*_Тема: Колдун келишинче садака берүү_*
*Абу Мас'уд Укба бин Амр ал-Ансари (Алла андан ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Садага тууралуу аят (1) түшкөндөн кийин биз жүктөрдү жонубуздун үстүндө ташый баштадык. Бир адам (2) келип, көп нерсени (3) садака кылды эле, эки жүздүү, жалганчылар айтышты: “Эл көрсүн үчүн садага кылып жатат!”. Андан кийинки бир адам (4) курбанчылыкка болгону бир эле са' (5) (бир табак курма) берди эле, алар: “Чындыгында, Алла бул са'га (табак курмага) муктаж эмес!” - дей башташты. Ошондон кийин: “Өз ыктыярлары менен садага берген момундарды жана күч-аракетинен башка эч нерсе таппаган (кедей) адамдарды айыптагандарды ...(6)” -деген аят - түшүрүлдү. (Имам аль-Бухарий жана имам Муслим рабаяты).*
*Жонубуздун үстүндө ташый баштадык дегендин мааниси: “Биздин арабыздан кээ бирлерибиз жону менен жүк ташып, анын акысын алып садага кылат эле”.*
*```Хадистен алынган сабактар:*```
*1-Бул хадис көп болсун, аз болсун мүмкүнчүлүккө жараша садага берүүгө үндөйт.*
*2-Берилген садаганы аз көрбөө зарыл.*
*3-Башкалар жөнүндө ар дайым жакшы күмөндө болуу керек.*
*4-Аз гана садага садага берүүчүнү тозоктон тосуусу мүмкүн. Анткени чын ыкыластан берилген аз гана садага үчүн өтө көп сооп берилет.*
*5-Мусулман адам эки жүздүүлөрдүн жана жаман иштерге үндөгөн адамдардын сөздөрүнө көңүл бөлбөөсү керек.*
*6-Сахабалар Алланын ыраазылыгына жетүү үчүн болгон күч-аракеттерин жумшашкан. Жада калса алардын кээ бирлери садага бергендин сообуна ээ болуу үчүн башкалардын жүктөрүн ташып иштешкен жана анын бир бөлүгүн же баарын садага кылышкан.*
*(1) “Алардын мал-мүлкүнөн садага ал...” (Тауба: 103) – деген аят жөнүндө сөз болуп жатат.*
*(2) Бул адам Абдурахман бин Ауф болгон.*
*(3) Сегиз миң же төрт миң дирхам садага кылган.*
*(4) Ал Абу Акыйл болгон. Ал кудук казып, анын акысына эки са' курма алган жана анын бир са'сын үйүнө алып барып, бир са'сын садага кылган.*
*(5) са' – 3 кг, 200 гр. га барабар.*
*(6) Тауба: 79.*
*📚📖Момундар бакчасы*
▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰
БАШКАЛАР МЕНЕН БӨЛҮШҮҮНҮ УНУТПАҢЫЗ!.
▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰
➡ Катталып жан дүйнөңүздү байытыңыз.
☪ --> МЕНИН ДИНИМ --> ИСЛАМ <-- ГРУППАСЫ
🌺Биз ар дайым кызматтабыз.🌺
🌙--> .Дин жонундо.->
🎶 Аудио
🎬 Видео
----> Масала
➡ Диний маалымыттар
❓Суроолорго жооп.
🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃
✍🏻 Биздин группага катталыныздар ⤵
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев