«БАЙЛЫГЫНАБЫ,СУЛУУЛУГУНАБЫ ЖЕ ЫЙМАНЫНА КАРОО КЕРЕКБИ?! »*
✍🏻Абдул-Асвад өз балдарына: «Мен силер төрөлгөнгө чейин эле келечегиңер жөнүндө кам көргөм» десе, уулдары таң калышат. Анда ал: «Силер үчүн башка бирөөлө р артынан сөз ыргытпаган, элге жамандыгын көрсөтпөгөн энелерден тандап алдым» деген экен. Демек, келечектеги перзенттеринин камын көрүү – аларды ким төрөп, тарбиялайт - деп жар тандоодон башталат.
✨Пайгамбарыбыз Мухаммед с.а.в.: «Аялдар байлыгы, сулуулугу, ата- теги жана ыйманы менен турмушка чыгышат. Колуң чаң болсо ыймандуусуна жеткенге аракет кыл « деген. «Колуң чаң болсо да» дегени – аялың кедей болуп, өзүң кара жумуш аткарып калсаң да дегени. Анткени аял бай болгонуна карабай ыймансыз болсо – өзүмчүл келет да байлыгына чиренип күйөө лөрүн башкарууга умтулушат. Албетте күчтүү эркек буга жол бербеске аракет кылат жана ортодо жарака кетет. Искендер Зулкарнайн «күйөө сүн башкарам деген кыз экен « деп падыша Дааранын кызына үйлөнбө й койгону тарыхтан маалым. Дагы бир чыгыш акылманы: «Кимде-ким аялга анын байлыгы үчүн үйлөнгөн болсо, Алла анын жакырчылыгын көбөйтөт» деген экен.
Аял сулуу болгонуна карабай ыймансыз болсо – даңкка ач болот. Ал дайым көңүл борборунда болгусу келип, ар жерде өзүн гана ойлогон эгоист келет да адатта көп эрге тийип, акыры бактысыз өтөт.
Эгер нике аялдын байлыгына карап курулса – кедейлик келгенде, сулуугуна карап курулса карылыкта, ата-тегине карап курулса алардын абалы өзгөргөндө бузулуп кетүүсү мүмкүн. Бир гана ыйманына карап курулган нике бекем болот. Анткени, ыймандуу аял өзүнүн байлыгына, ата-тегине, сулуулугуна карабай эрге баш ийет, анын бар жогуна моюн сунат жана анын балдарын жакшы тарбиялап өстүрөт.
✨Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Кыктын (көңдү н) үстүндө өскөн сулуу гүлдөн качкыла» деген. Ал гүл - тарбиясы жок же жүрүм туруму начар ата-эненин кызы. Ар үй-бүлө өнүн негизги максаты тукум улоо болгондуктан перзенттерди тарбиялоодо эненин ролу чоң. Бирок, кезегинде эне өзү начар тарбияланган болсо, балдарына эмнени бере алат? Албетте андай эненин тарбиясын алган балдар коомго да ата- энесине пайдасыз чоңоюшуп, келечекте көптөгө н тарткылыктарга себепкер болушат.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аялдардын жакшысы – карасаң кабагыңды ачканы буйурсаң көңүлүңдү тапканы, сен жок кезде өзүн жана байлыгыңды бек тутканы» деген. «Карасаң кабагыңды ачканы» дегени - анын сулуулугу, кийминин тазалыгы жана толук зыйнаты жөнүндө маани берет. «Буйрусаң көңүлүңдү тапканы» дегени – анын жакшы жердин кызы экендигине жана жакшы тарбия көргөндүгүнө ишарат кылат. Ал эми «Сен жок кезде өзүн жана байлыгыңды бек тутканы» дегени - анын дининин күчү жана Аллага, Анын элчисине болгон ишениминин билдирет. Демек, аялы ички жана тышкы дүйнөсүндө күйөсү жактырган образда болууга тырышуусу, дайыма күйөсүнүн ыраазычылыгын табууга шашылуусу жана макулдуулугун эрчүүсү , күйөө сүнө жүрөгү нөн берилип, анын жогунда намысын сактоосу жана анын байлыгына бек туруусу зарыл.
✨Ислам улуу окумуштуусу имам Газали уулуна аял тандоо жөнүндө : «Эй, уулум! Аялың тарбия көргөн, адеп-ахлактуу, жүзү жарык, денеси таза, оокатына тың, тамак-ашка эпчил, ак көңүл болсун. Тууган-туушкандарды урматтоочу, айылдаштарың ды сыйлоочу, ар-намысыңды, кадыр-баркыңды коргоочу, айткандарың ды өз убагында аткаруучу аял гана – Алла сүйгөн чыныгы жар боло алат. Мал дүнүйөсүнө кызыгып аял алба, көз каранды болуп, эркин жашай албайсың . Аялга көз каранды болсоң сен өзүң аял, аялың эркек болуп калат. Аялга көз каранды болуу эркек кишинин күч-кубатсыз экендигинин белгиси.
Ошондой эле аялдын сулуулугуна кызыкпа, сулуулардын көбү ойнош күткөнгө кумарланат» деп насыйкат кылган экен.
Чыгыштын бир даанышманы: «Аялдын сулуулугу үчүн үйлөнбөгүлө, ал сулуулук, анын өзүн кууратышы ыктымал, жана байлыгы үчүн үйлөнбө гүлө, ал байлык анын өзүн соолутушу ыктымал. Силер диндеги кызга үйлөнгүлө, эгерде кара малай аял болсо да, ал аял динде болсо, ошол артыгыраак» деп айтты.
Ислам тарыхындагы Пайгамбардан с.а.в. кийинки экинчи халиф Умар ибн Хаттаб р.а. элдин акыбалын билүү үчүн кээде түндө чыгып шаар кыдыраар эле. Ошондой түндөрдү н биринде сүт саткан аялдын, кызы менен болгон маеги анын көңү лүн бурат. Сүт саткан аял: «Тур, туруп тигил сүткө суудан кошуп кой» - деген буйругуна кызы: «Апа, момундардын амири Умар сүткө суу кошпой саткыла» дебеди беле?!» деп каяша айтат. Анда апасы: «Умар азыр көрүп туруптурбу? Тур кошуп кой!» деп кайра буюрат. Кызы: « Апа, Умар көрбөсө да Умардын Алласы көрүп турат. Мен ага көпчүлү ктүн арасында баш ийимиш болуп, жалгыз калганда зулумдук кылганым туурабы?!» деп суроо менен жооп берет. Мунун баарын уккан Умар эртеси уулу Асымга сүт саткан аялдын үйүн айтып - «Уулум, сен мындай-мындай болгон жерге барсаң бир кыз бар, эгер ага куда түшүп койушпаган болсо, сен ошого үйлөн, мүмкүн Алла сени ошол берекелүү адам аркылуу ырыскыландырат» деп буйрук кылат. Умардын уулу Асым ошол кызга үйөнүп ортодо бир кыздуу болушат. Ал кызга Абдул-Азиз ибн Марван үйлөнөт да, алардан ислам тарыхында адилеттүү үлүгү боюнча бешинчи халиф деп аталган Умар ибн Абдул-Азиз төрөлө т.
Кыргызда «Энесин көрүп кызын ал, үйүн көрүп төрүнө өт» деген сөз бар. Албетте, энеси жакшы болсо кызы да жакшы.
Күйөө сүнүн көңү лүн калтырбаса, келип кетип турган аяштарын, тууган уруктарын сүйлөгө н сөзү, кылган мамилеси, жайган дасторкону, ага коюлган тамагы менен тамшандырып, үй ичин таза кармап, балдарын куурчактай кийгизип, өзү ак маңдай жар болгон затты кыргыз эли ырыс-кешик, байлыкка теңеген.
Үйүнө конок келсе, күйөө зайыбын карайт. Анын кабак кашынан, келген конокту жактырганы же сүйбөгөнү байкалат. Кабагын жарык кармап, кенедей да сыр алдырбай, келген коногун ыраазы кылып узаткан зайыпка кыргыздар ак жоолук делбир деген кеп чыгарган. Делбир - деген сөз таджиктин дилбар – дилди, көңүлдү тартып турган деген сөзүнөн келип чыккан. Мына ушундай эненин кызы аябай талашка түшүп, андай эненин кызын алуу - ар бир үйгө сыймык болгон.
Андан кийин, «ууру кескинин кызы болуп балабыздын медери чөкпөсү н» деп кыздын атасын, анын үйдөгү кадырын, элге сиңген баркын сүрүштүргөн.
Аягында «алган жары начар чыгып, балабыз кор болуп калбасын» деп кабатырланышып, атайы сынчы жиберишип, кызды сындатышкан. Сынчы кыздын басканынан баштап, чай куйганы, малга, тиричиликке жөндөмү , сүйлөп- ойлогону, кебетеси, күлүп- каткырганына чейин байкаган.
Жакшы эненин кызы жөнүндө кабар куш менен тараган. Антпесе Акмөөрдү н даңкы Кеминге жетмекпи да, Жантай салпактап Соңкөлгө бармакпы?
👨👩👧👦"Бактылуулук Формуласы "
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев