Предыдущая публикация
Санаадан чыкпай күндөрдүн өткөн тизмеги.
Сароору кылган сүйүүнүн калып жүрөктө,
Сезимден өчпөс махабат салган издери.
Сагындым сени кумсарып өңүм кусадан,
Жылдырбай тагдыр кадамым байлап тушаган.
Өңүмдө эмес, түшүмдө жалгыз өзүң деп,
Канатым керип, карааның издеп уча алам.
Сагындым сени көзүмө кээде жаш алып,
Көңүлдө бирге, өмүрдө бөлөк жашадык.
Алыста калган жаштыктын өткүр күчүнөн,
Байкоосуз балким, кетиптир далай каталык.
04.11.2024 ТТ. Набережные Челны.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев