Айымдар менен сүйлөшүүдө кантип сөз баштоону билбейсизби? Андай болсо биздин кеңешке көңүл буруңуз!
Кантип сүйлөшүү керек? Пикир алышуунун негизги эрежелери кандай? Биз сиздерге туура сүйлөшүүнүн эрежелерин, айымдын алдындагы кыйын абалдан, сүйлөшүүдөгү убакытты созгон тыныгуудан , сөз таппай калуу, кандай тема ачуу, эмне жөнүндө сурап , эмнени жөн коюу керек ушулар тууралуу айтабыз.
Сүйлөшүүнүн эң маанилүү бөлүгү
Сүйлөшүүнүн эң маанилүү бөлүгү булар: саламдашуу, коштошуу, туура таанышуу, өз пикирин түзүү жана айта билүүнү талап кылуу. Эми алардын ар бирине көңүл буралы.
Жылмаюу - туура саламдашуунун негизги куралы
Саламдашуу сүйлөө этикасынын элементи болуп саналат. Сылык, жагымдуу жылмаюу менен саламдашууда сиз ар бир кызга эң жакшы таасир калтыра аласыз. Ошондуктан олуттуу болуунун эч кандай кажети жок. Дайыма жагымдуу жылмайып, саламдашкандан кийин да дайыма жылмайып турганды унутпаңыз.
Комплимент кылуу маанилүү
Комплимент адамдын жакшы касиетин мактоодон же баса көрсөтүүдөн турат. Өзүнүн мааниси боюнча комплимент бул психологиялык сезим туудуруунун механизми. Сиз комплимент айтуу менен анын маанайын көтөрүп сизге мамилесинин жакшы деңгээлге көтөрүлүшүн камсыздайт. Ошентип сиз көздөгөн максатыңыздын бир тепкичин аттадыңыз.
Кол кысып коштошуу эмнени билдирет?
Туура коштошуу айым менен жолуккандан кийин кандай ойдо калганыңыз тууралуу маалыматты берет. Андыктан сиз анын колун кысуу менен тынчтыкты каалап, аны менен келишимге келип, жакшы маанайда калышын тилеп, дагы кезигээриңиздерди белгилеген болосуз.
Эмне үчүн баарлашуу кыйын?
Адам үчүн эң башкылардын бири баарлашуу болуп саналат. Бирок, кээ бир адамдар менен сүйлөшүү, бирге болуу бизге ырахат алып келсе, башкалары түйшүккө салып, капалануу сезимин жаратат. Мунун көп себеби бар, алардын ичинен адамдын адептүүлүгүнө, башкача айтканда конкреттүү шартка ылайык келүүчү жалпы моралдык принциптерди ишке ашыра алуусуна байлыныштуу. Мисалы, олуттуу адам менен шайыр адамдын баарлашуусу кыйын болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан сиз таанышкыңыз келген адамдын менталитети, адеби, тарбиясы башка болуп калса, анын тилине кирип, анын кызыккан темаларын ачканга аракет кыласыз. Анан аны багындырып алгандан кийин гана баары сиз каалагандай болуп калат. Экөөңүздөрдүн кызыкчылыгыңыздар бир болуп, баарлашуу кыйынчылык жаратпайт.
Сүйлөө этикасы
Сөз - бул мамиле. Ошондуктан орой мамиле жасоо адепсиздикти билдирет. Сүйлөшүүнүн темасына караганда сүйлөшө билүүнүн мааниси чоң. Өзүңүздүн жана башканын жагымсыз нерселерин айткандан алыс болуңуз.
-Шеригиңиздин кызыкчылыгын эске алуу менен аны кызыктырган нерсе жөнүндө сөз кылуу, өзүңүз тууралуу айтып берүүңүз шарт.
-Аны менен сүйлөшкөндө мыскылдоодон, тымызын шылдың кылуудан алыс болуңуз.
-Мактангандан, бой көтөргөндөн алыс болуңуз, бул кыздын кыжырын келтирет. Бир чети байлыкка кызыккан кыздар аз эмес, ошондуктан анча-мынча жумушуңузду айтып кызыктырып коё алышыңыз мүмкүн. Бирок, мындай кыздар адамдын адамдык сапаттарын эч убакта баалай биле албаган, билимсиз, эң негизгиси акылсыз жар экенин эске алыңыз.
Кыздар менен өзүнчө олтуруп сүйлөшкөндө сиздердин ортоңуздардагы аралык 46 см- 1,2 м болуш керек. Ошондо жакындан таанышып, сүйлөшкөнүңүз туура болот. Аябай жакын олтуруп сүйлөшсөңүз, ал адамга эмоцияларыңызды билдирсеңиз, анда ага өзүңүз тууралуу жаман ой калтырып коёсуз.
Эмоцияны башкара албоо эмнеге алып келет?
Сүйлөшүүдө эгер бирин-бири түшүнө албаса токтоолук менен жеңгенге аракет кылыш керек. Адам сүйлөгөндө эмоциялык абалы айрыкча таасир этет. Толкунданып сүйлөө булчуңдарды чыңалтат, натыйжада байланышы жок, андан-мындан алып, сөздөрдү кыскарта салып, дайыны жок сүйлөөгө алып келет. Канчалык адам өзүнүн эмоциясын башкара албаса, ал сүйлөшүүдө ошончолук түшүнбөстүктү, келишпөөчүлүктү жаратат.
Туура сүйлөшүүдө төмөндөгү нерселер маанилүү:
-Жылмаюу, көзүнө кароо.
-Көңүлдү ага гана буруу.
-Сүйлөөнүн ылдамдыгы, үндүн чыгышы шериктикине жакын болушу керек .
-Тартипти сактоо.
-Өзүнүн курчап тургандар менен жакшы мамиледе экенин көрсөтүү.
-Өзүн эркин кармап, токтоо алуу.
-Эс ала тургандай жерлерде сейилдөө жана жолугушуу.
Кыз кулагы менен сүйөт
Кыз менен маектешип жаткан учурда андан эмнени сурап, эмнени суроонун кажети жок экендигин билбей, маек учурунда көп учурга чейин тынып калуу деген сыяктуу майда көйгөйлөргө көпчүлүк мырзалар кабылып эле келишсе керек.
Андыктан “кыз кулагы менен сүйөт” дегендей, аны менен эмне жөнүндө сүйлөшүүнү жана маекти кантип өзгөчөлөнтүүнү так билип алганыңыз оң.
Эки багыт бар: туура сүйлөшүү жана жандаганды билүү (же кармаганды).
Кучактап же колун кармап маектешүү кандайдыр бир сезимдерди ойготоору талашсыз, эгер ал дагы сизди жактырып турса. Бирок, кучактаганга жараша сүйлөө да керек. Эгер сен сүйлөбөстөн эле кармалай берсең, кыздын алдында жырткыч сыяктуу көрүнүп калышың мүмкүн.
Маектешүүнүн эрежелери
Көп жылдык тажрыйба көрсөтүп тургандай, айымдарга баардык нерсе жөнүндө айта берсе болот. Алар бардык маалыматты кабыл ала беришет. Бул жерде сиздин эмнени айтып жатканыңыз эмес, кандай айтып жатканыңыз маанилүү.
Жаңыдан таанышуу учурунда жумуш, окуу, саясат деген сыяктуу темада сөз кылуунун кажети жок экендигин эстен чыгарбаңыз.
Өз кызыкчылыгыңыздагы (футбол, пиво, согуш кинолору) темаларда да сүйлөшүп кереги жок.
Аны түшүнүүгө аракет кылып, уга да билишиңиз зарыл. Ошондой эле экөөңөр бир толкунда бараткандагыдай сезимдерди калтырууга аракет кылыңыз.
Жайкы эс алуу, келечектеги максаттар тууралуу сөз кылсаңыз, көпчүлүк эле кыздарды кызыктырып, маектешүүгө кызыгуусун арттыра аласыз.
Андан ары кетсек: кандай суроолорду бериш керек?
Баардыгы жөнөкөй. Биздин ишибиз кыздардын сырын ача билүү болгондуктан, суроолор да ага ылайыктуу болушу маанилүү. “Жок, ооба” деген сөздөр менен жооп бергендегидей болгон суроолорду берүүдөн абайлаңыз.
Эске алып коюңуз! Качан гана эркектер эмне жөнүндө сүйлөшүүнү билбей калган учурда суроолорду биринин артынан бирин берип калат. Ошондуктан, кыздын оюн сурап, анын жообун уга билип, анын оюна кошулуп, кызыктуу маек куруп кетүүнү эстен чыгарбаңыз. Кызыктуу окуяларды айтып бериңиз.
Окуя айтып берүү менен өзүң тууралуу да көп нерсени түшүндүрө аласың. Окуяда калпты аралаштырасыңбы же жокпу ал ар адамдын ыңгайына жараша болот, эң негизгиси ал кызыгып калса болду.
Окуя айтып берүүдө:
-Аялзатына кызыктуу тема ачып берүү
-Аялзатын барктоо тууралуу,
-Ааламдагы аялдардын сырларынан,
-Жашоодогу кыйынчылыктар жана аны жеңүү, андан коркпогонуңуз тууралуу чектен чыкпай айтыңыз. Себеби, өзүңүздү мактап-жактагандай эле болуп каласыз.
Маекти элестетип көрүңүз
Кыз менен маектешүү - бул бир нерсени талкулоо эмес, а анын бир нерсеге кызыктыруу, мисалы өзүңүзгө.
Визуалдык баарлашуу
Мырзаларга дагы бир маанилүү кеңеш. Баардык айымдардын көңүлүн бурдурам десеңиз, анда сөзгө чечен, чыныгы акын болушуңуз зарыл. Сиз дайыма кыргыздын акындарынын, дүйнөлүк акындардын ырларынын алтын саптарынан жаттап алганыңыз туура. Өзү мырза дайыма кызыгып, ырларды жашоо менен салыштырып, ойчул болушу керек. Өзүңүз байкагандай алар жашоодо эле эмес жеке жашоодо да укмуштуудай жардам берет. Себеби, ал саптарды айымдарга арнасаңыз, алардын сизге болгон кызуугусу он эсе артып, сиздин интеллектуалдык деңгээлиңиздин жогору экенине көзү жетет. Баардык айымдар билимдүү, акылдуу мырзаларды жакшы көрөрүн эстен чыгарбаңыздар. Мисалы: Ысык-Көлдүн жээгинде олтурганда таанышып же сейилдеп калсаңыз, улуу акын Алыкулдун же башка акындардын ыр саптарынан келтирип, көлгө да кызга да суктанып, баарлашууга ал ырларды сөзсүз кошуңуз. Сүйүктүүңүздүн маанайын көтөрүңүз. Ошондой эле жадатма, ар дайым колдонулуучу сөздөрдү кошпогонго аракеттениңиз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5