Күндөрдүн биринде сыртта ойноп жүргөн балдар жарыша апасынын жанына чуркап келишет.Алардын талашкан бир маселеси бар эле: апасы кимисин баарынан жакшы көрөт?
Алардын талашын уккан апасы унчукпастан бир шамды алып, аны күйгүзүп коёт да, балдарына кайрылат: "Мына бул шам - мен. Ал эми анын жарыгы менин силерге болон сүйүүм.Ал баарыңарга бирдей тийип жатабы? Балдары бир ооздон "ооба" деп жооп беришет. Андан кийин апасы биринчи шамдын жалыны менен экинчи шамды күйгүзүп тун уулуна берет да, мындай дейт. " Мына, мен алгач тун уулума мээрим төгүп, сүйүүмдөн бөлүштүм. Андан менин сүйүүм кемип калдыбы? Албетте жок".
Ошентип ар бир баласына бирден шам күйгүзүп берет. Бирок апасынын шамы ошол бойдон жарык чачып, балдарына "мээрим төгүп", жанып тура берет.
Алла жер менен асманды жаратканда жүз ырайым жараткан. Ал жүз ырайымдын бири гана жерге түшкөн. Ал- эненин балага болгон ырайымы. Хадис
Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт. Макал
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев