Эртеси, -январькүнү Заринаны жайына алып чыгаарда Канаттараптан Сооронбай
ата,Дайыр баш болгон жоон топ адам келди.
Заринанынэшигинин алдында боз үй тигилип, ак маңдай кыз сүрөтүндө келип-кеткен
адамдардыкүлүмсүрөй тосуп алып, ар бирине агынан жарыла, мээримин төшөп
тургансыйт.
Тигине,көпчүлүктүн арасында кучагы толо кып-кызыл роза көтөрүп, а бирок эриндери
кеберсип, өңү чүпүрөктөй кубарган бир адамды эки жагынан жөлөп-таяп, жетелеп
келатышат! ...
Бутужерге тийип-тийбей, ортодо сүйрөлүп, эс-учун жоготуп келаткан шол адам –
Канаттынатасы, Дайыр!
Арманкүн десең! Ата өз баласын канчалык жакшыкөрсө, Заринаны да ошончолук
жакын,жанындай көрчү эмес беле! Жандилиндежапакеч кызына жалынып: «Айланып
кетейинаруу кызым!» – деп өзатадай эбедейи эзилип атчу. Уулунун бактысына
бажырайганбаёо, акыл-эстүү, эң эле жароокер,камкор кыздын кабылганына каниет
кылчу!Эми ошол эки «эгизинен» тең айрылып, шорго малынып атса кантет, катыгүн?!
Биржолу уулу кыпкызыл розаларды көтөрүп алыптыр болчу:
–Атаке, караңызчы?! Кандай экен? – деген бапыраңдап.
–Чын эле жакшынакай экен. Бул кимге? – атасы кимге экенин баамдап турса да сурап
койгон.
–Заринага! Бул анын жакшы көргөн гүлү! – деген уулу.
Ошолрозаларды кайра-кайра жыттап, көздөрүн күлмүңдөтүп узап бараткан уулун
атасыкөпкө чейин сыймык менен караган.
– Апаке, мен кийин жалаң кызыл розалардан гүл бакча жасайм! – дептир болчу
апасынабир ирет. – Билесизби, эмнеге?
–Эмнеге? – деген Гүлнара чын эле ынтызарлана.
–Анткени кызыл розалар – болочок келиниңиздин жакшы көргөн гүлү.
Ананда, Канат өзүнүн апасы менен Заринанынтуулган күнү бир күнгө туш келип
калганынакубанар эле:
– Кандай жакшы, ээ? Экөөңөрдүн туулганкүндү кийин дайыма бирге тосот
турбайбызбы, – дечү.
Мына-мынажыгылып кетүүчүдөй темтеңдеп, теңселип араң басып келаткан Дайыр
ушулардыойлоп келатты:
– Уулум! Мен сенин Заринаңа, ар дайым кызылрозаларын алып барып турам!!! –
дедиуулунун гүл кучактап, күлмүңдөгөн элеси көз алдына тартыла калып.
Экибетин салаалаган көз жашы жууп, ыйга муунган Дайыр боз үйгө жетип-жетпей,
Заринанынсүрөтүнүн алдына бөк түшүп, чөгөлөп отурду да, бооруна кыскан беш жүз тал
розагүлүн өтө аяр, өтө урматтоо менен коюп, көпкө чейин, кызга таазим этип, экиийинин
солкулдатыпыйлап отурду.
Гүлдүнтең жарымын боз үйдүн ичине киргизип, сөөктүн аягына койдурушту.
Ошентип,ошол күнү маркумдардын шаарчасына – жалган дүйнөдөн жоготкон
жанбирге,жакын адамын издеп жап-жаш, кудум тирүү кездегидей кош кареги жайнап,
күлүмсүрөгөнжакшынакай, аруу кыз келди. Келди да, ашыгынан эми эч качан, эч качан
айрылбастыгынаыраазы өңдүү, Канатынын жанына, ал жамынган кара жердин бир учун
жамынып,суналып жатып калды!..
** *
Экиашыктын аз өмүрдүн, арзуудан тапканбактылуу да, армандуу да таржымалы
тууралууушул аңыз ошондон кийин ылдам эле элди аралап, узун элдин учуна кетти.
Ыйлабаганжан калбады!..
Адамдарармандуу бу тагдырга аза күтүп, кайгырып да, кайра ошончо башты бийик
көтөрүп,атамзаманда адам баласы менен кошо туулган ыйык сезимдин бүгүн да бар
экендигинеканиет кылып атышты:
– Капырай! Сүйүүнү жок дейсиңер! Мына – сүйүү! Ал эч качан жок болбойт! Сүйүү
жашайт,сүйүү бар! Сүйүүнү майдаланып, ыпыластыкка айланып кетти дейсиңер! Көрсө,
жаңылыпсыңар! Мынакей, ага далил! Сүйүүнү дене кумар, жанкумардын көз ирмемдик
ырахатыдейсиңер! Жок, сүйүү бу жашоонун бардыкырахатынан ыйык! Ал – руханий
улуулук!
Ошондонкөп узабай эле кыргыз адабиятынын алтын казынасына сүйүүнүн улуулугун
даңазалаганжаңы каармандар, жаңы дастан, чыгармалар кошулду. Көкүрөк дарты, көз
жашынансыя жасап, аза менен арманга жүрөгү ууланып, муңканып отуруп жазган
СооронбайЖусуевичтин «Канат менен Заринасы» окурмандар арасында колдон-колго
өтүпокулган, жандүйнөлөрдү жашытып, ошону менен катар эле аруулукка, адалдыкка,
махабаттынбийиктигине чакырган парасаттуу чыгармага айланды! Жыл айланбай бул
дастанбашка элдердин адабий казынасынан да орун алып түрк, орус, тажик жана башка
бирканча тилге которулду.
Аларчыныгы турмуштан алынган, жалганы жок тарыхый бу чыгарманы тегин жерден
сүйүшпөдү! Өз элинде, өз урпактарына махабатты даңазалап, анын улуулугун даңктап,
рухдүйнөлөргөжаназык кылуу үчүн алышты.
Агаудаа эле эки ашыктын кыска, нуска өмүр-таржымалы, армандуу да, ак сүйүүсү
тууралууондогон акындар чыгармаларды жаратышып, ондогон обондор оболоду. Эл
артистиНасыр Давлесовдун реквиеми оркестрдин коштоосунда, кыргыз искусствосунун
небир чеберлеринин аткаруусунда чоң сахналарда жаңырып, мини-спектаклдер, бийлер
жаралды.
Бул,албетте, өлүмдү даңазалоо эмес! Тескерисинче, андан да бийик, андан дагы ак,
чыныгы,таза махабаттын бар экендигин даңктоо! Сүйүү үчүн, сүйүүгө чын татыктуу жигит
Канатыүчүн кырчындай кезинде кыйылган кыз – ал тирүү! Ал өзү менен кошо Канатын да
кайратирилтип алып аалам кезип, жер кезип ырдап кетишти!
Өлбөстүккө айланып арабызда, жүрөгүбүздө, куштай учканмезгилдин канатында
жашап,алар кылымдардын канча бир кырын ашып, түбөлүккө жашатат.
Канатменен Зарина жаткан жер бүгүн эле МАХАБАТТЫН МАЗАРЫНА айланууда.
Андайболсо, сүйүү үчүн, сүйгөнү үчүн Зарина кыз жан кыйган -январь – СҮЙҮҮНҮН КҮНҮ
экендигинким танат?
** *
Ата-энелерат тезегин кургатпай, Канат менен Заринанын «айлына» тез-тез каттай
беришет.Балдар бар кезде, куда-сөөк боло элек кезде бири-бирине сый мамиледе болсо,
эмиалар чындап эле чырмалышып, бири-бирине ичтери ысып имерилип, ымалашып
калышкан.
Биркүнү таң эрте келишсе, Зарина каза болгон жерди айланчыктап, колуна чака
көтөргөнтестиер бала жүрүптүр.
–Мында эмне кылып жүрөсүң? – дейт Клара-апа таң калып.
–Заринанын багын актап атам, – дейт бала.
–Неге?
Булараны азыр айыпка жыгуучудай буркуюп, жер караган бала анда: – Анткени, бул...
ыйыкбак да, – дейт.
Жеңишменен Кларанын көздөрүнө жаш тегеренипкетти. Алардан жеме укпай
турганынакөзү жеткен бала ошондо гана жайдаңдап:
–Бул жерди биз дайыма карап турабыз, – дейт. -Антпесек, бу тегеректе мал көп.Алар
гүлдөрдүжеп коет. Анан да апамдар, атамдар, баары эле келип куран окуп турушат.
Ошолбакта куушуп ойногон эки апакай көпөлөктү кыздын ата-энеси келген сайын
көрөт.Ар дайым, алар келген сайын кош чымчык ошол бутакта безилдешип, кубулжутуп
сайрапаткан болот. Атүгүл, тегереги тосулганошол белгинин айланасында башкача бир
кооз, үлбүрчөк назик гүл жайы, кышы менен мөлтүрөпгүлдөп турду... Анан калса, ал
жердегүлдөр жалгыздап, же болбосо топ-топ болуп эмес, эки-экиден жупташып өсүшөт.
Заринагүлдү сүйүүчү: «Гүлдөр өтө сезимтал. Алар назик, анан да алар эч качан
адамдыалдабайт! – дечү ал. – Алар адамдын тилин, дилин түшүнүшөт. Алар кубанышат,
кайгырып,ыйлашат. ..»
Менин үстөлүмдө азыр Заринанын Канатка жазган дагы бир каты жатат. Аны мага
КлараДосматовна жанараак эле берди:
«Гүлбар жерде – аруулук,
Махабатбар таптаза!
Ишен,жаным,
Алар– тирүү, алар ыйык башкача!
Сөздагы айтып жеткире алгыс сүйүүнү,
Анандагы –
Сенижүрөк эч убакта кыйбасын,
Аларгана айта алышат, кымбатым! ..
Каник!Туулган күнүң менен!
Менсени ушунчалык – ушунчалык сүйөөрүмдү
жанаар дайым сени күтүп, сагынаарымды, сен деп жашап жүрөөрүмдү билсең экен...
СенинЗайкаң, . . 000.»
Заринаказа болгондон кийин, анын өз үйүндө, гүлгө байланышкан бир таңкалыштуу
окуяболуп өттү.
Эртеңменен туруп карашса эле, Заринанын портретинин алдына коюлган ак, кызыл
гвоздикаларжарым кулачтай алыстыктан бири-бирине мойнун созуп, кудум кучакташып
алыпыйлап атышкан сымак, бири-бирине беттешип, чапталышып алышыптыр. Анан да ак
гүлкызгылтым түстү, ал эми, кызыл гүл агыш түстү өзүнө сиңирип алганычы?! . Укмушэле
бул!
Канатменен Заринага байланышкан ушундай укмуштуу, таңкалыштуу окуялар алар
өлгөндөнтартып, ушул күнгө чейин кандайдыр бир жакшылыкка, сүйүүнүн жаралышына,
асылдык,пакизалыкка чакыргандай тирүүлөргө сыр берип, кез-кез кезиге калыпкелатат. ..
Заринаким бирөөлөргө калем карматып, ыр жаздырат экен...
Ыйыккыздан аян болуп, ыр кураган ошол жандар буга чейин колуна калем кармап, эч
убактаэки сөздүн башын курап көрбөгөндөрүн айтышат.
– Таңкы саат төрт экен... – дейт НатальяВасильевна. – «Наташа, калемсапты колуңа
ал!» – депкайдан-жайдан мага тааныш, жагымдуу үнугулду. «Зайка?!.» – дейм уккан
кулагымаишенбей шашкалактап. «Жазгының! » – дейт ал. Уйку-соонун ортосунда калем-
кагазымдыколума алып, күтүп калдым... Эмнегедир, аларды ошол күнү башыма коюп
жаткамын.
Аңгычаэле көкүрөгүмдү тээп, мен эзелиойлобогон, укпаган дагы, жашоо-өмүр
тууралууойлор, ыр саптары куюлушуп келе баштады... А мен аларды араң-араң жетишип,
кагазымакөчүрдүм. . Эртең менен ушунчалык сергек, жеп-жеңил ойгондум да: «Жана мен
түшкөрдүмбү же чын эле ыр жаздымбы?» – дейм. А бирок, чындап эле дептеримдин
бетиндеушундай ыр саптары калыптыр:
«Чексиздиккекайып болуп,
Булжашоодон алыстап,
Кеттиңузап! ..
Кандайкайгы!
Тагдырмынча табышмак?!
Жалбырактаршуудурашат,
Шооратыбы, жамгырдын?
Жандүйнөмдөжоготуу, муң –
Сенденкантип айрылдым!
Бүгүнбарбыз,
Эртеңжокпуз неге биз?
Билбеймнеге жаралабыз, өлөбүз?
Кимкүнөөлүү –
Жазатаюу, жаңылуу,
Жанада не,
Өксүпкүз жаш төгөбүз?
Өкүнсөкда
Келбейтбирок өткөндүр,
Каталарда
Кайраэч качан түзүлбөйт!
** *
Кучагындасагынычтын, кусанын,
Сенденалыс,
Алыс-алысузадым!
Анткенменен абай салып, айланып,
Айрылаалбай,
Арубак саа арбалып,
Жалбырактайкалкып учуп асманда,
Тегеренемсени санаа басканда.
Менушуну салтка айлантып алгамын,
Жазгыжелге айланам да айдарым,
Саамайыңданэркелетип өбөмүн,
Жолдоруңаак жарык нур төгөмүн.
«Кимсиң?»– дейсиң,
«Периштеңмин, сени дайым коргогон! »
«Каяктасың? »
«Кайдаот жанса,
Ошолжакта мен болом!..»
«Сүйүм!Сенчи?
Бирбелги бер, өтүнөм?!.»
Амен шамды,
«Үлп!»эттирип өчүрөм!..
-март, 00-жыл»
** *
Дагыбир ажайып кызык – туулган күнүндү Зарина-кыздын ата-энелерди дарбыз
менентосуп алганы! Бул окуя мындайча болгон.
Чоң-Арыккөрүстөнүндө корукчу болуп иштеген Алихан күндөрдүн биринде эки
жаштынкүмбөзүнүн башында өскөн дарбызды көрүп таң калат да, ким бирөөлөр жулуп
кетпесиндеп үстүн чөп-чар менен жаап коет.
Дегиэле бул тегеректе дарбыз өскөнүн, же кимбирөөнүн өстүргөнүн ал уккан да,
көргөнда эмес. Кандайча болуп бул дарбыздын өсүп калганы аны айран таң кылат.
Ошентип,дарбыз күн санап чоңоюп, чатырап чоңое берет. Заринанын туулган күнүнө
келгената- энелерди Алихандын жаңылыгы абдан таң калтырат. Дарбызды өз колдору
менен үзүп, ошол жерден союп, куран окушат...Чындап эле өрттөй кып-кызыл бышкан,
муп-муздак, болуп көрбөгөндөй ширин дарбыз Заринанын аларга атайын арнап жазган
жайылдастаркону сыяктуу сезим калтырган... .
Ананкалса, апасына ар дайым Зарина кыз ак булуттардын арасынан көрүнө берет.
–Жеңиш, карасаң Заринаны! Тигине, – дейт эне.
–Койчу, Клара! Мен эч нерсе көрбөй эле турам! – дейт ал.
Дагыбир жолу, кеч күздө экөө эс алганы көлгө барышат. Эненин эсинде качан
болбосункызы жүрөт да, ошондо да жалгыздап келатып: 0
–Зайка, Закуля, эгерде сен азыр мени көрүп, туюп атсаң... Эгерде сен чындап элебар
болсоң,анда мага кандайдыр бир белги берчи? – дейт. Айлана-тегеректе бак-дарак түгүл,
биркөл, бир кумдан башка эч нерсе жок эле. Аңгыча кайдан-жайдан калкып учуп келет
да,сары-кызыл жалбырактын алаканына конуп атканы! Эненин жүрөгү «дирт» эте түштү:
– Закуля! Алтын кызым, менин! Ишенем, сен ардайым менин жүрөгүмдө эле эмес,
жанымдасың берекем!.. Мен ар убак сенин шыбыртыңды, шооратыңды туям! Өзүңдү
сагынып,сабыркаган жаныма кайра өзүң кайрат, дем берип келесиң, кереметим! .. – эне
жалбырактыэрдине тийгизип, бооруна кысты...
Абирок, ушундай окуя, белги болгонуна Жеңиш дагы эле ишенер-ишенбесин билбей
турду.
–Бая күнү ар кайсыны ойлоп, кызымдынкылык- жоруктарын эстеп, капаланып атып
уктагам.Түн ортосунда эле... уктап атсам эшик кыйч этет. Ойгонуп кеттим. Демимди
ичимекатып, эшик жакты карап жатсам, ким бирөө акырын ачып аткандай дагы ошентти.
Эмнегедиржүрөгүм кубанып, «болк» дей түштү. Чындап эле, кызым тирүү кирип
келаткандайордумдан ыргып туруп, жарыкты күйгүздүм. Ашканага өтүп барып
дарстарконгокызымдын жакшы көргөн тамак-ашын, анын ичинде алмасын коюп, өзүм да
шашпайотуруп чай ичтим...
Эмнегедир, ошол учурда чындап эле менин жанымда Зайкам отургандай сезилип
атты.Эми элеки кайгы-капам жуулуп, көңүлүм көтөрүлүп, кубаттана түшкөнсүдүм, – дейт
эне.
–Апама барып айтып коюңузчу, – дептир бир жолу чоочун эле бир аялдын түшүнө
кирип,– Апам ыйлабасынчы, мен жакшы элемин...
Ошондонкийин Клара-апа ыйлаганын койгон.
–Канат экөөбүз уулдуу болдук. Жети ай болуп калды... Апама сүйүнчүлөп койсоңуз! –
дегенэкен дагы бирөөгө аян берип. Аппаккийинип, абалкысындай эле эки ууртунан
күлкүсүтөгүлүп, колуна торолуп калган эркек баланы көтөрүп алган имиш.
Айткандайэле, эки ашыктан, Жараткан Теңирден аян болуп келген ошол наристе азыр
эмгектеп,кас- кас туруп басып калды...
Булда өзүнчө бир чийеленишкен, кызык окуя. Уулу өлгөндөн кийин жоготуу азасына
кошул-ташыл, Гүлнара катуу ооруп калды.
–Жатынды операция жасаш керек! – деди дарыгерлер бир ооздон. Бирок эле бир
күнү:
–Операцияга барбасын! Анын жети айлык боюнда бар. Кудагыйыңа айт! – дейт Роза
аттуукөзү ачык Клара Досматовнаны чакыртып:
–Анын үстүнө бул жөн бала эмес, Канат менен Заринанын рухунан бүткөн касиеттүү
бала!
Ошолкүндөрү Зарина да: «Апама айтыпкойгулачы, мен -үйдөмүн,» – депдагы
бирөөнүнтүшүнө кирет. Ошондон бери: «Бул деген сан эмне болду экен?» – деп Клара-
апатүйшөлө берер эле. А көрсө Зарина аны дагы жөн жеринен айтпаптыр... Анын сыры
кийиначылып атпайбы!
Клара-апаРоза эженин айткандарына бирде ишенсе, бирде ишенбейт. Ишенейин
десе,эки эле кат болуп, эч кандай ичи билинбеген Гүлнара канча дарыгердин көз
алдынан өтүп, канча аппаратка түшүп, ошонун негизиндедиагнозу коюлуп атпайбы!
Ишенбейиндесе, бул аял аябай эле ишеничтүү айтып атат. Анын үстүнө өгүнү эле Зарина
кимбирөөнүн түшүнө кирип: «Канат экөөбүзбалалуу болдук!» – деп атса?!. Акыры,
эмнесиболсо да көрө жатарбыз деп, Розанынкабарын кудагыйына айттырат. Анткен
менен,Гүлнара ага адегенде макул болбой, атүгүл капа болуп, таарынып да калат:
–Каяктагы жети айлык бала? Менин эч кандай боюмда жок! Мени эмне, тамашалап
атасыңарбы? Ошол эле жетпей атты эле! – дейт ал.
Клара-апачындап эле оңтойсуз абалда калат. Роза эже болсо, кайра да айттырат.
Ошондогана Клара Досматовна өзү барып:
–Гүлнара, сен балаңдан айрылсаң, мен да баламдан айрылдым. Экөөбүз бирдей эле
азаптартып, аза күтүп турабыз. Бир жолу менин айтканыма көнүп койчу? Акыркы жолу,
дагыбир жолу жакшылап текшерилип көрчү? – деп атып акыры ынандырат да,экөө
шаардагыэң күчтүү, эң жогорку квалификациялуу деп саналганмедициналык
борборлордунбирине барышат.
Текшерүү учурунда эле... Мына укмуш! Аппараттынэкранында колу-бутун
тарбаңдатып. ..эркек бала жатат! Атургай ал кимдир бирөөлөрдүн өзүн карап, тынчын
алыпатканын билип аткандай чукуранып, көздөрүн бүлбүлдөтүп ачып-жумуп атканы!..
– О, Кудай! Сүйүнчү, Гүлнара?! Биз уулдуу болотэкенбиз! – деген Клара-апанын
кубанганданжүрөгү лакылдап, карегине жаш толупкетти. А бирок баланын апасын
ишендирүү, ынандыруу оңойго турган жок!
–Андай болсо ичим чоңоюп, кандайдыр бир белгилер болот эле го?! – дейт ал.
Айткандайэле, ал качан ошого муюп, макул болгондон кийин гана, эки-үч күндүн
аралыгындакурсагы кадимкидей жайылып, чоңойгону! .. Кандай жакшы?! Кандай
кубаныч! Кудайдын сүйүп берген белеги бул!
Ошондонэки ай өтүп-өтпөй эле Канаттынапасы – Гүлнара алмончоктой уул төрөп,
Сооронбайата наристеге Аян деген ысым ыйгарды. Ал эми Зарина айттырган « » деген
сан– ал Аяндын туулган күнү – -июнь экен!
А бирок, бул жашоодо ар адам өзүнчө жалгыз! Шааркүл апа кенедейинен жонуна
көтөрүпбаккан тун небереси, жанбиргеси Канатынын кайгысын андан ары көтөрө алган
жок!..Канатынан айрылган алгачкы күндөн тартып эле абалкысындай боло албай, аздап-
аздапалы-күчүнөн тайып, азайып отуруп... акыры бир күн балдарынын аркасынан өзү да
кайрылгыссапарына аттанып кете берди!.. Сооронбай ата, бала-бакырасы, жакын урук-
туугандарыэле эмес, ошентип кыргыз адабияты, маданиятынын өкүлдөрү да асыл
апабызданайрылып, аза күттүк! Айрыкча, поэзия жанрын туу туткан акын кыздар үчүн
Шааркүлапа ким эле?! Ар бир жолу «төркүлөп» барганыбызда апабыз агынан жарыла
кубанып,кучагын жайып тосуп алуучу да, берерге ашын, айтаарга сөзүн таппай, ар
бирибизгеайланып- тегеренип, энелик мээрим менен эркелетип:
–Айланып кетейиндер! Садага болоюндар! .. – деп жалынып-жалбарып, өпкө-жүрөгүн
чаапатуучу.
Олда,кайратыңдан кагылайын асыл ай! Сооронбай атабыздын айкөлдүгүн айтам...
Кабыргасыкайышып, канчалык катуу кайгырып, кан жутуп атса да бала-бакырага кайрат
берип,калдайып караан болуп, бармактайынан баш кошкон байбичесин узатуу расмисин
ырастап,бары- жогунун башында турбадыбы! ..
** *
Кечээ,жакында эле акын Бактыгүл Чотурованын «Сагыныч» аттуу ырлар жыйнагы
жарыккачыкты. Бактыгүл эжемдин кубанганын сурабаңыз! Ал да өзүнчө бир айкөл, асыл
адам!
Эжемдинкарегинде кылгыра түшкөн жашты көрүп, менин да ыйлагым келип кетти.
Эжекемэкөөбүз бири-бирибизди карап, кайра кытылдап күлүп атабыз...
–Эже, эмне болду? – десем кайра ал мага:
–А сага эмне болду? – деп коет.
Бул– кубанычтын көз жашы эле. Акын үчүн китебинин жарыкка чыгышы – сөз менен
айтыпжеткирүүгө болбой турган ырахат!
–Сооронбай агай менен Клара Досматовнага рахмат! – деди эжем. – Алар болбосо,
булкитеп качан чыгат эле?! Чыгат беле?!.
Айткандайэле, бу күндөрү «Канат менен Зарина» фондуна ыраазычылык билдирген
таланттаркөп. Өзүнүн уюшулганына аз эле күндөр болсо дагы фонд канча бир автордун
китебинжарыкка чыгарып, композиторлордун концерттерин каржылап, искусствонун
кайсылтармагында болбосун чыгармачыл адамдарга колдоо көрсөтүп келет.
Оюнабир нерсе түшүп кеткендей бир убакта эжем:
–Жүрү, Сооронбай агайдыкына барып, китепти көрсөтүп келебиз? – дейт. Колунда –
«Сагынычтын»мукабасы али даяр боло элек биринчи экземпляры.
–Мукабасы чыкканда баралыбы? – дейм.
–Жок! Бара береличи... – дейт акын эжем.
Бизкелсек, Сооронбай агай иштеп отуруптур. Эжемди куттуктап, мени да: «Китебиңди
аяктапкалдым деп атасың, куттуктайм! » – деп бетимден өөп, жылуу кабыл алды. Агай
тынымсызиштеп, канча бир чет элдик поэзия өкүлдөрүн которуп, басмага даярдап аткан
экен.Эмки жылга өзүнүн ырларын да басууга берерин айтты.
Агайаркы үйгө кирип кеткенде эжем мени муңая карады:
–Шааркүл апа эсиме түшүп кетти... – деп.
Мендагы үйдүн ичине тегерете көз кырымсалып, Шааркүл апа менен Канат азыр
көрүнөкалуучудай боло бердим...
КайтаарыбыздаСооронбай Жусуевич тартмасынан конфет алып чыгып, чөнтөгүбүзгө
салды.
–Агай бизди кичинекей баладай эле көрөт, – деди эжем сыртка чыкканда күлүп...
Биринен-бири өткөн ушундай асыл адамдардын арасындажүргөнүм менен ичимде
сыймыктаныпбараттым.
** *
Күндөрдүнбир күндөрүндө Зарина апасынын түшүнө кирет:
– Апа, сиз алып берген ак мончогумду эч кимгебербеңиз. Аны Наташа күйөөгө
чыккандатагынсын.
Ошондонкийин эненин ою ордунда эмес: «Эми эмне кылам? Мен аны эчак эле
бирөөнөкармата койбодум беле...» – дейт. Акыры, ордуна башка мончок алпарып берип,
Заринаныкынкайра апкелип коеюн деген чечимге келет. Бирок, бир күнү Заринаныкына
барсаэле, баягы мончок үйдө турат дейт!
–Ай, муну мен бирөөнө бербедим беле?! – дейт таң калган эне.
– Сиз берген башка. Ал – Канат алып берген мончок болчу. Бул – сиз алып берген
мончокэмеспи, – дейт Наташа. Ал абалкысындай эле, куран окутупкелип- кеткендерди
тосуп,Заринанын буюм-кечелерин ирээттеп, үй-жайын жыйнап-тазалап бул үйдө. Эненин
ошондогубир кубанганын сурабаңыз!
Көпөтпөй эле Наташа чиркөөгө камынат. А бирок, ал сыйынууга эзели барып көргөн
эмес.Деги эле чиркөөгө баруу буга чейин анын үч уктаса түшүнө да кирбептир! Бирокэле
жүрөгү ээленип, баргысы келбей атса дагы кандайдыр бир күчкө жетеленип, чиркөөгө
жөнөйт.
Ошолчиркөөдөн ал бир жигит менен таанышат. Экөө тең адегенде бири-биринен көз
алаалбай арбала калышат. Чыгып баратканда жигит анын атын сурайт. Экөө аялдамага
чейинкобурашып келишет. Наташанын баамында ошол жигит кандайдыр бир сырдуу,
оорбасырыктуу, ойлуу эле. Айлана-тегерекке абай салып, ким бирөөнү издеп аткансып
элесезиле берген. Ушул сырдуу жигит тууралуу Наташа келип эле Клара Досматовнага
айтат:
– Эмнеге экенин билбейм. Мунун баары тең кандайдыр бир... менин эркимден
тышкарыболду. Мындай жолугушуу, мындай сезим болот деп эч качан күткөн эмесмин.
Анын үстүнө, анын көз карашы бир башкача сыйкырдууэле. .. Ал көздөр менин акыл-
эсимдитаптакыр ээлеп алгандай! .. Анан да, ал жигит мага түшүнө кирип, Бишкекке
чакыраберүүчү, өзү эч качан өңүндө көрбөгөн бир кыргыз кызды издеп жүргөнүн айтты.
Таңкаларлык! ..
Ушунданулам Клара-апанын оюна бир нерсе «тык» эте түштү:
–Наташа, бул баягы-баягы, сага Зарина айткан жигит эмеспи?
Эсиңдеби,ал сени күйөөгө өзүм берем, жигитти өзүм таап берем дечү эмес беле?
Түшүмөкирип, мончок тууралуу айтканычы?
–Билбейм, – деди эмнегедир жүзү тамылжый түшкөн кыз ийнин куушуруп.
– «Ошол биринчи жолугушууда менинкөйнөгүмдү кийип бар» дегениэсиңдеби? –
дедиэне.
–Эсимде...
Анткенменен Наташа Заринанын кай көйнөгүн кийерин элестете алган жок. Анткени,
кийимининдээрлик көбү элге тарап кеткен. Анын үстүнө, Зарина көп учурда шым кийер
эле.Анын саналуу, бир-эки эле көйнөгү болотурган. А бирок, буга да жооп табылды.
Кайсыбир күнү кыз Заринанын кийимин кайра да бир ирээттеп, жыйнап атып анын көк
сарафанынтаап алды. Буга чейин көйнөктүн кай жакта жашынып жатканына таң берди
кыз.Кожойкесинен алда канча сөөк-саактуу экендигине карабай, атайылап ага арнап
алгандайчак келип калганын айт!
Аларкайсы бир кафеден жолугушмак. Эмнеси болсо да көрөйүнчү деп, Заринанын
сүрөтүн өзү менен кошо алып, жолугушууга чыкты. Вадим аны күтүп отуруптур.
Эмнегедир, Наташа кирип келгенде эле нес болгон адамча көз ала албай, аңкая тиктеп
калды.
–Наташа, кечирип койчу, бирок... алиги менин түшүмө кирип жүргөн кыз да ар дайым
ушундайкөйнөк кийет, – деди.
Сыралдырбаганы менен, Наташанын келмеси оозунан ыргып кетти. Ушундай укмуш
болоорунал эч ойлогон эмес. Бирөө айтса да ишенбейт эле! Ошентсе да сыр алдырбай
отурду.Качан- качан ыгы келе калганда блокнотун барактап атып, «капысынан эле»
Заринанынсүрөтүн колунан түшүрүп алды. Аны алып бере коеюн деп эңкейе калган жигит
сүрөттүколуна кармаган боюнча эле... ката түштү!
–Эмне болду? – деди Наташа.
–Бул ким?! – деди Вадим жооп берүүнүн ордуна кайра өзүнө суроо берип.
–Зарина, – деди кыз. Анда тигил жигит:
–Мен издеген кыз ушул! – дебеспи!
–Койчу?! – чындап эле көздөрү алайды кыздын. – Кантип эле?..
–Ырас айтам! – кубангандан көздөрү жайнаган жигит, – Мен аны менен таанышуум
керек!– деди.
Наташаага Зарина жөнүндө болгонун болгондой кылып, атүгүл өзү тууралуу ушинтип
убадабергенин дагы айтып берди. Ошондо гана алар Зарина ал экөөнү атайылап
табыштырып, тааныштырып, бири-бирине жол ачып атканына ишенип:
– Бул – керемет! Бул – адамбаласынын акылын айран кылуучу укмуш жомок! –
дешти.Экөө ошондон кийин ысык-ынак болуп,сагынышкандай тез-тез жолугуша турган
болду.Кийин- кийин жигит эки-үч айга дайынсыз жоголуп кетип, күндөрдүн бир
күндөрүндө:
– Заринанын тилин албай коюп, аварияга учурапооруканага жатып чыктым, – деп
келди.Көрсө, окуя мындайча болуптур:
Алматыда, өзүнүн офисинде отурса эле, эшиктен Заринанынэлеси шашылыш кирип
келетимиш.
–Бүгүн Карабалтага барбай эле кой, – дейт кыз, -кырсыкка учурап каласың.
Аныменен сүйлөшүү кадыресе көрүнүш катары болуп калган жигит:
–Жок, барышым керек! Антпесем ишим үзгүлтүккө учурап калат! – депкараманча
ынанбай,жолго камынат. Ошондо кыз:
–Болуптур, тил албадың. Наристе бирок аман калат. Өзүң жаракат аласың, –дейт.
Жаштык – мастык эмеспи. Анын үстүнө Заринанын айткандарын дагы бир жолу
сынамаккажолго чыгат. Адегенде баары тең элеойдогудай өңдөнгөн. Атүгүл кайра
чыгаардаайдоочуга ишенбей, рулга өзү отуруптур. Ээн жол, алдыда да, артта да эч
машинажок болчу дейт. Аңгыча эле, кайдан-жайдан беш-алты жашар бала алдынан чыга
калып,андан качам деп машина аласалып, кабыргаларынан кан түкүрүп ооруканага
түшүп,эми-эми айыгып чыккандагысы экен бу.....у.б
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев