Баш ийип жай тагдырдын агымына,
Баратат Кыргыз эли шагы сына.
Баштапкы берген антын аткара албай,
Башкарат бизди кимдер, дагы мына.
Кабылып жегич заман сандыгына,
Караң күн, айлангандай калдыгына.
Калптарга тойгузканда кайгырамын,
Кайран эл ишенчээк бир жандыгына.
Тез жешип ТЕЦти дагы тездетишти,
Тээ түбүн бекемдебей берген ишти.
Ийиндер куушурунуп, кышка шылтап,
Элетке калп сөздөрдү желдетишти.
Биринин абийирин бири ачып,
Бийликте отурушат чирип алып.
Кечээки камалгандар бүгүн үйдө,
Элде жок машинаны минип алып.
Акыйкат издегендер темир тордо,
Ак басып кара чачын кээ бир шордо.
Саясий маселени түз көтөргөн,
Садырын жоктоп жатат ар бир зоордо.
Кантейин, колдон гана келбегенин,
Кан жүрөк муң-кайгыга термелээрин.
Улутка тайманбастан ант беришкен,
Унуткан окшойт булар келмелерин.
Айландык! "кыйын" элден "кайран" элге,
Айландык! Алаканын жайган элге.
Билимди чет жерлерден алган менен,
Билбейбиз чындык эмне, жалган эмне!!!
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев