2-бөлүм
- Тынчылыкпы деги?
- Эки кишини кармадык, Кеген тараптан уч жылкы айдап келатышыптыр.
- Азыр кайда?
- Соколовкадан нары, бактын арасында. Жанында Мырзабек бар.
- Кеттик анда. Экоондон башка дагы ким билет?
- Сиз. - Усок машинасын алкынта айдап жоноду. Баягыдан кийин ал экообуз абдсн сырдсна болуп калганбыз. Андан бери дагы канча иштин козун тазаладык. Кыскасы экообузду байлап турган жиптин туйуну бир. А Мырзабекти азырынча жакшы биле элекмин.
- Мырзабек кандай неме?
- Андан кам санабаныз. Ал тушкон капкандын чынжыры менин колумда. Айтканымдан чыкпайт. - Усок которуло суйлоду.
- Ошондой болгон кундо да аны коп эле биздин ишке аралаштыра бербоо керек. Киши аласы ичинде дейт эмеспи.
Тигил экоо иштеринин кыйшандаганын билгенден кийин колго тушкон божоктой бурушуп отуруп беришти. Жылкыларды Кегенден аркы кайсы бир совхоздун анызынан кармашкан экен. Ар нерсенин башын чаргытып отурганым жок. Кыскасы, тун каткан эки уурунун олжосу биз учун оной пайдага тушподу. Эки мин сомду алып, учообуз тен боло тош чонтокко урдук. Бу напсини тыя билуу деген да озунчо чон машакат окшобойбу. Ага эркин жетпесе тамчыдан куралга тоо булагы канчалык томондогон сайын улам жолбун булактарды озуно кошуп ала берип, озонго тушкончо шаркыраган дайрага айланган сынары араанындын ачылганы ачылгсн экен. Эртенки кунундун эмне болоору, кандай балее кутуп турганы эсине келбей, чонтогундун гана кампайышын ойлоп козун кызарып, дагы-дагы деп калат экенсин. Ошентип май баскан кара козун кашайып барып, жардан алыс кулап барып тушконунду да сезбей калат экенсин. Болбосо ошол куну... Ооба, менин тугонбогон шорум, арылбаган армандуу куйутум дал ошол куну башталды. Фрунзеге барган жумуштарымды буткоруп, анан кезектеги алган наамымды достор менен жууп-майлап отуруп тунку саат он чамасында жолго аттандык. Бугун эс алып, эртен менен чыккын дешкенине конгонум жок. Эртеси кызматка барышым керек эле. Бир топ кызуу болсом да, бу эсимден чыкпай турду. Термелген машинада баратып уктап калыптырмын. Бир маалда Усок ийнимден булкулдата тарткылады :
- Камгакбай аба, турсаныз.
-Эмне болуп кетти? - Беймаал тынчымды алганына нааразыландым.
- Тээтиги коктуга бир машина кулап тушкондой болду. Мандайындагы прожекторуна караганда автобус окшойт.
Эки жагымды канчалык тигиле караганым менен эч нерсе коро албадым. Боомдун ичинде баратыптырбыз. Айсыз карангыда тоо койну ого бетеркарарып сырдуу мелтирейт. Боом суусу корунбосо да таштан-ташка чамына озунчо кунгуронот.
- Ушул тушта болсо керек. - Усок машинаны токтотуп, томон карай жоноду. Чалынып, мудурулуп артынан бастым. Дале эч нерсе корунбойт, машина болсо жылтырайт эле. Тигинин козуно бир нерсе корунсо керек жон эле. Боодо жеринен убара кылганына кыжырланып, кайра тарткым келди. Бу жер бир топ тик экен, жапызыраак жер издеп нары бастым. Беш-он кадам аттап, бутума бир нерсе урунгансыды. Энкейип колум менен сыйпаладым. Кишинин денеси окшойт. Колум чыпталышкан жылуу суюктукка малынды. Газдалган оттугумду чагып карадым. Бет алдымда бети-башы, буткон бою тамтыгы чыгып тытылган, канга боелгон аял суналып жатты. Журогум шуу эте аргасыз артка кетенчиктедим.
- Усок, - деп аптыга кыйкырып жибердим, корконумдан болсо керек. Ал кыйла узап кетиптир. Оттуктун булбул жарыгын улай жетип келди. - Кол чырак барбы?
- Машинада бар.
- Алып келчи.
Чырак (фонарик) менен аялды жакшылап карап чыктык. Тируулуктун белгиси билинбейт, бирок али денеси муздай элек экен. Жылтыраган чакан сумкасы колунан чыкпай карышып калыптыр.
- Постон отуп кеттикпи же жете элекпизби?
- Артта калган. Кайтып барып билдирип коелубу?
- Албетте. - Чыракты кайра жарык кылдым. Аялдын мойнундагы бажырайган мончоктору, кулагындагы алтын иймеги жаркырай козумо урунду. Жарыкты ылдыйлата кармап, колдорун карадым. Алтын шакек, саат. Капысынан биз поско билдирсек, алар "шыдыр кете бербей бул жерге эмне издеп келдинер эле " дешсе эмне дейбиз деген ой конулго тык этти. Муну силер олтурдунор деши да мумкун. Анан эр болсон озундун ак экенинди далилдеп кор. Усоктун кыйкырыгы оюмдан алаксытып жиберди. Ал дагы кишинин олугун тааптыр. Ал жана жанылган эмес экен. Чын эле бул жерден автобус кулап, тээ томон шаркыраган сууга тумшугу малына барып жанбашынан жатыптыр. Кудай андай жамандыкты коргулук кылбасын. Салондун ичи канга толуп, чачылган олуктор. Карысы бар, жашы да бар, аялы бар, эркеги бар. Кыбыр эткен тируу жан калбаган сыяктуу. Кайдан, кырк-элуу метр жерден кулаган автобустан чымындай жан аман калсын.
- Постко барып билдирели. - Усоктун уну дирилдей, уройу учуп тышка чыкты. Негедир ушул учурда сынган терезеге башы кыпчыла жаткан бироонун колундагы чон алтын сааты чырактын жарыгына чагылыша козумо урунду.Озум озумо ээ боло албай, аны шарт сууруп заматта чонтокко салдым. Анан анын ички чонтогун оодарып, калын капчыгын алдым. Чыдамым жетпей ача салдым. Толтура кызыл акчалар. Тигиндей узап барып калган Усокту чакырдым:
- Усок, бери кел. Эч кайда билдирбейбиз.
- Эмне учун? Бул биздин милдетибиз да.
- Оз милдетинди эсинден чыгарбаганын дурус, жигит. Бирок биздин азыркы милдетибиз такыр башка. Тез баргын да машинаны далдоо жерге кой. Чоочун коздон оолак болсун, бардык жарыктарын очур.
- Анын кандай зарылчылыгы бар, тушунбодум. - Ал дендароо болгондой, ыргылжын тарта туруп калды. Анын маныроолонгонуна кыжырым келди.
- Азыр тушуносун. - Мен автобустун жанында башынын жарымы бар же жок экени билинбей жаткан бир олукко бардым да колундагы саатын чечтим. Жан чонтогунон таиеки салгыч алып чыктым, ал кумуш шекилденет. Ички чонтокторун антардым. Капчык чыкты. Тигиге тушунуктуу болушу учун чырактын жарыгына шашпай санап кирдим. Туптуура 385сом бар экен.
- Эми тушундунбу? - дедим демите.
- Ооба. Бирок бул озу... - Уну кардыга чыгып, созунун аягына чыга албай муунуп токтоп калды.
