Бир боорукер, эч кимге зыяны тийбеген, ар дайым жакшылык кылып көнгөн адам ичи тар, ач көз, бирөөнүн кубанычын көрө албаган адам менен кошуна туруп калат. Бул кошунасы боорукер адамдын үй-бүлөсү менен бакубат турмушта жакшы жашаганын көрө албай, ар качан анын маанайын бузуу аракетинде болот. Кээде короосуна таштанды ыргытып салса, кээде эшигинин алдына жаман суу төгүп салат. Ошондой күндөрдүн биринде боорукер адам эрте туруп короого чыгат. Ал жерде жугунду толгон чака турган болот. Ал адам жугундуну төгүп, чаканы жалтырата тазалап, анан ага бакчадан эң жакшы алмаларды терип, толтуруп кошунасынын үйүнө барат.
Эшигин такылдаганын уккан кошунасы "аа, акыры анын жинине тийдим окшойт, эми анын жини келип, үйүндө тынчтык бузулат" деп ойлоп, айтчуу сөздөрүн камдап барып эшикти ачат. Бирок кошунасы баягыдай эле жылмайган калыбында кызарган алмаларга толгон чаканы сунуп туруп: " Ким эмнеге бай болсо, ошонусу менен бөлүшөт" деп акырын басып үйүн көздөй жөнөйт.
"Мусулмандар бири-бирине карата мээримдүү болушат"
Куран, Фатх сүрөөсү, 29-аят.
"Ак ниет адамдарга асылгандар көп болот, бирок абийирин эч ким ача албайт" А.Франс
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1