Байлыктын символу деп эсептелген Жон Рокфеллердин алтындай баалуу кеңештери.
1) Кимдир бирөөнүн колунда мүмкүн болушунча аз иштеңиз. Мисалы:бирөөнүн компаниясында,директордун көзөмөлүндө. Эч кимге көз каранды болбой турган иш башташыңыз зарыл. Кимдир бирөөнүн колунда иштегендер чындыгында чоң байлыкка жетпейт.
2) Эгер акчаңыз аз болсо бизнес кылышыңыз керек. Эгер акчаңыз жок болсо анда шашылыш түрдө бизнес башташыңыз керек.
3) Адамдар менен көп сүйлөшүңүз. Акча сиздин чөнтөгүңүзгө башка адамдар аркылуу келет. Түнт адамдар бай болуп кеткен учур чанда гана кездешет.
4) Дүйнөдөгү эң бай адамдардын өмүр баянын,адаттарын,ой жүгүртүүсүн изилдеңиз.
5) Кыялдануу-жашоодогу эң маанилүү нерселердин бири.Негизгиси кыялданыңыз жана кыялыңыз ишке ашышына ишениңиз. Кыялдануудан жадай баштаган же таптакыр кыялданбаган адам өлгөн адамга барабар болуп калат.
6- Өзүң жардам берүүнү каалаган адамдарга чын жүрөктөн жардам бер,акыңа эч нерсе алба. Алар тууганыңбы же таанышыңбы бул маанилүү эмес. Пайдаңын 10%ын кайрымдуулукка жумша.
7- Акчаны жөнү жок сарптай бербе. Сатып ала турган нерселериңдин тизмесин жазып алып анан башкаларга караганда арзан жерден соода кыл жана тизмеге жазган нерселериңи гана сатып ал.
Кыргызчага которгон:Алыкул уулу Абдимансур.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев