5-БӨЛҮМ.
Кабыргасына тепки жеген Марта бир жумадай төшөктө жатып калды, капталы көкмөк болуп көгөрүп чыкты. Актан ат кулактын жалбырагын майда чайнап кабыргасына коюп таңып жатты. Өзү тамак жасайт, кыз турам жардам берем дегенине көнбөдү, азыр сага кыймылсыз жаткан жакшы деди. Марта апасын ойлоп жатты, Актан менен бөлүштү ойлорун. Биринчи бутуңа тур, анан барасың.. Актан эми Мартаны токойдо эч нерсе кармабастыгын, каалаган убагында үйүнө кете берээрин түшүнүп турду бирок кетпесе экен деп эңседи...
Арадан он күндөй өтүп, Мартанын денесинин акыбалы калыбына келди, жан-дүйнөсүнүн акыбалы оорлоп кетти. Өзүн баарына күнөөлүү сезип, өзүн-өзү ичтен жеп жатты. Апасы күйөөсү тууралуу эч нерсе билбейт эле, жакшы көрөт эле, эми кыз барып апасына баарын айтып берсе кандай кабыл алат? Кызын күнөөлөп чыкса кантет?... Аргасы жок эле кыздын, апасын таштап токойдо калып калмак беле...Бирок муктаж убагында жардамын аябастан, жанында болгон Актанды да таштап кетүү оор болду. Кыздын сүйлөбөй, өзүнө кирип кеткенин бала да байкады. Акыры чыдабай сурады:
- Эмне эзип жатат сенин жүрөгүңдү? Мен жардам бере аламбы?
- Сиз ансыз да мага эч ким көрсөтпөгөн колдоону бердиңиз. Бирок менин акыркы өтүнүчүм бар, апама мени менен бирге бара аласызбы? Менин сөздөрүмө ишенбесе балким сиздин сөздөрүңүздү угаар... Актан макул болду, кызды жалгыз коё бере алмак эмес баары бир. Өз колу менен апасына тапшырып кайтканы туура болмокчу.
Эртеси эртелеп экөө жолго чыгышты. Ар ким өз ойлору менен алышып, үн катпай бара жатышты. Марта алыстан үйүнө көз чаптырды, жакырчылыгы жеткен эки бөлмөлүү жер там. Кичинесинде канча жолу ачка калган күндөрү болду, мектепке баргандан уялчу, классташ кыздарынын жанында айырмаланып турат эле. Апасы турмушка чыкканда Марта 9-класста окуп жаткан, бүткөндө өгөй атасы мектептен чыгарып алды мага жардам берет деп. Ата-энени тандап алмак беле? Же Марта башка кыздардай татына кийинип, байлыкта жашагысы келбейт беле?... Апасы үй жайнап жаткан экен, кирип келген кызын кубана тосуп алды, жанындагы Актанды көрүп таң кала туруп калды. Атаң кана деген суроого мукактанып жооп бере албай турду кыз. Актан Мартанын абалын түшүнүп, жүрүңүз сизге айтаар сөзүм бар деп апасын үйгө ээрчитип кирип кетти. Марта короодо дөңгөчкө жамбаш койду, эки колу менен жүзүн жаап денеси титиреп үнсүз ыйлап жатты...
Баары кыз ойлогондой болуп чыкты, апасы үйдөн жулуна чыгып келди, кызына ишенбеди, кантип эле ал педофил болсун, сен каралап жатасың, кантип ушуну ойлоп тапканга акылың жетти? Сени кызым деп жакшы көрөт эле, бизди баккан адамдын ак атын кара кылганга кантип дитиң барды? Күйөөсүнө болгон сүйүүсү эненин көзүн жаап салган эле. Жогол, көзүмө көрүнбө! Менин сендей кызым жок! Мен азыр токойго барып жолугам Жалалга, сенин сөздөрүңдүн баары калп экенин бетиңе койсун! Актан Жалалдын өлүмү тууралуу айтпай турганым жакшы болгон экен деп ойлоду. Ушундай да көөдөнү сокур адам болобу, өз канынан жаралган кызына ишенбей, сүйгөн күйөөсүн коргоп жатканына ишенбей турду... Бул жерде эми кылаар иштери жок эле, кызды колунан жетелеп чыгып кетти үйдөн.
Мартанын өңү купкуу, азыр эс-учун жоготуп койсо да таң калыштуу болмок эмес. Ишенген адамы башканы тандады өз кызын жалганчыга чыгарып, анысы аз келгенсип, балалыктан кечип койду... Актандын жетегинде кете берди азыр ага баары бир эле. Актан да кыздын абалын түшүнүп ашыкча сөз сүйлөбөдү. Экөө токойго кеч кире кайтып келишти. Тамак жеп ал дегенине Марта башын чайкап гана талдагы үйгө чыгып кетти. Балалыгы бүттү кыздын, бир түндө чоң адамга айланды... Жашоонун ур-соккусу адамды тез токтолтот деген- чын сөз экен көрсө...
Актан талдын түбүндө ойлуу олтурду, азыр Марта сынып калбаш керек, бул сыноону жеңсе, кыз күчтүү инсанга айланмак.
Таң да атты, бала талдын түбүнөн жылбай таң атырды. Балким Мартага керегим тийип калабы деп кете албады. Бетин жууп, очокко суу асты. Кайнап калганда Марта түшүп келди. Кыздын көздөрү түнү менен ыйлап чыккандын белгисин берип турду. Кыз жуунуп келип өзү чай демдеди, түнкү желбей калган тамакты ысытты. Мунун баарын үнсүз гана кылып жатты. Экөө тамакка олтурушту ошондо Марта ооз ачты:
- Мен сиз менен бул жерде калсам болобу?
- Албетте болот, сурабасаң деле болмок.
- Мен түнү менен ойлонуп чыктым, ак жерден каралангандыгыма ыза болдум бирок менде күнөө жок эмеспи байке? Башымды бийик көтөрүп жашайм деп чечтим... Актан кыздын сөздөрүнө кубанды, кыздын күчтүүлүгүнө сыймыктанды.
- Жашоо улана берет карындашым, алсыздар гана турмуштун сыноосун көтөрө албай сынышат. Көбү ичип кетет, көбү өз жанын кыйышат. Мен сенин жаныңдамын, байкем бар деп бил мындан нары...
Мартанын апасы Дина кызын кууп чыгып, өзү күйөөсүнө жөнөдү. Кызынын жалган сүйлөгөнүн кечирбейм деп сүйлөнүп бара жатты. Түш болгондо токой кыйгандарга жетти, он чакты адамдын арасынан күйөөсүн көрө албады, сураса анын кеткенине он күндөй болду, эч кимге эч нерсе дебестен таңга маал кетип калыптыр дешти. Эч нерсе түшүнбөгөн аял үйүнө кайтты. Иштеп жатат деген күйөөсү кайда жүрөт он күндөн бери?...
Түнү Динаны көчөдөгү кыйкырыктар ойготту. Чыгайын десе 15-20 чакты адам үйдү курчап алган эле. Бири керосин куюлган бутылканы өрттөп үйгө ыргытты. Терезени сындырып бутылка үйгө түштү, от үйдө күйө баштады. Булар Жалалдын айынан өздөрүн өлтүргөн эки кыздын туугандары эле...
Уландысы бар.
Автор: #Елизабет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3