Предыдущая публикация
Жамгырда баскым келди...
Балким чексиздиктен кулап келе жаткан бул таза тамчыларга өзүмдүн чаң болуп, чачылган жан дүйнөмдү жуугум келгендир...
Күнүмдүк майда, катуу сөздөргө тууралган дилимди, ызаа толуп кирдеген көңүлүмдү тазарткым келди бекен?
Кана эми жүзүмдү жуугандай, жүрөгүмдү да жууп сала алсаң жамгыр....
Тоолорду сагындым. Тоолордой бийиктегим келди. Сыягы көңүлүм жапыздыктан, пастыктан тажап бийиктикти самагандай...
Жалгызым (Назик)....
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев