Джай Сингх күнүмдүк кийип жүргөн кийими менен аталган компаниянын салонуна кирип баратканда, андагы улутчул кызматкерлер анын сырткы келбетине карап сыртка кууп чыгышат.
Мындай акааратка туучар болгон Джай Сингх дал ошол компаниядан алты унаа сатып алат да анын баарын өз өлкөсүнө жиберет. Тагыраагы индиядагы тазалык кызматына "Роллс-Ройстор" менен көчө шыпырып, аны менен таштандыларды ташыгыла деп буйрук берет. Махараждын буйругу аткарылып, жаңы унааларга шыпыргылар байланып, көчөлөр шыпырылат. Европанын кээ бир байлары жетине албай жүргөн унаалар менен таштанды ташылат.
Бул кабар бүт дүйнөгө тарайт. Атактуу Rolls-Roycтун кадыр баркына эбегейсиз доо кетет. Ошол учурда Европада же Америкада кимдир бирөө Роллс-Ройсу менен мактанчу болсо аны элдер: "Кайсы? Баягы Индияда көчө шыпырган унаабы?" - деп шакаба чегишет.
Аталган британ брендди расмий түрдө махараждан кечирим сурап, ага дагы бир топ унаа белекке беришет. Мына ошондон кийин Джай Сингх бул уяткарган арекетин токтотот.
Мен Европада болуп көрбөгөм. Көрүп, жашап келгендер айтат, ал жакта адамдын сырткы келбетине, көрүнүшүнө карап мамиле кылышпайт дешет. А балким мына ушундай резонанстуу сабактарды баштан өткөрүп отуруп ушундай даражага жетишкен?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3