Өмүр баяны
Кыргыз элинин демократ акыны, ойчул, комузчу, обон-күү чыгарган чебер Токтогул Сатылган уулу - Токтогул Сатылганов, 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Сасык -Жийде айылында (азыркы Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылы) туулган.
Бала кезинен ыр-күүгө шыктуу болуп, 13 жашынан ырлары айыл арасына тарай баштаган.
1917-жылкы Октябрь Төңкөрүшүнө чейинки ырларында «Жокчулуктун айынан», («Жүргөнүм Кабак жер болду») деп, ал эл тарабында туруп, эмгекчилердин таламын талaшкан, теңсиздикке жек көрүү сезимин билдирген.
1898-ж. Андижан көтөрүлүшүнө катышты деп жалган жерден айыпталып, падышалык сот тарабынан өлүм жазасына өкүм чыгарылып, бул жаза Сибирге 7 жылдык сүргүн менен алмаштырылган.
1905-ж. сүргүндөн кайтып келген.
Сүргүндөн качып келгенден кийин «Жерди көргөндө», «Кетментөбөнү көргөндө», «Энсеген элим аманбы?», «Апакем аман барсыңбы?», «Туткундан келгенде» аттуу ырлардын циклин түзөт.
Өзгөрүлмө дүйнө, өмүр, өлүм, турмуш жөнүндө ой жүгүртүүлөрү: «Терме», «Санат», «Дүнүйө», «Замана», «Өмүр», «Карылык», «Үлгү ырлар», «Насыят», «Жаштарга» ж. б. ырларында чагылдырылган.
Токтогул - айтыш өнөрүнүн чебер өкүлү.
Бардыгы эле түп нускасында жеткен эмес.
Токтогул жана Октябрь төңкөрүшү
Социалисттик идеологиянын түрдүүчө саясий кампанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талабына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыштарын да жасалмалаган жерлери кездешет.
Мисалы, ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат менен айтышы» да таптакыр болбоптур. Деги эле тарыхта андай ырчы жашабаптыр. Анын Эшмамбет, Калык, Коргол, Алымкулдар менен саламдашуу, таанышуу, алжай сурашуу, ырчылык өнөр тууралуу баарлашуу иретинде айтыштары; Барпы м-н сынак айтышы, кажышчаак орой ырчы Найманбай менен кармашы тажрыйбалуу, чоң чебер айтышчыл экендигинен кадимкидей кабар берет.
Токтогулдун Совет доорундагы ырлары жөнүндө («Кандай аял тууду экен Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» ж. б.) кийинки кездерде талаш пикирлер жаралып келатканы маалым.
Бул - тарых чындыгынын талабы, мезгил талабы.
Токтогул жана оозеки адабият
Токтогул элдик кенже эпосторду мыкты билген чебер аткаруучу болгон. «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Кедейкан» оЛЖОБАЙ МЕНЕН КИШИМЖАН
Токтогулдун комузчулугу жана шакирттери
Токтогул ондогон ырчылар менен комузчулардын устаты болгон. Ал өз мектебин түзгөн. Калык, Коргол, Алымкул андан таалим алган.
Токтогул оригиналдуу күү чыгарган үлкөн комузчу катары да өчпөс из калтырган талант.
Обон күүлөрүн комузда эркин кол ойнотуп, темпин, ыргактын жүрүшүнө карата түрдүү мимикага салып мазмунун жорго сөздер менен жамакташтырып ырдап черткен.
Белгилүү күүлөрү
«Маш Ботой»
«Кыз кербез»
«Чоң кербез»
«Мырза кербез»
«Миң кыял» ж.б.
.
Эстутум
Ушул тапта Кыргызстандагы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү район, Нарын суусундагы ири ГЭС, улуттук филармония, Бишкек шаарындагы №69 Окуу-Тарбия Комплекс-Гимназиясы Токтогулдун ысымын алып жүрөт.
Туулуп-өскөн жеринде анын үй-музейи бар.
Ондогон орто мектептер, көчөлөр Токтогулдун ысымын алып жүрүүдө.
2014-жыл ТүркСОЙ тарабынан "Токтогулдун жылы" деп жарыяланган.
Кошумача маалымат болсо - кошунуздар. Куулорунон кобуроок.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7