Бай адам терезеден, кайыр сурап отурган кишини көпкө тиктеп ,анан Кудайды эстеди.
О, Жараткан өзүнө чексиз шүгүр кедей болуп калбаганыма деп.
Ал эми кедей адам ,жолдун аркы бетинде таштанды салган идиштен өзүнө тамак издеп жаткан кишини көрүп , Кудайга чексиз шүгүр , ушуга окшоп таштанды издеп калбаганыма деди.
Таштанды издеген адам болсо , жолдон шашып өтүп бара жаткан тез жардам унаасын көрүп, Кудай сага шүгүр айтам, ушул унаанын ичинде болуп калбаганыма деди.
Оорукчан адам ооруканага келгенде , өлгөн адамдын денесин көрүп ,О Кудай өзүңө чексиз шүгүр өлүп калбаганыма деп айтты.
Бир гана өлүк дене унчукпайт , шүгүр айта албайт. Анын калган тагдыры, эми бир Жаратканга гана маалым. Андыктан өлүм келгенче ойгонуп , көп көп шүгүр айтууну унутпайлы Адамзат!
Эскертүү адамзат үчүн пайдалуу!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев