Адатта бала бир жашка чыгып эмгектеп, там-туң басып калган чагында өткөрүлгөн. Бул кубанычтуу окуяга байланыштуу баланын ата-энеси кошуна-колоңдорун, айылдаштарын, тууган-уругун, жоро-жолдошторун, куда-сөөктөрүн күн мурунтан атайы чакырышкан.
Алар тушоосу кесилип жаткан балага ырымдап, ар кандай белектерди алып келишкен. Тойдун жүрүшүндө тушоосу кесилчү баланын эки бутун койдун жүнүнөн эшилген анча калың эмес жип менен арчындап байлашкан. Балдар алыскы аралыктан «куу» деген белги берилген соң жарышып келип, биринчи келген бала даярдалган бычак менен баланын бутундагы ала жипти кесип, экинчи келген бала менен колунан алып, элдин алдынан тай-тайлап жетелешет.
Катышып жаткан эл баланын келечекке таштаган алгачкы кадамы шыдыр, жолу байсалдуу болушун тилеп, бата беришет. Той андан ары ар кандай оюн-зоок, ыр, күлкү менен коштолот. Той ээси келгендерге белек таркатат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев