*ЖАН--ЖЫЛДЫ ТОССОНУЗ СИЗ КИМГЕ ОКШОП КАЛАСЫЗ*
_Ким озун бир коомго окшотсо ал ошолордон_ ````Хадис```
⚫Жаңы-Жылды шаңдуу тосуп,
жакшы маанайда тоссон ушул жылы иштериң жүрүшөт экен дешет...
Субхааналла !
Тынчтык болот экен деп, ошол түнү атың өчкүр арактан ичип, урушуп жатышпайбы бири-бири менен ...
Эртеси эле банкрот болуп жатышпайбы ..⁉
1-январь дегенде жаны чыгып ажал келип өлүп калгандар барго !?
Ой жүгүртпөйсүңөрбү !?
Бул майрам Тооратта да,
Инжилде да, Забур да да,
Куранда дагы жок бул - майрам !
Эгер, бул майрам болгондо Пайгамбарыбыз (САВ) бииир жолу майрамдап коймок !
Азыр 2016 жыл болсо Пайгамбарыбыз 571-жылы төрөлгөн.
Макул деп 610 жылды же 611 жылды жаңы жыл экен деп, оозуна да алган эмес, эсине да келген эмес туугандар !!
Адамдар бир күндү белгилеп майрамдагысы келет, ошону билип туруп Аллах Таалам бир эмес эки майрамды берди .
Андан сырткары ар жума сайын жума майрам !
Дегеле, мусулман болуп жаралып,
Аллага гана кулчулук кылып,
бүт денебиз сак, ырыскы кенен,
ушунун өзү майрам эмеспи тууганым ?!
Жума бул Мусулмандар үчүн майрам !
Мусулмандар намаз окуду - бул да майрам .
Биз, Аллах Таала айткан гана майрамдарды майрамдашыбыз керек !
Жаңы жылда,
канчалаган акчалар ысырап болот .
Ошодон көрө балдарыбызга же Аллах жолуна (садакага) иштетсек сооп болмок !
Борбордук аянтта миллион сарпталып,
бир балаты тигилет ..
Асманга атылуучу буюмдар үчүн,
миллиарддар сарпталат ..
Ошонун ордуна, кыйналып жүргөн бир туугандарга сууктун күнү жок дегенде
“көмүр” алып бербейлиби,
Жок дегенде 2 күндүк тамак-ашын алып бербейби ...
Жөн гана ашыкча ысырап бул !
*Асманга каратып ок атуу бул - Намруттун иши !*
Намрут:
*“Мен Аллах менен согушам !”- деп асманга каратып ок аткан.*
*Ошондуктан баарыбыз Намрут болуп албайлы !*
*_Ман ташаббаха биковмин фа хуа минхум !_*
*_«Ким өзүн кайсы бир коомго окшотсо,_*
*_ал ошолордон !_*
(ал адам акыретте ошол коом менен бирге тирилет)!
Алла сактасын акыретте Намруттун жанында тирилүүдөн.
Таштайлы бул кылыкты!
Керек болсо Исламда жок майрамдарга сүйүнүп дагы койбойлу !
Майрам экен - деп сөз да кылбайлы .
Майрамың менен - деп бири-бирибизди куттуктабайлы,
белек дагы бербейли !
Абу Хафс аль-ханафий ал - Кабир Ислам аалымы өзүнүн "Базлул мужхуд” аттуу үлкөн бир китебинде:
*«Эгерде кимде-ким ушул (Исламда жок* *«нооруздун» урматына,*
*кимдир бирөөгө* *жумуртка эле болсо да берип майрамдаса ал адам*
*каафур болду !»- дейт.*
Бул ноорузга карата айтылган,
ошондой эле жаңы-жыл менен байланыштыруу кыйын !
Бирок, кээ бир динден алыс адамдар:
"Нооруз Кыргыздын майрамы
жаңы-жылы !”- деп ойлошот,
албетте бул чоң жаңылыштык !
Айтор, 31и дагы, 21и дагы майрам эмес, жаңы жылдагы эмес, эч нерсе эмес, болгону катардагы күндөр !
Ошондой эле Ислам аалымдары айтат:
«Исламда жок майрамдарды майрамдоо болбогону сыяктуу эле, ал майрамдарга иштетилүүчү буюмдарды сатууга да болбойт !
Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи ва саллам мубарак хадисинде мындай деп айткан:
(Оо, Менин Уммөтүм!)
Силер, Еврейлерге жана Християндарга тескери жашагыла! -деген.
Християндар орозо кармайт бирок саарлык кылышпайт..
А биз Мусульмандар аларга тескери, саарлык да кылабыз ооз да ачабыз. Ошондуктан биз өзүбүздүн шариятыбыздагы майрамдарды майрамдайлы .
Кээ бирлери :
"Айт майрамында ыйлап,
көз жаш менен өткөрүш керек!”- деп айтышат.
Жоок туугандар !
Кайдагы бир динсиздердин майрамында күлүп-жыргап, Аллах Таала бизге майрам кылып берген, өзүбүздүн Айт майрамыбызда ыйлайбызбы ?!
Ой жүгүртпөйсүңөрбү !?
Эч ким, эч нерсе, эч бир жан бул кыска жашоодо узакка жашап кала албайт !
Өлүмдөн качып кутулуунун
бир дагы жолу жок !
Өлүм болсо чындык ..
Мейли бай болгун, мал-мүлкүңдү сарптап айга барып тиричилик өткөр, мейли темирден үй салып анын ичинде жаша, мен карыбаймын , мен бул дүйнөдөн өтпөйм деп миңдеген кабаттуу үйдүн үстүнө чыгып жашагын баарыбир ал кылгандарың бекер !
*«Ар бир жан өлүм даамын татат !»*
Ар бир жандын тагдыры жана ырыскысы жазылган, Кадамдары саналуу..
Аакырет жашоосу болсо чындык!!
Аллах Таалам ошондо:
*«Эй Пендем !?*
*Мен сага майрам кылып бергенди майрам кылбадың эле,*
*Мен майрам кылып бербегенди*
*өз каалоң менен майрамдадың эле !?»-* деп сураса ага кантип жооп беребиз ?
Кээ бирлери :
“Жаңы-Жылды тоссо эмне болот экен, тосо берейли !»- деп фатва чыгарып, муфтий болуп алгандары бар ...
Мисалы:
Эки кабаттуу кеменин биринчи кабатында бара жаткан адамар айтышат экен :
Биз үстүнкү кабаттагы шериктерибизге айтпай эле, кеменин астын тешип алып өзүбүзгө суу чыгарып,
сууну ала беребиз ! -дешет.
Эгер биринчи кабаттагылар кемени тешип суу чыгарса, анда экинчи кабатындагы адамдар да
сууга чогуп өлүшү анык !
〰Ошол сыяктуу туугандар, сиз-биз жашаган шаарда, ушундай бидаат иштер болуп жатса, Алланын газабын алып келе турган иштер болуп жатса,
биз унчукпай караап тура берсек, кыжаалат дагы болбосок,
дуба дагы кылбасак анда анын кесепет зыяны бизге да тийип калышы мумкун !
Мына Израилди караңыздар..
Динге каршы чыкты,
баары зыян тартышты !
Же болбосо өзүбүздү эле карасак:
Былтыр студенттер күнү канча күнөөлөр болду, жаштар эки-экиден жетелешип, шаарда, Ошто бир дагы кафе, бир дагы ресторан баш калган эмес,
зына көбөйгөн !
(Муну жөн гана уккан адам катары эмес,
Шаарда күбө болгонум үчүн айтып жатам !)
Ошол күнү, ошол саатта, каттуу жер силкинди, күнөө кылганы дагы, кылбаганы дагы бирдей зыян тартты !
Айша (родиялооху анха) энебиз Пайгамбарыбыздан (САВ) сурады :
*«Оо Аллахтын элчиси!?*
*Жаман адамдардын кесепети жакшы адамдарга да тийеби?*
_Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи ва саллам Айша энебизге караап туруп мындай деди:_
*"Ооба ! Бул дүйнөдө баарына бирдей тиет!Акыретте Аллах Таала жакшыларды (мусулмандарды) өз-өзүнчө, каапырларды өз-өзүнчө бөлүп алып сурак жүргүзөт !”* -деген.
Ошондуктан момун бир туугандарым, өзүбүздү эле ойлой бербестен тууган-урукка да айтып, эскертип:
*«Эй койгун !*
*Бул майрам жок экен Исламда, андан көрө Айт майрамын белгилейли Жума намазына барайлы деп жакшылыкка чакырайлы ...*
Кыямат күнү адамдар, жакаңа асылып эмне учун бир жолу Ислам шариятын мага айткан эмес элең !?- деп ыймандууларды тозокко тартат.
Ошондо ыймандуулар айтат:
*«Биз силерге 100 жолу айтканбыз дегенде (инсан ушундай болот экен...)*
*<Сен дагы бир эле жолу Шариятты эскертип,* *намаз оку деп айтышыңды күтүп жаттым эле, сен 100 жолу айттың, бирок 101чисин айтпай койдун !»-*
деп текебердик кылышат дейт.
Ошондуктан айтайлы,
Исламда жок майрамды майрамдоо күнөө экенин жеткирейли !
Маакул эч ким айтпаса да,
эч ким даават кылып жакшылыкка чакырбаса дагы мен эле айта берем,
мен эле жеткире берем !
Бул ишти мен кылбасам ким кылат!
Бул иш Пайгамбарыбыздын,
сахааба ажмаьиндердин максат кылып кылган иши болгон !
Ошондуктан туугандар,
күнөөнүн кесепети баарына
бирдей тийет, бирок кыяматта
ар бири өз-өзүнө жоопкер !
Ошондуктан түшүндүрөйлү !
Адамдар Түшүнүп калса
Алхамдулиллах дейли. .
А эгер айткандарыбызды түшүнбөсө анда Тообо Истигфар кылайлы !
Биз түшүндүрө алган жокпуз,
кечирчи бизди Оо, Аллахым !- деп истигфар айтайлы.
Пайгамбарыбыз алейхис салам айткан: *«Эгерде Кимде-Ким жаман ишке күбөө болсо аны колу менен токтотсун !*
*Анда да болбосо тили менен токтотсун ! Анда да болбосо ошол иштин канчалык денгээлде ыплас экенин жүрөгү менен жек корсун !*
*Мындан төмөнкү ыйман болбойт.*
*Жүрөк менен жек көрүү Ыймандын эң төмөнкү даражасы !* -деген.
Аллах Таала бир шаарга азап жиберип, периштелерди жөнөтөт..
Периштелер келип карашса,
шаардын ичинде намаз окуган,
орозо кармаган бир мусулман дагы бар экен .
Периштелер бул тууралуу кабар бергенде, Аллах Таалам айтат:
*«Азапты, ошол мусулмандын үйүнөн баштагыла !*
*(эмнеге?)*
*Себеби ал, өзү акыйкатты билет эле, бирок башкаларга жеткирбейт эле !*
Куранда Аллах Таалам айтат :
*«Силер адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болдуңар !*
*Силер,адамдарды жакшылыкка чакырасыңар, жамандыктан кайтарасыңар жана*
*Аллага ыйман келтиресиңер !”*
_(Ал Имран 110аят.)_
Муну сиздерге жеткирдим,
башкаларга жеткирүү эми сиздердин моюнуңуздарга жүтөлгөн аманат,
амал кылайлы, Аллахтан коркойлу,
аманатка кыянат кылбайлы !
Аллах Таалам баарыбызга ушул айтылгандарга амал кылууга тоуфик мүмкүнчүлүк берсин !
Баарыбыздын дин менен жашообузду, ошонун ичинде Аллахтын өкүмдөрүн аткара турган пенделерден кылсын !
Аллах Таала күнөөлөрүбүздү кечирсин, кемчиликтерибизди кечирсин !
Туура жашоодо жашоого насип этсин ! Көбүрөөк тообо-истигфар кылайлы !
🔏 *Менин диним Ислам кызматы*
_Мухиддин_
▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰
➡ Катталып жан дүйнөңүздү байытыңыз.
🌺Биз ар дайым кызматтабыз.🌺
🌙--> .Дин жонундо.->
🎶 Аудио
🎬 Видео
🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃
✍🏻 Биздин группага катталыныздар ⤵
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев