26.04.2023
ТҮРКИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ РЕЖЕП ТАЙИП ЭРДОГАН КЫРГЫЗСТАНДЫК КУТКАРУУЧУГА МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫК ТАПШЫРДЫ
2023-жылдын 25-апрелинде Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында үстүбүздөгү жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын "Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн" жогорку даражадагы Мамлекеттик медалын ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакпаевге Ардак грамота тапшырды.
Сыйлоо аземине КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев