2023-жылдын 26- ноябрында Түркиянын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү расмий ачылды. Ал Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркия Республикасын 100 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу мырза, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын министрликтери менен ведомстволорунун, анын ичинде Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Анкарада аккредиттелген дипломатиялык корпустун башчылары менен өкүлдөрү, Кыргызстандын жана Түркиянын маданият жана искусство чеберлери, академиялык коомчулуктун, ишкер чөйрөнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Түркияда жашаган мекендештер катышты.
Маданият күндөрү Анкаранын Чоң театрынын фойесинде Исабаев атындагы Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли улуттук ыр-күүлөрдү ойноп, ага коштоп улуттук кийим кийген кыз-жигиттер, чебер кол өнөрчүлөрдүн жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин жана кыргыздын улуттук даам-азыктары көрсөтүлдү. Адан соң, маданият күндөрүнүн салтанатуу бөлүгүндө Кыргызстан тууралуу видео тасма тартууланып, театралдаштырылган оюн-зоок менен уланды.
Маданият күндөрүнүн расмий ачылыш гала-концертинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев конокторго кайрылуу жасап сөз сүйлөштү...
@kgembassyankara
📸 Facebook'ta bu gönderiye bak https://www.facebook.com/share/p/eZw8wEiWRw7vuK3b/?mibextid=qi2Omg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев