Учурда бойго бүтүрбөөчү ыкмалар көп. Алар - ийне сайдыруу, таблетка ичүү, презерватив, жатынга салынуучу спираль... Арасынан эң ыңгайлуусу жатынга салынуучу спираль болуп эсептелет. Эмесе, ошол спираль тууралуу билип алыңыз.
Жатындын ичине коюлуучу спираль деген эмне?
Жатындын ичине коюлуучу спираль – пландаштырылбаган бойго бүтүүдөн сактоочу натыйжалуу каражат. Анын эки түрү бар: биринчиси желимден жасалып, жез менен оролот. Аны аялдын жатынына койгондо жез эркектин уруктугунун активдүүлүгүн аялдын уруктугуна жеткирбей жоготуп, кыймылын токтотуп коёт. Экинчиси - гормон бөлүп чыгаруучу спираль. Аталган спираль гормон бөлүп чыгарат, аялдын бузулган гормонун өз калыбына келтирет. Анын дарылык да, бойго болтурбоочу да касиети бар. Ал аялдын организминде гормоналдык өзгөрүү болгондо коюлгандыктан жатындын ички чел кабыгын өтө ичкертип, кош бойлуу болуу мүмкүнчүлүгүн жоготот. Бул спираль гормоналдык жактан өзгөрүүсү бар, миома, гиперплазия, аденомиоз оорусу барларга гана коюлат. Негизинен спиралдарды салдыруунун алдында толук көзөмөлдөн өтүү шарт.
Спиралдын алтын жана күмүштөн жасалган түрлөрү да бар
Алтын спираль алтындын эң жогорку сапатынан даярдалат. Ал жез менен күмүштөн жасалган спиралга караганда аялдын организмине бир топ пайдалуу, дат баспайт жана узакка коюлат. Алтын спираль аялдын организминдеги ткандар менен идеалдуу айкалышат. Ал бойго бүтүүдөн гана сактабастан, жатын ичинде пайда болуучу ар кандай жарааттардан коргоп, жугуштуу ооруларды күчөтпөйт. Аллергиялык оорулары барлар үчүн коркунучсуз. Спиралды салып-алууда аялдын жатын моюнчасын жабыркатпайт, эч кандай оорутуу байкалбайт. Ушундан улам дарыгерлер алтын спиралды тандоону сунушташат. Алтын спираль менен аял 7 жылга чейин жүрсө болот. Бир кемчилиги баасынын кымбаттыгында.
Күмүш спираль. Моюнчасына күмүш оролгон спираль аялдын жатынын бактериялардан сактоочу, дезинфекциялоочу касиетке ээ. Андан сырткары күмүш жатындагы ар кандай жарааттардын ырбап кетүүсүнөн коргойт. Бул спиралды аял төрөгөндөн 6 жумадан кийин койдура берсе болот. Баасы алтынга караганда арзан.
Кайсы учурларда спираль колдонууга тыюу салынат?
– Айыз узакка созулган кан кетүү менен коштолгондо
– Жамбаш сөөгүнүн туберкулёзунда
– Жыныстык органдагы онкологиялык шишиктерде
– Жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу ооруларда
– Жатын моюнчасынын жарасында (эрозия)
– Жыныстык органдын жарааттарында, суук тийүүдө
– Аялдын темирден аллергиясы бар болсо
Спиралдын оң жана терс жактары
Оң жагы: Спираль аялдын организминде 3-5 жылга чейин жүрө берет, болгону 1 жылда 2 ирет гинекологго барып көрүнүп туруусу керек. Эгерде боюна бүтүрүүнү кааласа, дарыгерге барып кайра алдыргандан кийинки айларда бойго бүтөт.
Терс жактары: Эгерде спираль туура эмес коюлса же аялдын жатыны өтө сезимтал келсе, жатыны ылдый тартып толгоо сыяктуу оорутуп, токтобой кан кетүүсү мүмкүн. Мындай шартта спиралды бойго бүтүрбөөчү башка каражаттар менен алмаштырууга туура келет.
Спиралдын үстүнө кандай шартта бойго бүтүп калат?
Спиралды койгондон кийин он күн аралыгында ал өз ордун таап жайгашат. Бул аралыкта аял оор нерсе көтөрбөй, жыныстык байланышта болбой өзүнө кам көрүүсү керек. Он күндөн кийин дарыгерге спиралдын жайгашканын текшертип кетүүсү зарыл. Бул эрежелер аткарылбаган шартта спираль ордунан жылып бойго бүтүп калат. Кээде спираль ордунда турса деле бойго бүтүп калган көрүнүштөр болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 31