Рамазандын орозосу: Дүйнөдө акырет үчүн эгин эгип жана соода кылуу үчүн келген адам баласынын тапкан пайдасына караган жагындагы көптөгөн сырларынын бир сыры мындайча:
Ыйык Рамазан айында амалдардын ар бир сообуна миң сооп жазылат.
Кураны Хакимдин айтымына караганда ар бир тамганын он сообу бар, он жакшылык деп эсептелет жана Бейиштин он жемишин алып берет.
Ыйык Рамазан айында ар бир тамганын он эле эмес миң жана Аятул Курсий сыяктуу аяттардын ар бир тамгасы миңдеген жана Ыйык Рамазан айынын жума күндөрүндө андан да көбөйөт.
Ал эми Кадыр түндө болсо отуз миң жакшылык болуп эсептелет.
Ооба, ар бир тамгасы отуз миң түбөлүктүү мөмөлөрдү берип жаткан Ыйык Куран - миллиондогон ошол түбөлүктүү мөмөлөрдү Ыйык Рамазанда ыймандууларга таптыра турган нурдуу Туба дарагы сыяктуу болот.
Эмесе кел, ушул ыйык, түбөлүктүү жана пайдалуу соодага кара, көр жана ойлон.
Бул тамгалардын баалуулугунун кадырына жетпегендер канчалык чексиз бир зыян ичинде болгонун түшүн...
Мынакей, Ыйык Рамазан айы акырет соодасы үчүн, абдан пайдалуу бир көргөзмө жана базар сыяктуу.
Же акыреттик түшүм жыйноо үчүн өтө сонун семиртилген жер сыяктуу.
Же болбосо иш-амалдардын өнүп жетилүүсү үчүн жазындагы апрель айы сыяктуу.
Аллахтын башкаруусунун алдында адамзаттын кулчулуктары расмий түрдө кабыл алына турган жаркыраган ыйык бир майрам сыяктуу.
Мына ошондой болгондуктан, жеп-ичүү сыяктуу напсинин наадандыгы менен айбандык муктаждыктарына, эч пайдасыз нерселерге жана напсинин кумарларын кандырууга кирбөө үчүн орозо тутуу менен милдеттендирилген.
Анткени, убактылуу түрдө айбандык жашоодон чыгып, периштелер сыяктуу абалга же болбосо
акырет соодасына киргендиги үчүн дүйнөлүк муктаждыктарын убактылуу чектөө менен акыреттик адам жана денеден бөлүнүп чыккан рух абалына кирүү менен, орозо аркылуу Самадийата кандайдыр бир күзгү болуу керек.
Ооба, Ыйык Рамазан айы - бул убактылуу дүйнөдө, убактылуу өмүр ичинде жана кыска бир жашоодо түбөлүктүү жашоону жана түбөлүктүү узун бир өмүрдү камтыйт жана таптырат.
Ырас, бир эле Рамазан - сексен жылдык өмүрдүн мөмөлөрүн таптыра алат.
Кадыр түн болсо, Куранда айтылгандай миң айдан да жакшыраак болгондугу бул сырга ачык далил боло алат.
Ооба, мисалы: Бир падыша өзүнүн бийлиги өкүм сүрүп турган маалында балким ар бир жылы, же падышанын такка олтурган шаан-шөкөтүн белгилөө үчүн же болбосо бийлигинин кээ бир салтанаттуу күндөрүндө атайын бир майрам өткөрөт.
Кол алдындагыларын ошол күнү жалпы мыйзам чөйрөсүндө эмес, балким жекече сыйлоосуна, түздөн-түз өзүнүн алдына, жекече кайрылуусуна, укмуштуудай иш-аракеттерине жана абдан ылайыктуу жана чын дилден берилген эли-журтун өзүнүн өзгөчө сүйүүсүнө бөлөйт.
Дал ошол сыяктуу: Эзел жана Эбед Султаны болгон он сегиз миң ааламдын Улуу Падышасы ошол он сегиз миң ааламга караган улуу жарлыгы болгон Терең сырдуу Куранды ыйык Рамазан айында түшүргөн.
Албетте ошол Рамазан - Жараткандын өзгөчө бир майрамы, көргөзмөсү жана руханий бир мажилиси сыяктуу болуусу терең даанышмандыгынын талабы.
Ырас, Рамазан айы ошол майрам болгондуктан, албетте аз да болсо абийирсиз жана айбандык кылык-жоруктардан адамдарды тыюу үчүн орозо тутууга буйрук кылынган.
Ал эми ошол орозонун эң толугу болсо: Ашказан сыяктуу бардык сезимдерди; көзү, кулагы, жүрөгү, кыялы, пикири сыяктуу инсандын башка мүчөлөрүнө дагы өздөрүнүн орозосун туттуруу керек.
Тактап айтканда: арам кылынган нерселерден, пайдасыз иштерден өзүн тыюу жана ар бирисине таандык болгон кулчулуктарын кылдыруу керек.
Мисалы: Тилин жалган сүйлөөдөн, ушактан жана жаман-орой сөздөрдөн тыюу менен ага орозо туттуруу.
Ошол тилди да Куран окуу, зикир кылуу, тасбих, салават, истигфар сыяктуу нерселер менен алек кылуу...
Мисалы: Көзүн арам нерселерди кароодон, кулакты жаман нерселерди угуудан тыйып, көзүн ибрат-үлгү алуучу нерселерге жана кулагын акыйкат сөз менен Куран угууга багыттоо сыяктуу башка мүчөлөргө да өздөрүнүн орозосун туттуруу керек.
Чын чынына келгенде ашказан эң чоң "фабрика" болгондугу үчүн, орозо менен аны эс алдыра турган болсо, калган башка кичинекей тетиктерди оңой эле ага моюн сундурууга болот.
Сегизинчи түйүн:
Ыйык Рамазан айынын инсандардын жекече жашоосуна караган жагындагы көптөгөн сырларынын бир сыры мына ушундайча:
Инсанга эң маанилүү дары сыяктуу керек болгон материалдык жана руханий перхиз (сактануу) болуп саналат.
Ал эми медицина жагынан диета деп аталгандыктан: Инсандын напсиси жеп-ичүү жагынан өзү каалагандай аракет кылган сайын, өзүнүн материалдык жактан ден
соолугуна зыян кылып жатканы сыяктуу, арам-адалды ылгабастан туш келген нерселерге кол суна берүү да албетте руханий жан-дүйнөсүн ууландырат.
Жан-дүйнө ууланган соң жүрөк менен рухка моюн сунуу ал напсиге кыйын болуп калат.
Кежирлик менен моюн сунбай тизгинин колуна алат.
Андан кийин инсан ага мине албайт, тескерисинче ал инсанды минип алат.
Ал эми напсисин тыйган адам ыйык Рамазан айындагы орозонун себебинен кичине болсо да сактанууга үйрөнөт.
Напсисин тарбиялай баштайт жана буйрукту угууну үйрөнөт.
Бечара ашказанга да, сиңирүүсүнөн мурун эле тамак үстүнө тамак толтура берүү менен ооруларды чакырбайт.
Ошентип буйрук аркылуу адал нерсени да жебөө менен, арамдыктан качуу үчүн акыл менен шарияттын буйруктаын угууга жөндөм пайда болот.
Руханий жан-дүйнөсүн бузуп албоого тырышат.
Анын үстүнө, инсандардын көпчүлүгү ачкачылыкка көп эле жолу дуушар болушат.
Сабырдуулук менен чыдамкайлыкка машыктыра турган ачкачылык менен напсини тарбиялоого абдан муктаж.
Ыйык Рамазан айындагы орозо - он беш саат, саарлык ичпесе жыйырма төрт саатка чейин созулган ачкачылыкка сабыр кылуу менен чыдоо - напсини тарбиялоо жана машыктыруу болуп саналат.
Демек, адамзаттын кайгысын эки эселенткен сабырсыздык менен чыдамсыздыктын дарысы да - орозо.
Анан дагы ошол ашказан "фабрикасынын" көптөгөн кызматчылары бар.
Жана да аны менен байланыштуу болгон инсандын көптөгөн мүчөлөрү бар.
Напси - эгер убактылуу бир айдын күндүзгү учурларында тыныгып эс ала турган болбосо, ошол фабриканынн кызматчыларынын жана ошол мүчөлөрдүн жекече ибаадаттарын аларга унуттуруп коёт, өзү менен алек кылат, аларга бийлик жүргүзө баштайт.
Инсандын башка мүчөлөрү да ошол руханий фабриканын механизмдеринен чыккан добушу менен түтүндөрүнөн башы маң болот.
Алардын назарларын дайыма өзүнө тартат.
Улуу милдеттерин убактылуу унуттуруп коет.
Мына ошондон улам: илгертен бери көптөгөн олуя адамдар өз кемчиликтерин жоюу үчүн напсилерин тарбиялоо менен, аз ичип-жегенге өздөрүн үйрөтүшкөн.
Бирок, ыйык Рамазан айындагы орозо аркылуу ошол ашказандын кызматчылары: Тек гана ал ашказан үчүн жаратылышпаганын түшүнүшөт.
Башка мүчөлөр да ал ашказандын абийирсиз чер жазууларынын ордуна, бул айда периштелер менен руханийлерге таандык болгон чер жазуулар менен ырахаттанышат жана назарларын аларга бурушат.
Мына ошондон улам: Ыйык Рамазан айында ыймандуулар даражаларына карап, башка-башка нурларга, берекелерге жана руханий кубанычтарга бөлөнүшөт.
Жүрөк, рух, акыл, сыр сыяктуу сезимдердин ошол куттуу айда орозо аркылуу көптөгөн өркүндөп-өсүүлөрү менен жогорулоолору бар.
Ашказандын ыйлоосуна карап, алар жайбаракат күлүмсүрөшөт.
Тогузунчу түйүн:
Ыйык Рамазан айындагы орозонун түздөн-түз напсинин кыялдуу башкаруучулугун жок кылуу үчүн жана алсыздыгын көрсөтүү менен кул экенин билдирүү жагындагы сырларынын бир сыры мына мындайча:
Напси Жаратуучусун тааныгысы келбейт, фараон сыяктуу өзү гана башкаргысы келет.
Канчалык азаптар чектирилсе да ал сезим анда кала берет.
Бирок, ачкачылык менен ошол сезими жок болот.
Мынакей, ыйык Рамазан айындагы орозо түздөн түз напсинин фараондук тумшугуна сокку уруп талкалайт.
Алсыздыгын, күчсүздүгүн жана муктаждыгын көрсөтөт.
Кул болгондугун билдирет.
Хадис айтымдарында айтылат: Аллах Таала напсиге мындай дейт:
"Мен киммин, сен кимсиң?" Напси мынтип жооп кайтарат: "Мен менмин, сен сенсиң".
Аллах Таала напсиге азап берет, тозокко салат анан кайрадан сурайт.
Кайра эле: "Мен менмин, сен сенсиң" дей берет.
Азаптын кандай гана түрүн бербесин, менменсинүү менен текеберлигинен баш тартпай коёт.
Андан соң ачкачылык менен азап берет.
Тактап айтканда ачка калтырат.
Кайра сурайт: "Мен киммин, сен кимсиң?"
Ошондо гана напси: ﺍَﻧْﺖَ ﺭَﺑِّﻰ ﺍﻟﺮَّﺣِﻴﻢُ ﻭَﺍَﻧَﺎ ﻋَﺒْﺪُﻙَ ﺍﻟْﻌَﺎﺟِﺰُ
"Сен менин өтө ырайымдуу Жаратуучумсуң, а мен сенин алсыз бир кулуңмун..." деп айткан экен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2