- Эмне бул озу? Бул озу итчиликпи, бул озу айбанчылыкпы? Туура, бирок бул маркумдарга эч неренин кереги жок
- Эмне бул озу? Бул озу итчиликпи, бул озу айбанчылыкпы? Туура, бирок бул маркумдарга эч нерсенин кереги жок капкарангы кордон башка. Биз тийбегенибиз менен эртен келген милиционерлер тазалашат, алардан калганын моргдогулар. Айырмасы кайсы. Тиштеринин кирин соруп карандай чай, каткан нан менен отурган ак журокторду корбой журосунбу? Азыркы доор алган менен жулгандыкы. Колунда акча болсо- баардыгы сеники. Кундук омурун болсо-туштугуно жорго мин. Мына, акылман бабаларыбыздын нукура филасофиясы. А калганынын баардыгы сандыракты, билдинби? Ме карма. Капчыкты аны коздой ыргытып жибердим.
Оо Тенир! Эмне учун ошондокара тунунду башыма комкоруп жибергенин жок? Эмне учун тошу туктуу жерине бутумдан чалдырып тургус кылып жыкпадын? Эмне учун чагылганынды чарт эттире чагып, как тобомдон урбадын? Эмне учун оз жайыма койдун? Пенде баласы даап бара албаган ишти жасап жатканымды кантип чыдап карап турдун экен. Неге ошондо колу-бутумду селейтип шал кылып салбадын экен. Ошондо адилеттик кылган болбойт белен. Жок Тенирим, мен жанылып жатам. Сен абдан адилет экенсин. Менин айбанчылыгымды жон гана карап турбаптырсын. Мага назарын салып, пендеге бергис балээнди багыр камдап коюптурсун. Аны коп отпой эле сездим. Ошондо билгенимде. .. А ошондо ымандай сырым - Кудай Тенир эске келген жок. Адегенде автобустун сыртында ар кай жерде чачылып жаткан олуктордун чонтокторун тазаладык. Айрымдарынын бутун, таза калган кийим-кечектерин сыйрыдык. Томпоюп жаткан чамадан, сумкалардын баардыгын жыйнадык. Анан автобстун ичине кирдик. Жаш балдарга гана тийбедик. Калгандарын бирден тинттик. Ортолоп калган ченде бир орус кишиге жеттим. Колунда кара дипломат бар экен. Автобус жыгылып баратканда анысын бекем кармай бооруна кысып алса керек. Ошо бойдон каршып калыптыр. Тырмышып атып чыгарып алдым. Мына олжо деген, жайнаган кызыл акчалар. Паспорт да журот. Аны алып ичин ачтым. Туптук киши боуп чыкты. Ичинде телкграмма бар экен. "Ата, машинанын кезеги жетти. Акчаны алып тез кел. Уулун Коля" деген создорду окудум. Москвага уча турган билетин дагы таптым.
- Машина келатат, - деди Усок бир кезде. Мен чыракты очуруп, дымып отуруп калдык. Бирок тээ жогортодо келе жаткан машинанын жарыгы бул жерге тийбейт эле. Андыктан кулаган автобус корунбойт эле. Антсе да сактык керек эмеспи. Машина шуу коюп отуп кетти. Биз ишибизге кайра кириштик. Жыйналган буюм-тайымдарды машинабызга торт сапар жеткирип келдик. Автобусту ортолоп калганда капысынан онтогон ун чыкты. Усок экообуз селейип туруп калдык. Анан абай сала тыншадым аял экен. Эки кишинин астында басырылып калган экен. Аларды бери оодарып, сууруп алдык.
- Бутум... Жардам бергиле айланпйындар. Ай жаным ай...
- Аял кыйналганынан узул-кесил суйлоп жатты. - Аскар, Аскар... Барсынбы, кайдасын? - Ал ойдо ткрууга аракеттенип, биз тарапка колун суна умтулду. Чырактын жарыгы менен кийимдерибизди тааныды окшойт кубана тушконсуду:
- Милийсасынарбы айланайындар, жетип келдинерби? Догдурунар дагы келдиби? Чымындай жаныбызды алып кала коргуло. Аскар, айланайын Аскар... Ай, кудай ай...
Усок мени карайт, мен ан карайм. Экообуз бири бирибизди айттырбай тушундук. Аялды бул боюнча калтырбаш керек. Биздин бул жерде болгонубуз тууралуу соссуз айтат. Аны этияттап которуп сыртка алып чыктык. Кадам жерде куркуроп кирип турган Боом суусуна куулонто ыргыттык. Чулп эткен унго удаалаш "аа-аа-аа" деген кыйкырык узуло чыгып, заматта басылып калды. Коюу тун ого бетер коюлангандай туноруп, таштан ташты койгулаган суу гана озунчо кунгуронуп жатты. Ал жарыктык балким, биздин жандан ашкан мыкаачылыгыбызга кубо отконуно окунуп, оз каргышын айтып, озун адам каны менен булгаганыбызга арман кылып боздоп тургандыр. Эмнеси болсо да, жанагы аялдын артынан дагы аман калган учоо-тортоону узатып жибердик. Артыбызды ушинтип тазаладык.
Автобустун арка жагына жетип, эткээлинен келген жигиттин чонтоктооун антарып бутуп, бутундагы жаны туфлийин чечип жаткам. Ушул учурда дал бет мандайымдан бироонуниэнтиге оор дем алганын эшиттим. Башымды которуп, чырактын жарыгын жогорулаттым. Он уч-он торт чамасындагы тестиер бала автобустун темирине жолоно отуруп, карап туруптур. Негедир ал жарыктан козун калкалай алган жок. Бакырайган коздорун ирмебестен тикирейе карап турду. Анын коз карашынан жалтана тушконумду сездим ичимден.
- Сен кимсин? - дедим аныгымды билдирбеске тырышып.
- Аскармын. - Ал бир саамга оор дем ала тыным жасады да, анан демиге суйлоп кирди:- Байкебайлар, мен эч нерсе коргонум жок, эч нерсе билгеним жок. Мени олтурбогуло бпйкелер. Силер жонундо оозумдан жарты соз чыкпайт, ишенгиле. Жанымды койгула, байкелер.
Анын жалынганына андан ары тура алгыстаймын. Тапнчамды шарт суурудум. Бала колдору менен бетин калкаламакчы болду окшойт, бирок жарым-жартылай которулуп барып, кайра шалдая тушту. Аяп койбомумду билди. Алайган чон коздорундо коркуу эмем, заматта жек коруу, чагылгандын учкуну сымалданган каар толуп чыкты. Мындай журок сестенткен коз карашты омурумдо кезиктирбептирмин.
- Mykaachy, kan ichkich. Mununa omur boiu okunosun. - Olum aldynda adam tiruu kalyshka dalbastap, akyrky mumkunchulugu, akyrky argasy tugonmoiuncho karmawat go. Birok bala antpedi. Msndaiyna takalyp turgan tapanchadan taimanbai, koz irmep jaltanbai suilodu. Unu da kargyldangan jok. Ishenimduu chykty. Al suilop butkoncho albuuttangan suunun shary da negedir dymyi, tynchyi tushkonsudu. Balkim maga owondoi sezilgendir. Men mshaany kaltyragan kolum menen basyp jiberdim. Tars etken ungo udaa ele balanyn dal mandaiynda barmak basym kara chekit paida boldu, kan syzylyp kozdorun jaba tomon shorgolodu. Basgy selt ete bir az chalkalai tushup, jolonup kaldy. Jygylgan jok, eki kozu chakyraiyp meni teshe tiktegen boiuncha oturup kaldy. Kolumdagy chyraktyn jarygy karegine chagylyshyp, jyltyldap jatty. Juzundogu chynaluu jogolup, oor jukton arylgandai, jenildene tushkondoi boldu. Ana uurutunan bilineer bilinbes jylmaiu uialady. Munu daana kordum. Jurogum oozuma kepteldi. Az jerden kyikyryp jibergenim jok. Kolumdagy chyragym tushup ketti. Shyngyr ete tijip jalp ochtu. Avtobustun ichi, butundoi too koinu kozgo saisa korungus karangylykka sinip, janymdagy suu gana tiruuluktun, kor turmushtun ali toktoi elektigin danazalap jatkandai kunguronup turdu. Ichten syzdagandai ulutunup turdu...
Орус агайиндер "мезгил баарын даарылайт" деп коюшат эмеспи. Анын сынарындай убакыт откон сайын баягы кадуу окуя менден алыстап бара жаткандай конулум жайлана баштаган. Алгачкы кундору баланын коздорун унута албай, далай тушумдон чочуп ойгонсом, эми антпейм. Андан бери бир нече ай отуп, уу-дуу создор азайган. Ошо автобустагы олгондогу тоногон кишилерди туп которуло издеген милиция кызматкерлери да суй жыгылышып, демдери бастаган. Алардын арасында Усок экообуз да бар элек. Кудай жалгап, бизден эч ким шектенбеди. Изибизди абдан ишенимдуу жашырсак керек. Чогулткан акчаларды, буюмдарды бекем катып, чуунун изи сууганча тийбейли деп макулдашканбыз.
... Ташкенттеги кыска мооноттогу курстан жаны кайтып келип, бала-бакырам менен кужулдашып отурдум. Сагынып калышыптыр. Мен да алардан кем калбаптырмын. Эки жашаар уулума мээримим тогулуп, эзилип жагылам. Канчалык ооп-жыттасам да кумарым эч таркабастай. Мурда тон эле мамиле жасай турганмын. Сагынып калгандыкы го. Бул учурда аялым ашканада казан-аягын калдыратып кечки тамактын камында жургон. Уулумду жерге отургузуп, диванга кынайып жатайын деген ниетте ордумдан козголдум. Дал ушул маалда бет алдымда бироо турганын сезип, шарт карадым. Бала! Журогум бир башкача булкуп алды. Кыйкырып жиберууго унум чыкпайт. Муун-жуунум бошоп, ордума шылк отурдум. Мандайымда баягы тапанча менен озум атып олтургон бала турду. Дал ошондогудай бармак басым кара тактан кан сызылып, томон жылууда. Эсимди бир аз жыйып, ичимден келме келтиримиш болдум, же аны тузугуроок билсемчи, олбогонго. Козумду жумуп, кайра ачтым. Жок кетпептир, дале орунда былк этпей турат. Капысынан конулум балдарыма бурулду. Алар эч нерседен бейкапар ойноп жатышат. Демек, аларга корунбой турат. Мага гана корунот экен да. "Энемди таап алдым, сага нааразы. Суйлошкун келбей жатабы? Мейли он жылдан кийин суйлойсун. Тан заарынан тун жарымына чейин гана", деди ал бакырайып караган тейинче. Тамагым бироо муунткандай кысыла тушту. Козум карангылап барып, кайра ачылды. Карасам- бала жок.
Башым айлан кочок болуп, уй озунон озу жантайгансып, анан жер таяна жыгылып баратканымды бир билем. Эртеси бешимде гана эсиме келип, козумду ачтым. Суйлойун десем ун чыкпайт. Тилим байланган экен. Кечинде алып отурган балам жакшынакай туруп эле чарчап калыптыр. Ошентип, менин тугонбогон шорумдун чубалжыган узун тизмеги башталды. Менин жасаган куноом, адам канына забын кылганым учун балам жооп берип, балам кетти. Мен ошондо автобустагы бейтааныш баланы эмес, озумдун карачечекей баламды чыкыйга аткан экенмин. Канчалык мыкаачы, канчалык жырткыч кейпин кийбейин мен учун, ата учун мындан откон жаза, мындан откон кордук болобу. Андан коро озум мертинсем болбойт беле, кор тубуно озум жатсам болбойт беле. Жок, андай болбоду. Корсо пенде баласы учун олумдон да жаман, мин алекетту жаза, мин алекеттуу азап бар турбайбы...
Бири экинчисин коштогон мындай кырсыктын себебин менден башка жан адам тушунбой калды. Тилимдин байланып калышы врачтар учун да табышмак болду. Кылган баардык аракеттеринен тырмактай дагы жылыш болбоду. Кулагым укканы менен дудуктун кейпинде жалдырап отуруп калдым. Суйлобогон сон кайдагы кызмат. Коп отпой бошотуп коюшту. Пенсия чектеп беришти. Мурда иш менен алаксып, убакыттын кандай отуп жатканын элес албаптырмын. Эми кундун батмагы менен тандын атмагы озунчо эле бир азап. Ага кошул-ташыл бир адат жармашты. Кундур-тундур баягы баланы, тагыраак айтканда анын арбагын кутом. Тиги бурчтан, же бул бурчтан коруно калчудай элендей берем. Жанымда, жакын эле жерде жургондой сезилет. Тынч алып отуруу кыйын.
Зарыл жумушум болбосо деле ал куну райондук борборго баргым келди. Нары-бери чыгып, кичине алаксыйын деген ой да азгырды окшойт. Аялдамада кыйла турдум. Автобус кечигип атты. Мурда алдымдан кыя отпогон тааныштар эми байкамаксанга салып зуу отушот. Адам дегенин ушул экен да. Узонгудон бут тайыса эле бутту. Конул чогот ойлордон озумду озум алаксытмакка ары бастым. Бир машина ото берип токтоду. Усок экен.
- Саломалейкум, Камгакбай аба, - деди ал негедир унун пас чыгара. Мен башымды ийкей, тош чонтогумдон блокнотум менен калемимди алып чыктым. "Эмне маанайын пас, бир нерсе болдубу?" деп жазып ага сундум. Бул менин адамдар менен байланыша турган каражатым эле.
- Эч нерсе деле болгон жок, аба. Антме да уйкум тынч эмес. Кулагым чуулдап, алда немелер корунгонсуйт козумо.
-Ал блокнотту кайра узатты. " Чарчагансын го. Эс албайсынбы, курортко бар. Денизге туш". Ал унчуккан жок. Козун жолдон албай ойлуу баратты. "Болумдо эмне кеп-соз бар?" Менин эмнени билгим келип жатканын дароо тушунду:
-Издоонун аягы суугансыды. Жети айдан бери бир жылынчак таба алышпагандан сон конулдору деле келбей калды окшойт.
"Дурус. Анда баягыларды акырындык менен акчага айландыра бербейлиби. Бирок аз-аздан. Башка жакка алып барсак кантет?".
- Жамбулда менин таанышым жашайт. Озу соодагер. Аны менен суйлошуп койгом. Бул жакка тез-тез каттап турат.
"Ишенчиликтуубу? "
- Кам санабаныз.
"Болуптур, деги абдан этият болушубуз керек. Тооварды акчага алмаштырбасак болчудай эмес. Шаардан там сатып алайын деп жатам. Акча жетпей турат". Муну жалган айттым. Акча жетиштуу болчу. Баягы дипломатта он алты мин сом бар болуп чыккан. Андан башка дагы чогулткан акчалар да эки минге чукул эле. Дипломаттагыны Усокко коргозгон эмесмин, кандайдыр бир документтер бар экен деп койгом. Алардын баардыгы чыпчыргасы корбой катылуу жаткан. Аялым дагы шегин билбейт.
- Анда тездетейин. Товарды жеткиргенге машина керек го. - Усок мага кылчая карады. "Анын бир айласын табаарбыз" .
- Алар даярбы? Кайда каттыныз эле?
"Ишеништуу жерде. Бардыгы картон жащиктергн салып, танып койгом. Кечээ эле барып коруп келдим".
- Жакшы кылыптырсыз, алар отуп кетсе Фрунзеден уй сатып алсамбы дейм. Жер которуш керек болуп жатат. - Ал негедир белгисиз санаага малынгадай, маанайы пас суйлоду. Ушул учурда арткы орундукта бироо отургандай сезилип кетти мага. Шарт кылчайдым. Бала! Ал бакырайган коздору менен Усокту желкесинен теше тиктеп отуруптур. Мандайынан кан сызылып жатат. Журогум шуу этип, кекиртегиме кептелгенсиди. Усок корбосо экен. Ушул ой конулумо тык этти. Машина айдап бараткаг неме коркуп кетсе...
- Уйду буйурса аласын, - деди ал кайдыгер гана. Мен Усокту карадым. Ал дале мелтиреп жолдон козун албайт. Борборго кирип барптыптырбыз. Демек, ал эч нерсе коргон, уккан жок. Артымды бир караганымда бала жок экен.
Эртен менен жаны жуунуп, сакал-мурутумду алып олтургам. Эшиктен аялым кейип кепчип кирди:
- Куураган бала, башына эмне ошончо куч келди экен. Аялы деле тусу ийги келин корунду эле.
Мен аны "эмне болду" деген кыязда карап калдым. Коз карашымдан эмнени айтайын деп жатканымды тушунуп калган болчу.
- Тундо Усок муунуп олуптур, каран калгырдыкы. Же бир жигит кунунда болсочу. Жибектин узугундой созулган неме эмес беле.
Кулагым чуу эте, анын андан аркы создорун укпай калдым. Колумдагы бритвам тушуп кетти. Кечээ "бала" боодосунон корунгон эмес экен да. Демек, Усоктун кайгылуу олумуно мен себепкермин. Аялынын, балдарынын коз жашы, убалы менин мойнумда. Пенденин табияты ушундайбы, болбосо, менин жан дуйном ушунчалык жардыланганбы, ким билсин. Анын кутулбогон олумуно канчалык кайгырып, озумдум куноологонум менен негедир конулумдун тупкурундо бир жуктон арылгандай женилдене туштум. Эми катылган буюмдарды тен экиге болуунун кажети жок. Ушу ой сезимиме устомдук кылып баратканын туйдум...
Шаардан сатып алга беш болмолуу уйумду аялыма корсотуу учун ээрчитип келдим. Уй чынында эле жакшы болчу. Алты жыл мурда буткон экен. Бак-шагы бар, огороду да кенен. Баардык тарабы шайма-шай, жакшы каралган. Он чакты уйду тандап журуп, ушуга конулум тушкон. Тияк-биягын карап буткон сон аялыма коз чаптырдым: "Кандай, уй жактыбы сага?"
- Жакпай анан. Мындан артык уйду кайдан табууга болот.
"Сенин конулундогудой уйду тапканыма кубанычтуумун. Качан кочуп келели?", деген создор жазылуу блокнотумду ага сундум. Ал окуп чыгып, кыйлага чейин ун катпай, салмактуу ойдун тепсендисинде калгандай мелтирейт. Кызык, эми эле кубанычтын учкундары чачыраган жадыраган жузу мостоюп, кандайдыр бир ичтен эзген сары убайымдын колокосу заматта уялаганын сездим. Адамдын мунозу ушунчалык тез озгоргонун корбоптурмун. "Сага эмне болду, бир жери жакпай калдыбы?"
- Жок кабатыр болбо. Бардыгы жакшы, ушундай кенен-кесири уйдо жашасак деп нечен энсечу элем . Мага хан сарайдай эле сезилип жатат. Бизге ак жолтой уй болуп, бала-чака менен ырыс-кешикке шерик болушун Кудайдан тилейли.
"Анда эмнеге кабагын бурколот? Сенин конулундогудой уйду тапкан жаман абышкана нааразы болсон озун бил".
- Ыраазымын абышкам ыраазымын. Кайдагы жок нааразычылыкты айтасын. Жон гана конулум тынч эмес. Бир топтон бери жаман жышаан саксактап жургонсуйт. Эмнегедир журогум сыздап, бир жамандыкты сезгенсийм. Мына, азыр да ушул уй мага буйрубай калчудай ичим ачышып кетти. Тушумдон чочуйм.
"Койчу кайдагыны божурабай. Аял кишинин тушуно эмнелер кирип, эмнелер чыкпайт. Ошого да кабатырланып, курсанаага батчу беле? Тушун кызыл тулкунун богу".
- Ошондой эле болмо экен. Ылайым эле жакшылыкка корунсунчу. Кудай бизден жамандыгын оолак кылсын. - Коймолжуган коздору жашылданып, уну кардыга чыкты. Уулум чарчап, менин тилим байлангандан бери ойлуу тартып, тунт болуп кетти. Баламдын жалгыз тарттырган чон суротун карап, козунон жашын сызылтып копко отурат. Туну деде туруп барып карайт. Адатка айланып калды окшойт. Жузунон кетпеген ажарлуу жылмаюусу да сээлдеп барат. Кундуздай чачтарына бирин серин ак тушо баштаган экен. Коздорунун кычыктарына билинер-билинбес толкунданган бырыштын издери. Буларды азыр байкадым. Аны отуз жаштагы солкулдаган келтн десе ишенбоочулор четтен табылышы мумкун. Аны карап туруп корунбогон ийненин учу коодонумо сайыла тушконсуду. Сагыныч, орду толбогон куса адамды тез эле саргайты коет экен да. Айрыкча аялды, энени. Демек, Эне учун бала кандай кымбат, кандай ыйык. Ал эми ошол экоону туболукко ажыраткан адамга кандай жаза ылайык? Деги дуйнодо бар болду бекен ошондой жаза? Ушул ой чыкыйыма балка сымал урулуп жаткандай кыжаалат боло, озумду озум жек коруп кеттим.
Аялымдын мунайым, коогалуу коз карашына туруштук бере албай терс бурулуп, эми эле коруп чыккан торку болмого кайра кирдим. Саамга болсо да андан алыс тургум келди. Болбосо озумду коерго жер таппай, айлам куруучудай анын алдында . Бул болмо багкаларга караганда кыйла кенен жарык эле. Конок кутконго ылайык. Кыялымда бака-шака тушкон кишилерди коз алдыма тута, ары-бери бастым. Тез эле кочуп келип, туугандарымдын баардыгын чакырып той берем. Атандын кору тууган деген ушу тура . Айрымдары тилим байланып, кызматымдан ажырагандан бери тенсинбей, чынвгы жуздорун корсото башташты. Эми мунун иши бутту, колунан келээр кокон тыйыны калбады деп журушот. Жок, алартерен жанылышат. Мен алм тируумун. Тил суйлошко дарманым келбеген кундо да озумду дагы далай тааныштырганга кудуретим бар. Зангыраган бул уйду эмне учун алдым? Дал ошну учун. Эми суттой аппак "Волганы" тиги гаражга киргизип коем. Корушсун, билишсин Камгакбайдын дале дымактуу экендигин. Ошондо кайрадан жалпандашып, ээсине эркелеген кучуктой бойпондошпойт бекен. Аны кором. Ошо мезгил тез эле келсе экен, Кудай.
-Дурус максатын бар экен. - Арка жагымдан капыстан чыккан ун. Бурула берип тордо, тактай устундо малдаш токуна отурган "баланы" кордум.
- Дурус максатын бар экен. - Арка жагымдан капыстан чыккан ун эттирди . Бурула берип тордо, тактай устундо малдаш токуна отурган баланы кордум. Баягы бала! Алгач журогум болк эте, денем титирей тушту. Бирок ошол замат озумду озум колго алып, келме кетирдим. Мурдагыдай коркпой, конгонсуй тушкон экенмин. Анын бул жолу мурдагыдай даана эмес, кунурттонгонсуп алыстан угулгансыды. Жанырык коштоп алган сымал. Ун-соссуз бири-бирибизди карап турдук. Мурда арбактар тууралуу ар кандай кеп-создорду далай курдай эле уккам. Бирок аларды суйлойт деп эч кимден уккан эмесмин. Эми оз козум менен коруп, оз кулагым менен угуп отурам. Бу баланын тактап айтканда баланын арбагынын мага учунчу сапар жолугуп суйлошу. Биринчисинде тилим байланып, уулум чарчады. Экинчисинде Усок каза болду. Эмкисичи? Капыстан кайыган бу ой бетиме шыргалан суу чачып жибергенсиди. Чуркап барып тиги баланын тизесине жыгылып, кечирим сурап жалынгым келип кетти. "Башкаларды жайына кой, бир гана мени ал. Куноо менде, мени олтур", дегим келди. Бирок тилим... Баса, ал менин оюмду билип албадыбы. Демек, ал адамдын оюн аралыктан...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17