Предыдущая публикация
Ак Мектебим алтын уям билим кени.
Тааныдыңбы балдарыңды бүгүн эми.
Ойнок мүнөз бала элек анда жап жаш
Гүл көтөрүп сагынып келдик сени.
Он жылыбыз билинбей кетти узап.
Аа биз болсо өзүңдөн чыккан бутак.
Ак Мектебим жашоомдун тамырысын.
Бүгүн келдик тосуп ал жайып кучак.
Ал убакта бала элек эркелеген.
Ата болдук бүгүн бала жетелеген.
Бала багып кыздарын тарбиялап.
Апа болду
Эне болду андагы секелегиң.
Ак Мектебим алтын уям билим кени.
Тааныдыңбы балдарыңды бүгүн эми.
Ойнок мүнөз бала элек анда жап жаш
Гүл көтөрүп сагынып келдик сени.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1