Айланабыздан 40 жаштан ашкан чоң курсактуу эркектерди баарыбыз эле байкап жүрөбүз. Мындай чоң курсак эркектерге ыңгайсыздык гана жаратпастан, ден соолугуна да доо кетирип, алардын эң көйгөйлүү маселеси болуп келет. Анда чоң курсактуу эркектер үчүн пайдалуу маалыматтарды сунуштайбыз.
Чоң курсактын эркектердин ден соолугуна коркунуч туудурарын изилдөөлөр далилдеген. Организминде талий нормасынан ашыкча көп эркектер өлүмгө да дуушар болушат. Бул маселе аларда 28-30 жаштан башталып, убагында кам көрбөсө, улам жаш өткөн сайын чоңоё берет. Эркектердин курсагынын чоңоюшу аялдардыкынан айырмаланып турат. Аялдар толгондо майлар денесинин бардык бөлүгүнө тарайт. Ал эми эркектерде майлар курсагынын айланасына гана чогулат. Андан арылуудан мурда анын эмне себептен пайда болорун билүү зарыл.
Курсактын пайда болуу себептери жана алдын алуу
Ашыкча тамактануу. Бул – чоң курсактын пайда болушунун негизги себептеринин бири. Бул учурда таттуу, ун азыктары, майлуу, ачуу тамактардан алыс болуп, сууну, чөп чайларды көбүрөөк ичип, диеталык тамак-аштарды колдонуу керек.
Тамак сиңирүүдө газдын ашыкча пайда болушу. Организмде газды таттуулар, буурчак, капуста, шпинат, жүзүм, таттуу алма, малина, квас, сыра, кара нан пайда кылат. Ошондуктан эркектер мындай газды пайда кылуучу азыктарды көп колдонбоосу зарыл.
Терс адаттар. Сыра, аны менен кошо колдонулган закускалар курсактын чоңоюшунун себеби болуп саналат. Анткени алардагы туздар организмде сууну сыртка чыгарбай кармайт. Андан сырткары сыра аялдардын бир нече гормондорун камтыйт. Бул факторлор май клеткаларынын бат чогулушун жөндөйт.
Аз кыймылдуулук. Бул себеп көбүнчө айдоочуларга жана бир жерде отуруп иштеген эркектерге тиешелүү. Алардын курсак булчуңдары дайым начар абалда болгондуктан курсагы шишип, капталдары сан-сан болуп бөлүнүп калат. Ошондуктан эркектер дайыма пресс сыяктуу ар кандай физикалык көнүгүүлөрдү жасап турушу шарт.
Инсульт, инфаркт. Кан басымынын көтөрүлүшү, тынбай тамеки чегүү, физикалык активдүүлүктүн жоктугу жана организмде майдын көп болуп кетиши инсульт, инфаркт ооруларын чакырат.
Импотенция – бул чоң курсактуу эркектердин негизги маселеси. Гипертония, жүрөк-кан тамыр оорулары, гормоналдык бузулуудан улам бул ооруга чалдыгышат. Организм майга толгондо эркектин жыныс гормондору нормалдуу эрекция үчүн жетишсиз болуп калат. Ошентип, эркектердин спермасынын саны азайып жана сексуалдык жактан алсыздык келип чыгат. Жадагалса тукумсуздукка да дуушар болушу мүмкүн.
Жүрөк булчуңдарындагы кандын жетишсиздиги. Жүрөктүн үзгүлтүксүз иштеши адамдын салмагынан көз каранды. Ашыкча салмактан кан айлануу бузулуп жүрөктүн булчуңдарында кандын жетишсиздиги пайда болот.
Боордун жабыркашы. Боор негизинен майды сиңире албайт. Ошондуктан толук адамдар боордун майлуу гепатозу менен көп жабыркайт. Андан сырткары алкоголдук ичимдиктерди көп ичкенде да боорго зыян келет.
Өпкөнүн жабыркашы. Ич көңдөйүндө майдын топтолушунан улам ич көңдөйүндөгү жана көкүрөк ичиндеги кан басымы көтөрүлүп, натыйжада көкүрөк клеткасынын дем алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөп жүрөктүн иштеши кыйындайт. Бул факторлор өпкө ткандарынын ийкемдүүлүгүн азайтат жана алардын иштешин татаалдаштырат. Өпкөнүн жабыркоосунан газ алмашууда жана дем алууда маселе жаралат.
Бугунку кундо Алоэ Веранын продукциясы жогорку денгээлде жардам берет, кайра семируу болбойт. Томонку продукциялар, т.е программадагы продукциялар колдонулат, сурап билуу учун томонку телефон номерге кайрылсаныздар болот :
📱+7905 766 35 25
#здоровые##красота#алоэ#красота#кыргыздаручун#бизнес#здоровые#
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев