Кызыл өңдөгү жашылчалар (кызылча, болгар калемпири, помидор) кандын айланышын жакшыртып, ишке жөндөмдүүлүктү арттырат.
Кызгылт-сары өңдөгүлөр (курма, шабдалы, ашкабак, мандарин, сабиз) нерв клеткаларынын калыпка келүүсүнө таасир этип, булчуңдун иштөөсүн жакшыртат. Сексуалдуулукту жогорулатып, маанайды көтөрөт, баш ооруну басат.
Сары өңдөгүлөр (лимон, ананас, сары алма, банан ж.б) тамак-аштын сиңишин жакшыртат, ичтейди ачып, энергия менен жабдыйт. Кандын убагы менен тазаланышына да салым кошот.
Ак өңдөгүлөр (сарымсак, капуста ж.б.) адамдын нервин тынчтандырып, кыжырланууну таратат. Организмдеги ууларды чыгарат.
Жашыл өңдөгүлөр (салат, көк чөптөр, броколли, жашыл нокот, көк алма) мээге азык болуп, активдүүлүктү күчөтүп, чыңалууну жоёт. Буларды жегенден кийин адам сергип, ойлоосу жакшыра түшөт.
Жашыл өңдөгү жашылчалардын башкы касиети – кандын курамындагы гемоглобиндин иштелип чыгышына өбөлгө болушунда.
Көк өңдөгүлөр (күңүрт өңдөгү жүзүм, көк кабыктуу картошка) кан тамырлардын иштешин жөнгө салып, көрүүнү жакшыртат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев