Туман – жерге жана суу бетине жакын белгилүү бир шарттарда пайда болгон абадагы суунун өтө майда тамчыларынан (же муздун майда кристаллдарынан) турган масса. Туман жер бетинен башталат да, бийиктиги 10 метрден бир нече ондогон метрге чейин көтөрүлөт, ал эми горизонталдык көрүү аймагын бир метрден бир нече метрге чейин чектеп коёт. Ушул эле кубулуштун атмосферанын жогорку катмарында ишке ашканы «булут» деп аталат. Туман ар кайсы убакта пайда болушу мүмкүн: эртең менен, түштө же кечинде.
《Кызыктуу фактылар》
☆Кышында жылуу үйдүн эшигин же терезесин ачканда, ал жерде кыска убакытка туманча пайда болот. Бул туманча жылуу температурадагы суу буусунун молекулаларынын чогулуусу аркылуу өтө майда тамчыларга айлануусу болуп эсептелет. Ал эми андагы пайда болгон миллиондогон тамчылардын ар бири эшиктен же терезеден келген шооланы чагылдыруучу өзүнчө булакка айлангандыктан, мындай туманчаны көз менен көрө алабыз.
☆Ал эми эшиктен келип жылуу үйгө киргенде, көз айнек бозоруп көрүнбөй калат. Мында да абадагы суу буусу муздак айнекке тийгенде конденсацияланып, ал жерде абдан майда тамчыларды пайда кылат да, көз айнектин айнегин жаап калат.
☆Буулануу процесси суу бетинде эле эмес, нымдуулукту сиңирген ар кыл заттын бетинде деле жүрө берет. Башкача айтканда, катуу беттерде, мисалы, кардын бетинде, жерде же музда да бууланат.

Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 1