Ал ата-энесинен эрте ажырап, балалыгы жокчулук, азап менен өткөн. Мекендешибиз Бакыт көпчүлүккө үлгү болуучу жашоосу, басып өткөн жолу тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.
Бакыттын айтымында, ата-энеси 3 жашында көз жумуп, 5 жашынан тартып базарда коробка чогултуп иштеген. Ал ата-энесинин жалгыз баласы болчу. Ал эми ачка калганда кошуналарынан тамак сурап жеген күндөрү болгон. «Мен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда төрөлгөм. Ата-энемден 3 жашымда айрылдым. Алар Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй конокко бара жатканда автокырсыктан каза болушту. Ал эми ата-энемдин бир туугандары “бага албайбыз” деп, менден баш тартып коюшкан. Ошондо апамдын бир тууган сиңдиси багып алган экен. Бирок эч ким ата-энемдин ордун баскан жок.
Бала кезимде бир күн ток болсом, бир күн ачка калчумун. Ачка калган күндөрү кошуналардан нан сурап жечү элем. Таежемдин балдарынан таяк жеп жүрүп чоңойдум. 5 жашымдан баштап кыштын чилдесинде да базарда коробка чогултуп сатчумун.
Таежемди жаман дебейм. Мени чоңойтуп, үйүнөн орун бергени үчүн ага ыраазымын. 2016-жылы таежеме Бишкектин борборунан үй сатып бердим. Учурунда менден баш тарткан туугандарым “катташалы, биз тууганың болобуз” деп чыгышты. Бирок азыр мен алардан баш тартып койдум, эмнегедир кечире албайм», - деди Бакыт.
Бакыт 9 жашында Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги ошол кездеги депутат менен кокустан жолугуп, анын чоң жардамын алган. «Кайрымдуу, жакшы инсандар арабызда көп экен. 9 жашымда белгилүү депутат мага чоң жардам берген. Анын атын атабай эле коёюн. Ал менин базарда жүргөнүм, жетим экенимден кабардар экен. Бир күнү “менден сага жардам болсун” деп, Казакстандагы мамлекеттик гимназияга окууга жиберген. Ал жакта анын тааныштары көп экен. Ошол тааныштарына мени дайындап, жакшы окугандыктан үлгүлүү окуучулардын катарында болдум. Гимназияны кызыл аттестат менен бүтүрүп, мамлекеттик тестирлөөдөн жогорку балл топтодум. Ошол учурда бир жакшы инсан өзүнүн балдарына мени да кошуп, Нью-Йорк шаарына билим алуу үчүн алып келди. Ошол күндөн баштап менин жашоом өзгөрдү десем болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16