Ага байланыштуу алар убактылуу жабылат. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.Мекеменин маалыматы боюнча чек ара аркылуу өткөн адамдарга ылайыктуу шарттарды түзүп берүү үчүн «Токмок», «Кеңбулуң», «Актилек» жана «Чалдыбар» өткөрмө бекеттеринде курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда.Маалымдалгандай, «Токмок» өткөрмө бекети 2016-жылдын 25-сентябрында жабылат. Андагы оңдоо иштери аяктагандан кийин башка бекеттерди кезеги менен жабуу каралууда. Жалпысынан кыргыз-казак чек арасында 12 көзөмөл-өткөрмө бекети бар.Белгилүү болгондой, жыл сайын белгилүү бир бекеттерде узак кезек күтүүлөр болуп турат, жайында чек арадан өтүү үчүн адамдарга андагы тар имараттарда сааттап кезек күтүүгө туура келет.Акыркы кездери эки өлкөнүн тиешелүү кызматтары тарабынан бир катар чаралар көрүлүп, чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерден өтүү шарттары жакшыра баштады.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев