүүчү!.. .
** *
Чоң-Арыккөрүстөнүндө кош бейит бар...
Бейиттердинүстүнөн жылдын кай мезгили болбосун келип кеткен адамдардын аягы,
гүлүзүлбөйт. Куран окуп, ар бир жолу келген сайын ата-энелер кош дөбөнүн үстүнулам
эскиребаштаган гүлдөрдөн арылтып, тазалап турушат.
Былтырбул мүрзөгө эки-экиден ээрчишип, алтыадам үзбөй каттачу. А быйыл алар
биргекем! Анткени, Сооронбай ата акыркы күндөрдө жалгыз келет. Келет да, балдарга,
ананда балдарын сагынып, аркасынын кошо ээрчип кеткен байбичесине куран окуйт...
Анакей,Канат менен Заринанын күмбөзүн издеп, дагы бирөөлөр келатышат. Кыз-
жигиттер.. .Алар төртөө экен. Акырын басып келишип, эки ашыктын мүрзөсүнө гүл коюшту
да,көпкө чейин тунжурашып, эстеликтинбетиндеги Канат менен Заринанын сүрөтүнөн
көзала албай карап турушту.
Маркумдардынмахабатка айланган руху алардын жандилине аруу сезимдин
асылдыгынсездиргендей, кандайдыр бир нурдан б?тк?н жылуулук – жандүйнө, дене-
бойлорунөрдөп, балкытып өткөн өңдүү...
–Мен сени сүйөм, Арнас! Сен менин... Канатымсың! – деди кыздардын бири карегине
каканактайтүшкөн ысык жашты алаканы менен арчып, жигитине эркелеп да, эреркей да,
акырынунчугуп.
– Менда сени сүйөм, менин «Заринам! »..– дедижигит да кыздын чачынан аяр
жыттап.
Кызжигитине жакын ыктай, ый аралаш күлө багып, сүйүү толгон кош каректер бири-
биринежалжылдай тиктеди...
Айтмакчы,ушул тапта обончу-ырчы жигит Бакыт Мамаев да кыялында кыңылдап
ырдап,арзуунун ак дастанына айланган даңазалуу кыз-жигиттин таржымалынан
таасирленипжазган жаңы обонун кайрып, ошонун ыргагында өзү кошо оболоп, кыз-жигит
жатканМАХАБАТТЫН МАЗАРЫНА сыйынууга алып-учуп келаткан:
Сүйүүжок деген жалган! Жалган! Жалган!
Сүйүүсүзжашоо көрктүү болмок кайдан?!
Чыныгысүйүү – жыргал, азап, кайгы!
Абирок сүйбөй өтүү андан да арман!
Жашоонунөзү арман, жашоо – жалган!
Биркүнү келет ажал кайдан-жайдан!
Абирок арман ошол – жүз жыл жашап,
Бирокда татым сүйүү татпай калган!
Сүйүү– чын! Сүйүүнүн кош канаты бар,
Алжактан бир-бириңди табасыңар!
АйланыпАалам кезип, сүйүүнү ырдап,
Өзүңөрырга айланып каласыңар!
Азжашап, чоң сүйүүгө кезиккендер,
Ээрчишип,эгиз учуп кетишкендер!
Мазарымахабаттын болоор дайым,
Экөөңдүкучагына бекиткен жер!
Эрчишип,эгиз учуп кетишкендер. ..
** *
Ошолэле күнү кечке маал Чоң-Арыккөрүстөнүнүн алдына жылтылдаган жап-жаңы
«Мерседес»келип токтоп, андан бутунан-башына чейин кара кийген беш жигит түштү.
Уламкөрүстөнгө жакындаган сайын Азыктынжүрөгү опкоолжуп, эмнегедир тамагы
жашкамуунуп баратты. Каректеринде каканактаган ысык жашты аарчып, бет алдынан
чыкканэле бирөөдөн Канат менен Заринанын бейитин сурады.
–Аа, алар тигине, жакын эле жерде. Көрүнүп турбайбы, – деди ал адам гүлгөоронгон
кошбейитти жаңсай.
–Рахмат! – деген Азык шашкалактап, жанындагылардан алда канча алдыда баратты.
–Зарина? Канат?.. – деди кыз-жигиттин бейитине гүлсебетин койгон Азык эриндери
дир-дирэте. – Мени кечиргиле?! Жаткан жериңержайлуу, топурагыңар торко болсун!..
Жанболот! – дедианан жанагы эле таш эстеликтин бетиндеги сүрөттөн көз албаган
калыбында.
–Ии?
–Куран окуйлу?
–Азыр...
Жигиттеркыркаар тарта тизилип олтуруп, Жанболот коңур, мукам, муңдуу үн созуп,
куранокуп атты. Ансайын Азыктын көзүнүн жашы токтобой, баягы-баягы күндөр – Канат
мененЗаринанын элеси биринен сала бири эсине түшүп, жаш балача балбаалап ыйлап
атты.Аны көрүп, калгандары да эриндерин кырча тиштеп, баштарын жерден албай,
качанкыбир кылыктары үчүн кыз-жигиттенуялгандай тунжурап олтурушту. Качан гана
Жанболот:
– Оомийин! – дегенде ким-кимисине жанкиргендей козголо, алакан жайышты. –
Ушулкурандын сообу Дайыр уулу Канат менен Жеңиш кызы Заринага тийсин!.. Жаткан
жерлерижайлуу, топурагы торко болуп, Кудайым жанын жанатта кылсын!..
Батакылышкандан кийин да жигиттер ар кимиси өз-өзүнчө ойго чөмүп, көпкө
отурушту.
–Менин күнөөлөрүмдү кечир, Кудай?! – деди Азык өзү менен өзү сүйлөшүп аткандай
күңгүрөнүп. – Силерге кыянаттык кылып, силердин сүйүүңөрдү «уурдайм» деген мен
чынындаэле келесоо окшобоймунбу! Көрсө, экөөңөрдү ажал дагы ажырата алмак эмес
тура?Кандай бактылуусуң, Канат?! Заринанын артыңдан кошо ээрип кеткени үчүн эмес,
ошондойаруу кыздын тамчыдай таза, тунук махабатына арзыганыңды айтам... А менчи?
«Бактылууменен баарлашпа, таалайлуу менен талашпа» болуп!..
Мен...Бирок Заринадан адамдан башкача бир асылдыкты, туруктуулукту, тунуктукту
ошондотуура эле туюптурмун! Балким, мени өзүнө арбаган ошол улуу касиеттер
болгондур? Албетте, адам деген ач көз, анын өзү тойсо да, көзү тойбойт! Ал өзүндө жокту
издейт!Ошону тапкысы, ошого жеткиси келет! Ал эми өзү ошого арзыйбы, арзыбайбы,
аныменен иши да жок! Анткени, анын да башкалардай бактылуу болгусу келет! Бир гана
иреткелчү бул өмүрдү каалаган адамы менен, каалаганындай өткөргүсү келет!..
Кечиргиле? !.А бирок силерди убагында убарага салып, кыянаттык кылганым үчүн мен
эмиөмүр бою өкүнүп, өксүгүмдү өчүрө албай жүрүп өтөрмүн, арман! Анткен менен, мен
экөөңөргө чексиз ыраазымын! Силер мени адам кылып, адамча жашоого, адамча ой
жүгүртүүгө үйрөттүңөр! Силер менин турмушумду башканукка бурдуңар! .. Силер мени
өзгөрттүңөр. ..
–Шеф, – деди бир убакта баягы узун чач Шерип деген жигит акырын унчугуп. Бирокбу
саамал чачын кыска кырктырып, сыйдалап артка тарап алыптыр. – Убакыт болуп калды,
шеф...
Машинанынарткы отургучунда чалкалай, термелип ойлуу келаткан Азык жол
боюндагы«Зарина» деген дүкөндү көрүп:
–Токтотчу! – деди. Анын катарында эле «Аян» аттуу дагы бир дүкөн бар экен.
–Бул дүкөндөр... кимдики болду экен? – деди Азык. Анын оюн илгиртпей биле койгон
Шерип:
–Жок, булардын Заринага эч кандай тиешеси жок. Бөтөн эле бирөөлөрдүкү, –деди.
– Кеттик! – «шеф» машина ордунанкозголгондо дүкөндү эмес, «Зарина» деген
жазуунудагы бир кылчайып карап алды.
Алар«Асанбай» кичи району жакка бурулушту.
–Бул окуя биз кеткенден кийин бат эле, бир-эки күндөн кийин болуптур да? – деди
баятанбери унчукпай келаткан Азык.
– Биз жетисинде кеткенбиз. Канат сегизинде,Зарина он биринде каза болуптур, –
дедиШерип тактап.
Кайраданунчугушпай калды.
«Мерседес»Зарина жашаган үйдүн так алдына,баягы- баягы биринчи жолу
«Хундайды»кубалап келип токтогон жерде турду. «Баягычы? Ошондо ушундай болбоду
беле?!.» – дешип бир жарым жыл мурунку окуяны баштан-аяк эстеп атышканда, кудум
ошолкүнкүдөй болуп, тигил коңшу үй тараптан Кубан көрүндү.
–Эй, карагыла! Баягы жигит – Заринанын «агасы»! – деп аны көрө калган Жанболот
шашыпкетти.
– Кана?! – деп ал тарапка жапырт караганжигиттер чындап эле жоготкон күндөрүн
кайратаап алгандай шашкалактап, машинаданчыга калышты эле, Кубан да аларды
таанып,бир чети сестенгендей, бир чети таң калгандай токтоп калды.
–Кандай дос?! – деди Шерип озуна кол сунуп. – Жакшыбы?!
– Кандай?! – деп калгандары да жайдаңдап колберишип, жакшы тааныштардай
учурашыпатышты. Акырында калган Азык да Кубандын колун кысып, көпкө кармап турду
да,жаш тегеренип кеткен көздөрүн ала качып, жигитти күтүүсүз эле жерден бооруна
тартып,далысынан таптагылып, кучактап калды...
Кубанда аларды түшүндү. Анткен менен өзү да араң турган окшоп, муун-жүүнү бошоп
кетти.
–Кечир? – деди Азык. – Баягылар үчүн кечир?!.
Кубан:«Эч нерсе эмес! Өткөн иш өттү, кетти!»- дегендей эки ийнин куушура,
күлүмсүрөпкойду.
–Бизди Зарина табыштырды эле, тааныш болуп жүрөлү! – деди Азык жөнөй берерде.
– Бирок, чочулабай эле кой, биз «баягылар»эмеспиз! Азыр жакшы иш баштаганбыз,
жакындабиздин фирманын бет ачары болот. Кааласаң ишке кел?
–Рахмат, – деди Кубан дагы чын дилинен. – Силерди Канат менен Заринанын руху
колдосун!..
АЯГЫ
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев