Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева менен Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров чек ара аймагындагы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап барышты.
Жетекчилер Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектебиндеги акыркы коңгуроо саланатына катышышты.
Министр Гүлмира Кудайбердиева бүтүрүүчүлөргө каалоо тилектерин айтуу менен, чек аралаш аймактын жаштарынын жогорку билим алуусуна мамлекет тарабынан, жогорку окуу жайларында окуу үчүн бюджеттик орундар менен жеңилдиктер болоорун белгилеп, компьютердик класска, компьютерлерди алуу үчүн сертификат тапшырды.
Ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров куттуктоосунда, бүгүнкү бүтүрүүчүлөрдүн арасынан өлкө келечеги болгон, бардык тармактын мыкты адистери чыгаарына ишеничин билдирип, мектеп администрациясына китептер менен сыналгы белек кылды.
Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө Б.Ходжаев орто мектебин капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 10млн сом каражат бөлүнгөнүн, жаңы окуу жылына мектеп толугу менен жаңыланаарын айтты. Ошондой эле Ак-Сай айыл аймагына эки бала бакчанын курулушу башталаарын белгиледи.
Бүгүн областыбызда 9-классты 7705, 11-классты 4963 бүтүрүүчү окуусун аяктап жатат.
Ал эми Баткен району боюнча 11-классты 934, 9-классты 1370 окуучу бүтүрүүдө.
Учурда жалпы облус боюнча 244 жалпы билим берүүчү мектептер бар, анын 6 жеке менчик. Аларда 99 миңден ашык окуучулар билим алышууда.
Мектеп окуучуларына 7258 мугалимдер билим тарбия беришүүдө.
Бул күнү министр менен ыйгарым укуктуу өкүл, Баткен районунун чек аралаш жайгашкан Орто-Боз айылындагы Ж.Момунов жана Ак-Татыр айылындагы Т.Садыков атындагы орто мектептеринин абалын да көрүп чыгышты.
Чолпон Бердигулова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев