** *
Канатэкөө телефон менен сүйлөшкөндөн кийинЗарина саал санааркап калды.
Эмнегедиранын үнү, сөздөрү бүгүн ага демейдегиден башкача, кандайдыр бир
табышмактуутуюлду.
«Түндөэмнеге уктабады экен? Айткандайле, уйкуга мас окшобойбу, – деген ою кайра
көңүлүнтынчытып койду. – Эмнеси болсо да кечинде өз оозунан угам го...»
Абирок, ал күткөн кеч түнгө алмашып, анткен менен Канатынан алигиче дайын жок.
Эки-үчирет өзү чалса, албай койду. Эмнегедир, Заринанын ыйлагысы келди.
–Дагы таарыныштыңарбы?
Кожойкесининандайда канчалык азаптанаарын билген Наташа ушинтип сурады.
Заринаунчукпай, тек гана көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп, күлүмсүрөп койду.
–Мен ага такыр түшүнбөйм! – деди Наташа. – Ага кезиккени аябай эле азап тарттың,
канчажолу ооруп да калдың. Ал өзү деги кандай бала?! Чынымды айтсам, мен ошол
жигиттикөргүм келет. Ал бир көз боочу болуп жүрбөсүн? Же сыйкырчы эмеспи?!
Наташанынчын дилинен ушинткенине Заринанын чындап эле күлкүсү келип, ый
аралашкыткылыктап күлүп атты:
–Ал көз боочу да, сыйкырчы да эмес, –деди анан: – Ал деген... Ал деген!.. Атургай
аныайтууга сөзүм да жетпейт, Наташа! Ал бир асыл, бул жашоого бир келген белек, ал
менин – сагынчым, үмүтүм! Билесиңби,Наташа, мен тагдырга ушунчалык, ушунчалык
ыраазымын– мага ошол Канатымды жолуктурган күнү үчүн! Жада калса ошонун өзү дагы
бакыт,ырахаттай сезилет – аны сагынганым, таарынганым күнү-түн!
–Сыягы, мен бул теманы эч качан түшүнбөйт окшойм, – деди Наташа ийнин куушуруп.
– Качандыр бир, өзүң да мага окшоп чыныгысүйүүңдү тапканыңда, ошондо
түшүнөсүң.
–Мүмкүн...
«Алэртең сөзсүз чалат, – деди Зарина жатып атып да өзүн-өзү алдап. – Сыягы, дагы
элеойгоно элек окшобойбу. Бүгүн түнү түшүнө кирсем экен...»
АКанаты анда таптакыр ойгонбос болуп уктап жаткан!
Акыркыубактарда Зарина сабырдуулукту эш тутуп, жаман ойлордон жаа бою каччу
болгон.Деги эле бул анын бала күндөн келаткан мүнөзү. Бирок, «адамдын азыткысы
адам»деген чын белем, Канат экөөнүн махабатына кара санап, кастарын тиккендердин
аркандай аракеттеринен улам адамдарга, айлана-чөйрөгө мамилеси азыраак карарып
барыпоңолду.
«Бүгүнжолукпасак, эртең сөзсүз жолугабыз, – дедиал. – Эртеңдердин ары-ары
жагындабиздин ажайып күндөрүбүз бар! Ар мүнөт, ирмемдерден канат тагынып алып,
бизошол бийик, ыйык күнгө оболопбаратпайбызбы! Андан ары Канатым ар дайым
жанымдаболот. Каалаган убагымда карагат каректерине карайм, капкара чачтарынан
салаалап,кааласам жыргап-жыргап жыттап, кучагына жашынам!.. »
Абирок Канат эртеси да кабарлашкан жок. Кандайдыр бир жамандыкты сезген сымак,
жаныжай ала албай элеп-желеп боло берди кыз. Канатка кайра-кайра телефон чала
берип,акырында: «Урматтуу абонент! Сиз чалган номер өчүрүлгөн! » – деген жооп алды!
Эртесикүнү эртең менен эрте аэропортко барып, Оштон келген таянесин тосуп алды
Зарина.Кичинекей, чүкөдөй болгон байбиче жээн небересинин кыпкызыл «жоргосуна»
отуруп,жол бою Жаратканга жалынып, ыраазы болуп компойду. Зарина таенесин өз
үйүнөапкелип, ороп-чулгап отургузуп, ысык-ысык чай ууртатып, анда-санда ажыкыстана
тийишип,тамашалашып жыргап алды.
–Сиз эми кичине эс алып уктап алыңыз, апашка! Мен сиздин кызыңыздыкына барып
келейин.Же сиз да барасызбы? – деди Зарина чыгып баратып.
–Сеникинде эле калам! – деди таянеси да. – Эне керек болсо издеп келишээр!
** *
–Апаке! – деди Зарина эшиктен кирип келип эле. – Апаке, сүйүнчү, таянем келди!
Эне-балаэрмектешип, кыйлага баарлашып отуруп чай ичишти. Ошонун ортосунда да
жүрөгүсыгылып, ой-санаасы алда кайда оболоп учуп атты кыздын.
–Байбичеге качан барасыз? – деди кетип атып.
–Офисте азыраак жумушум бар, ошону бүтүрүп коюп кайрылам, – деди эне.
– Жарайт! – деген кыз жапакечтенеапакесин өөп, кайра-кайра жыттап, анан: –
Айтмакчы,кечинде өгүнкүдөй кылып, өз колум менен картөшкө кууруп бербесем... –
деди.
–Макул, жанбиргем, – деди эне күлүп.
Заринаөз үйүнө келип эле Канатты сурады.
–Чалган жок, – деди Наташа. Ындыны сууп, томсоро түштү кыз. Андайда бөлмөсүнө
кирипкетип, жалгыз калганды жакшы көрчү. Бу саам да ошентти. Көмкөрөсүнөн түшүп,
жаздыгынкучактап жатып, эмнегедир эле букулдап ыйлап алды. Ошентсе да көксөөсү
суубай,көкүрөгүндө кандайдыр бир түпөйүлнерсе өйүп турган... Көзү илинип кетсе,
түшүндөкоюу тумандын ичинде жүрүптүр. Кайдан-жайдан эле Канаттын үнү угулат:
–Зарина, каяктасың? – дейт ал.
–Сенчи?! Кайдасың Канат?! Мен сени таппай атам?!
Үнчыккан тарапка колун сунат кыз.
– Зарина, мен сени күтүп атам, келипкетчи? ! – дейт да ашыгынын үнү алыстап жок
болот.
Чочуптуруп эле телефон чалды кыз. Канаттын чөнтөк телефону иштей элек экен. Үйү
болсоэмнегедир албай койду.
– Закуля, сени телефонго чакырып атат, – дедиаңгыча Наташа баш багып. – Эмне
дейин?Барсыңбы же жоксуңбу?
Демейде:«Мен Канаттан башканын баарына «жокмун»! – дечү кожойкеси бу саам
анынким экенин да сурабай, трубканы шашылыш ала койду:
–Алло?!
Телефончалган Алима экен: 0
– Зарина?.. – деген менен ал андан ары эмнеайтаарын унутуп калгандай саамга
буйдалатүштү:
–Зарина?..
– Эмне болду? – деди анын добушунан кандайдырбир жамандыкты туйган өңдүү,
ансызда араң турган жандүйнөсү эңшериле түшүп.
–Канаттын. .. – деген кыз же «арты кайрылуу болсун» дей албай, же «өлгөнүн уктуң
беле?»дей албай кепке какай түштү.
– Эмнени айта албай атасың? – дедиЗарина ичинен канчалык чый-пыйы чыгып,
чыдамыжетпей атканы менен токтоо, салмактуу унчугуп.
–Зайка, – деди Алима бу саам да шыр кете албай, – Канаттын...
–Эмне Канаттын?! Батыраак эле айтчы, бай болгур?!
–Сен Канаттын... өлгөнүн уккан жок белең?!
– Ыя-а?! – деп бир катуу чочуп алды кыз.Уккан кулагына бирде ишенип, бирде
ишенбей,саамга эс-учун жоготпой эңгирей түштү. Кулагы чуулдап, заматта жер ага астын-
үстүнболуп кеткенсиди.
– Эмне дейсиң?! – деди «балким каңырыш угупалдымбы, ылайым эле калп болсо
экен»деп үмүт учкуну бир жылт эте түшкөн кыз. А бирок:
–Эки-үч күн мурун эле каза болуптур. Эртең жайына коюшат экен!.. – деди курбусу
бышыктап.
Заринанынколунан телефону түшүп кетти! Бир эле заматта өзгөрүлүп, ушунчалык муп-
муздакболуп, болуп көрбөгөндөй мисирейип, бир чекитти тиктеп мелтиреген кожойкесин
көрүп,анын бир шумдук кабар укканын билген Наташа:
–Зайка? – деди шыбырап. – Эмне болду, Зай?..
«Селт»деп, ойдон ойгоно түшкөн кыз:
–Наташа, – деди эриндерин араң, алсыз кыбыратып, – Канат... менин Канатым каза
болуптур! ..
–А-а! – Наташа эмне дээрин билбей, алакандары менен оозун басып, көздөрү алайып
кетти.Мынчалык суук кабар угам деп эч качан ойлогон эмес!
БирокЗарина антип көпкө турган жок. Салаалапаккан көзүнүн жашын алакандары
мененарчып, өзүн-өзү токтоо, сабырдуу кармап, унчукпай күрмөсүн кийип, машинасынын
ачкычыналды.
–Мен кеттим! – деп чыгып баратып, эмнегедир артына бир «жалт» карап алды.
–Зайка, сен кайда?! – деп соңунан кыйкырганы менен Наташа жооп ала алганжок.
Гаражданмашинасын айдап чыкты да, Зарина түз эле Канаттын үйүн көздөй бет алды.
Алкелгенде Москва көчөсүндөгү -үйдүнэшигинин алдында эл көп экен. Машинасын
үйдөнобочороок, жол жээгине токтоткон кыз, короону көздөй басты. «Алима балким
адашып,жаңылып аткандыр?..» – деген акыркы үмүтү аңгыча бычырап, бырын-чырыны
чыгатүштү! Канаттын короосунда боз үйтигилип, боз үйдүн ичиндеги аялдардын
боздогоныйы сай-сөөккө жетип атыптыр. Зарина да аңгычакты:
–Кана-ат! – деп көмөкөйүндө бир катуу чаңырып алды! – Канат?!! !
Боз үйдүн сыртында кара тасма байланган сүрөттө Канаты аны азырааккүлүмсүрөй,
баягы-баягыкусалыгы ашып-ташыган каректерин жайнатып, кадала тиктеп туруптур!
–Келдиңби? ..– деп жандана түшкөнсүдү сүрөт.
Зарина өзүн араң-араң кармап, кайра эле ыкчам артка кайтты. Ачууарманга толгон
ачуучаңырыгын көкүрөгүнө көтөрүп, карегиндеги каканактаган ысык жаштан калкылдап
жолкөрүнбөй, жер айлан-көчөк болуп келатты.
Анынбу жерге келгенин Канатынан бөлөк эч кимиси билбей калды! Машинаны
алысыраакалып барып токтотту да, рулга өбөктөп жатып алып солкулдап ыйлап атты.
Булубакта Наташа Клара Досматовнага телефон чалды:
–Клара Досматовна, жаман иш болуптур! ..
Чочупкетти эне:
–Жаман ишиң эмне, кызым?!
–Канат... Биздин Канатыбыз каза болуп калыптыр!
– Эмне дейт, чунак кыз?! – депжүрөгү «зырп» эткен эне, эмнегедир кызын сурап
ийди:
–А Зарина каякта?!
–Ошол жакка кетти окшойт. Же сизге кеттиби, айтор айтпай эле чыгып кетти.
КлараДосматовнага заматтын ортосунда жер астын-үстүн болуп кетенсиди. Ошентсе
да өзүн сабырдуу кармап, Заринаны азга аярлапкүттү. Соткасына кайра-кайра чалса,
эмнегедиркызы алган жок...
Батэле анан Сооронбай Жусуевичтин үйүнөн дарегин сурамжылап таап, жанына
бирөөнү алып, көз көрсөткөнү чыкты. Билген кишиге алар турган жерКанаттын үйүнөн
анчаделе алыс эмес, беш-он мүнөттүк эле жол болчу. А бирок, «алдыраарда –
жаздыраар»болуп, алар Москва көчөсүнөн -үйүниздеп, тегеренип жүрүшкөндө
Заринаошол үйдүн тушунда туруп, алардын алдында эле жүрүп кетен.
Ананкалса, так ошол Зарина келген кезде, демейде эшикте турган Дайырдын да жок
болупкалганын айт!
КлараДосмтовна келип эле баланын атасын сурамжылады.
–Ал тигине, тээтигил турган жигит, – деп Дайырды көрсөтүп беришти.
– Кайрат кыл, Дайыр! – деди өзүнүн да өзөгүөрттөнүп турган эне. – Кантели, Канат
менинда балам эле!.. Айла жок!..
Ансайынбуркурап, сайсөөгү сыздап кетти атанын.
– Кайрат кыл, Дайыр! –деген эне кызын сурады.
–Жок, келген жок. Кабар айттырып, балдарды жөнөттүм эле, таппай атышат... – деди
уулдунатасы.
Эненинжүрөгү «зырп!» эти:
– Анда мен азыр келем... Зайка келип калса... көз салып койчу? – депшашылып
чыкканКлара Досматовна ошондон эле туш-тушка телефон чалып, киши чаптырып кызын
издейбаштады. ..
** *
Заринабу кезде Манас аэропортун көздөй көзгө илээшпеген ылдамдыкта кетип
бараткан.Баягы, Канаты экөө кубалашып, жарышып өтчү кара жол!
–Канатым менин! – деп баратты көзүнүн жашы тыйылбай, ыйлап бараткан кыз:
– Кайдакеттиң, Канатым?! Мен сени кайдан табам?! Каяктасың?! Биз эч качан, эч
убактаайрылышпайбыз дебедик беле?! Анда эмнеге жыргалынан жыласы көп бу
жалгангамени жалгыз таштадың?! Мен эми кантем, Канат?! Кантип сенсиз жашайм да,
кантипсенсиз күн көрөм?! Канатым, ай-й! Кайда сенин мен искеген илебиң?! Кайда
эриниңмен өпкөн?!
Кайдакөзүң, эркелете караган?! Кайда сөзүң, кайда жыргал добушуң, уксам кумар
тараган?! Кайда сүйүүң, уялаган жүрөктү?! Жек көрөм мен, сени менден ала качкан ач көз
ажалтүгөттү! !!
Борошолоп, тээ батыштан ызгаар уруп келди... Зарина эмнегедир, машиненин айнегин
ачты.Ачык терезеден ырылдап соккон шамал анын саамайын, чачын туш келди чачып,
каалашынчауйпалап, ырахаттанып атты. Ага деле кайыл болуп, ээ-жаа бербей салаалаган
көзжашын дагы арчыбай, барчу жери бар өңдүү каяккадыр зымырап,каяккадыр эле
бараттыкыз. ..
–Мен сага баратам, Канат! – деди оюнда. – Мени күт, жаным!
Бул 00 -жылдынянварь айынын он бири болчу.
Күнгөишемби. Шыбыргактап, суу аралаш кар жаап келди.
Жерменен жер боло жапырылып, көзгө илээшпеген ушунчалык катуу ылдамдыкта
бараткандыктан, атүгүл атайылып тоскон МАИ кызматкерлери да спорттук үлгүдөгү бул
кызылмашинанын айдоочусун эле эмес, номерин тактоого үлгүрө албай, аркасынан
кубалаганыменен караандап да койбой алда кайда калып атышты.
Кудумтирүү кездегидей чебелектеп:
–Зарина! Закуля! Анчалык катуу айдаба! Абайла! Токто! -дегендей Канаттын элесибет
маңдайынанэлес- булас булактап, көрүнө калып аткансыды.
–Сен мени эч качан таштабайм дебедиң беле, Канат?!
– Мени кечир,Зарина? Сага берген антымдыбуздум. Убадама тура албадым. Ак
никелүү жар болчу, биздин күнгө жетпей калдым! А бирок сен эсиңе кел! Сендагы
жашашыңкерек, Зарина?!
– Канат! Мага сенсиз жашоонун кымындай дакереги жок! Экөөбүз өлгөндө да бир
болобуздебедик беле?!
– Ал үчүн кечир мени?! Мен өлүмдүнмынчалык эрте келерин кайдан билдим,
Зарина?!
–Жок, Канат! Өзүңсүз өткөн өмүр курусун! Кара жердин алдына сени кантип жалгыз
жаткырам?! Кантип сени караңгы көргө жалгыз кыям?!Кантип гана сен жаткан боз
топурак,жердин үстүн тебелеп басып жүрөм?! Анте албайм, жаным! Анте албайм! Андан
көрөк,сен тарткан азапты кошо тартып, сен жамынган кара жерди жамынып, жаныңда
жатканымжакшы! Азыр барам, жаным! Аз-аз чыда, аз-аз күт!!!
Абирок, ошо саам жандалбастап, Жаратканга жалынып, өң-алеттен кетип, өзүн издеп
жүргөнапасынын элеси да көз алдына тартыла калды:
– Апаке-е! – деди көзүнүн жашы он талаа болгон кыз эреркеп да, өксүп дагы, -
Апакебай! Алтыным апакем! Биз Канаттан айрылып калдык! Биздин Канатыбыз эми жок!
Баягысындайтамашалап, баягысындай каткырып күлүп, ал мени эшигимдин алдынан
тоспойт! Келесоом десе, эмнеге анчалык шашты дейм да?!
Кызыңдыкечир, апа?! Өзүңдү кыйып, өлүмдү беттеп баратканым үчүн кечир?! О,
мениналтын апакем! Мен үчүн өмүр сүрүп, кара жаныңды карч урганыңды,эмчек
сүтүңдү,ак тилек, асыл ойлоруңду актабай кетет белем, апакебай?! Асылым апакем,
менин!Азабымды тарттырып, сени азапка салам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес!
Меникечир? ! Мен да сага ыраазымын, апаке!!!
Ошолтрассанын оң жагында, айылдан чыга берерде кыркаар тарта өскөн теректер
бар.Ушул жолдо баратып, Канат менен Зарина ошол бактарга ар дайым токтоп, эрикпей
ылдыйтүшүп барып, кызарып батып бараткан күндү карап, кыялданып тээ көпкө чейин
тажабайотура беришчү.
Ошолбактардын оң тарабы айдоо аянты. Андажаз-күз кылактап, кызыл-тазыл
кийингенкыз- келиндер иштечү. Аларды саксактап, чыт курсак балдар, секелек кыздар
сексеңдепойноп жүрүшөр эле. Сокосу жерди омкоруп, жүрүшү жерди солкулдаткан каз
тамантракторлор да бу жерге бир башкача көрк берчү. Аңтарылган топурактын,
шыбактынкеримсел жыты керемет эле! Куштардын кубулжутуп сайраганы эки ашыкты
кубантып,куштар кылчу.
–Мен ушул жерди ушунчалык жакшы көрүп калдым, -деген жигит бир күнү кызынын
белиненимере кучактап отуруп.
–Мен дагы, – деген Зарина. – Деги эле сени менен кайсыл жерде болбоюн, ошол жер
магабейиш!
Эсинеушулар келе түшкөн кыз так ошол жерге келгенде, оюна бир нерсе түшө
калгандайрулду ушунчалык чукул бурду.
Трассанынбийиктиги жерден эки метрге жакын өйдөтөдө болгондуктан, ансыз да
дөңгөлөгү жерге тийип-тийбей келаткан машина ошончобийиктикте калкылдап, абада
учупбаратты! ..
–Мен сага баратам, Канат!!! – Акыркы жолу оюна ушул келди. Эмнегедир ал азыр
жанагыдайыйлабай, тескерисинче баягыдан да башкача агынан жарыла күлүмсүрөп,
эмнегедиражарына чыга түштү. Чындап эле сүйгөнүнө бараткандай, тээ кайдадыр аны
Канатыкүтүп, адатынча кучак жайып, жаркылдап тосуп тургандай, мына-мына ал тарапка
учупкетүүчү өңдөнүп , ошо ирмемде өзү да бир талпынып алды...
Мунунбаары көз ирмемге да жетпген убакытта болуп өттү.
Аңгычакты, кыз айдаган ошол кызыл унаа бет алдындагы терекке урунуп «карс!» дей
түштү.Тамыры үзүлүп кетүүчүдөй чайпала түшкөнтерек түгүл, жер өзү да болуп
көрбөгөндөйбир катуу «солк!» этип алды, ошондо!
Теректинтак жүрөгүнө барып урунган машина бат эле ылдый шыпырылып түшүп, бир
милдеттенкутулуп: «Өх-х!» -дегендей дымырап, жерде жатты.
Заринанынжаны, руху ушунчалык шашылгандай, бир ирмемге да аярлабай, ошол эле
заматКанатын издеп, чексиздикке «Зым-м!» эткен боюнча учуп чыгып кетти!..
** *
Аварияболгон жерге ары-бери өткөн машиналартоктоп, заматта эл чогулуп калды.
Такошол маалда «Манас» аэропортунан келаткан Клара Досматовнанын кызматкерлери
даЗаринанын кырсыкка учураганын көрүп токтоп, апасына телефон чалышты.
Ошондонкөп өтпөй эле МАИнин, милиция органдарынын машинелери, «Тез жардам»
мененудаа эле жакшы санаалаштары, жоро-жолдош, бирге иштешкендери коштогон
КлараДосматовна да жетип келди.
Заринаныношондогу элеси, ошол сүрөт эненин көз алдында өчпөс болуп, өмүр бою
сакталыпкалды:
Машинаныналдыңкы, күбүлүп түшкөн айнегинен кудум азыр канат кагып, учканы
обдулупбараткан чабалакейге окшоп, Зарина белинен өйдө койкоюп чыгып, каяккдыр
кошкарегин жайнатып, күлүмсүрөп карап туруптур! ..
Аныношол турушу кол менен атайын жасап койгондой, өзгөчө бир көркөм болчу! Өзү
дапериштеге окшоп, башкача бир татынакай эле!..
Анынэч бир жеринде жаракат, кызыл-жаян кан тургай, чийин да жок болчу! Чачтары
дагыазыр эле жасагандай сыйда, ирээттүү эле!.. Ал эми анын көздөрүчү?! Ал
абалкысындайэле бадырайып, жууган карагаттай мөлтүрөп... бактылуудай бажырайып
турган!
–Зайка?! Заринкам?! – деп кызына умтулган Клара Досматовнаны:
– Акырын! Азыр сенин үнүңдү укса алаксып, карай коем деп бир жерин оорутуп
албасын! Көрдүңбү, кызың жапжакшынакай эле турат, – дешти жанындагылар токтотуп.
«Ырасэле.. .» – деди эне да ынанып.
Алдынала сүйлөшүлгөн боюнча Зарина «түшкөн»«Тез жардам» жөн гана, энени
убактылууалаксытуу үчүн үстүндөгү жарыгын жаркылдатып, чындап эле тез жардам
көрсөткөнүшашылып бараткандай алдыда «кыйкырып» келатты. Анын артынан калбай,
КлараДосматовна түшкөн машина барат! Аңгыча, сааттай болуп алардын унаасы бузулуп,
жолдотуруп калышса болобу! Эненин ошондогу чыйпыйынын чыкканы ай! А бирок анын
даатайын эле алдыңкы машинадан «адашуу» үчүн жасалган аракет экенин эне кийин
билипатпайбы!
Бирубакта:
– Адашып калдык! – депкалп эле жанындагылар шаарды кыдырып, ар кайсы
оорукананы«сүзгүлөп», Заринаны «издеп» жүрүштү. Акыры, үчүнчү оорканадан табышты.
Булубакта саат түнкү ондон эчак өтүп калган маал болчу. А бирок алар азырморгго
келгенинэне анда да байкаган жок?!
Алдын-аласүйлөшүлгөн боюнча:
– Азыр операция жасайбыз, – дедиак халатчан жигит чыгып. – Эки саатан кийин
келиңиз,эже, кызыңыздын акыбалын ошондо айтабыз...
Бирок,баары бир эле эненин жүрөгү ыйлап туруп алган!..
** *
ЗаринанынКанаттын артынан жан кыйганы тууралуу кабар ошол эле түнү Сооронбай
атаныкынаайтылды.
ОшондогуДайырдын боздогону, ай! Анан калса, кечээ эле көрүстөндөн бирөөнү –
уулуна,экинчисин өзүнө арнап эки орун алган, ал!
«Эртеби-кечпи, качандыр бир өлүм келет. Ошондо уулумажанаша жатайын!
Тирүүсүндөжаныма алып жүрө албадым. Жок дегенде тиги дүйнөдө жакын болоюн!» –
дегената. А бирок ошол жерге өзү эмес, Заринанын жатып каларын ата каяктан билиптир,
арман?!
– Айланып кетейиндерим, ай! Алдыңарга менкетсем эмне?! – деп сыздаган атанын
көзалдына балдардын баягы, Жылуу-Булактагы элестери биринен сала бири тартылып,
эс-учунантангычакты эчкирип ыйлай берип жүрөк оорусу кармап, оорукананын кайра
жандандыруубөлүмүнө түшүп калганын өзү дабилбей, тээ түндүн бир оокумунда гана
эсинекелди.
Ушулэле күнү эки жашты Чоң-Арыккөрүстөнүнө жанаша коюуга уруксат сурап,
Сооронбайаталар кыздын ата-энеси, урук-туугандарына киши чаптырышты.
– Болбогон кеп! Андай болууга эч качан мүмкүнэмес! – дешти Жеңиш
Есенжановичтинурук- туугандары. А бирок:
–Апасы чечсин! – деди кыздын атасы.
Тигилжак да, бул жак да демдерин ичине катып, эмне деген кеп-сөз чыгаар экен деп
КлараДосматовнаны карашты эле:
–Эки баланын бири-бирин сүйгөнү жалган беле?! – деди алды-артын аңдап, көкүрөк-
көңүлүндө көп нерсени салмактап көрө билген көрөгөч, кыраакы аял «кудалардын»
сунуш-суроосунколдоп:
–Заринанын Канат үчүн кырчындай жаш өмүрүн кыйып, Канатынын артынан кеткени
калппы?! Андай болсо, бул жалганда бири-бирине жетпей, бирге болбой калышса да,
аркыдүйнөдө бирге болушсун! Мен – макулмун!
Анынайтканын кубаттагандай, көпчүлүк бир толкуп алды.
–Ырас айтат!
–Кеп эмес бекен, атаганат! – дешти уккандар.
Абирок Клара Досматовна уул тараптагылардын: «Канаттын сөөгүн дагы бир күнгө
кармап,эки жашты бир күнү коелу», – дегендерине макул болгон жок:
–Жок, ансыз деле бала көбүрөөк кармалып калды окшойт. Бизди күтпөй, өз убагы, өз
маалындаэле кое бергениңер оң. Бир күндүн ары-бериси кайсыл? – деди. Бул акылды да
ким-кимисиоң көрдү.
Январдынон экиси.
Шыбыргактапакырын кар жаап атты...
Сооронбайатанын эшигинин алдында эл көп. Канат менен коштошууга келгендер
короогобатпай, көчөнүн тээ тең жарымына чейин быкылдайт.
Канатты«сууга» алышып, жаназасы окулуп:
–Канат кандай адам эле?! – деди молдо калайык-калкка кайрылып. Туш-туштан:
–Жакшы адам эле!
–Жакшы жигит эле! – деген үндөр чыкты.
–Уулумдун бересеси болсо менден алгыла, аласасы болсо кечтим! – деп эртең менен
эртеооруканадан чыгып келген атасы эки-үч ирээт жар салды.
Канаттыкөрүстөндү көздөй алып жөнөй берерде чучуктай чыңырды энелер:
–Ала ке-ет, кубатым?!! Кагылып гана кетейиним ала кет, мени?!! Кара жанымды гана
чабайынберекем ай, кара жердин астына кантип гана баратасың?! ! Астыңа мен кетсем
болбойтбеле кокуй!!! Ай, Кудай, ай-й!!! Ай, балам ай!!! – депнебересинин артынан
жүткүнүп,боорун тытып боздогон Шааркүл апаны катын-калачтар туш-туштан кармап,
жөлөп-таяпбоз үйгө алып кирип кетишти.
– Канатым-м! ! Жалгызым, ай!! Жан балам, ай!!!Каралдым балам, ай-й!!! – деп
чыңырганГүлнаранын абалын айтууга дарманым жетпес!
Көрүстөндү көздөй чубалып, аяк-башы көрүнбөгөнкөпчүлүктүн ичинде Зарина
тараптанага- туугандары менен Жеңиш да бар эле.
Оо,оомалуу- төкмөлүү, бири кем дүйнө десең!
Ошол,Канатты жерге түшүрүп, көпчүлүк уучтап топурак салып атканда , жаңы эле
дөмпөйгөндөбөчөнүн жанында дагы бир жай казылып аткан болчу!..
«Оңурайып, оозу ачылган ошол оюкка эртең Жеңиштин боор эти менен тең бүткөн
жанбирге,үлбүрөгөн назик, жароокер, жалгыз кызы келип түшөт!..»
Өзөгү өрттөнүп, эси эңгирей түшкөн Жеңишке, экиийнин солкулдатып, эчкирип
ыйлаганДайырга, кайгыдан чайпалып араң турган Сооронбай атага угуза:
– Ким-кимиңер кайраттуу, сабырдуу болгула! -деди молдо бак-бак этип. – Башка
түшкөндү көтөрбөскө аргабыз жок! Андан көрө баланын жаткан жери жайлуу, топурагы
торкоболсун! Курандан башка айла жок!
Сооронбайата бетарчысы менен көзүнүн жашын аарчып, ичинен күңгүрөнүп:
–Кош, Кулунтайым? ! Кош каралдым! Кош... Коркпой жат...-деди,– Оо, Жараткан?! Эне
сүттөрүоозунан кете элек, наристе бойдон эмес беле, балдарым?! Бу не деген укмушуң?!...уб
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев