Предыдущая публикация
Суудай бол баарын жууп кетирген
Жүрөктөгү кирлер кетсин эскирнен
Ойлоп жүргөн жаман ойлоруң
Оолак болуп кетсе экен сезимден
#######################
Жердей бол баарын чыдап көтөргөн
Жаман жакшы адамдарды бөлбөгөн
Пайда берип жан жаныбар адамга
Мөмө жемиш гүлдөр өсөт көптөгөн
########################
Күндөй бол жарык берген ааламга
Өзгөрүлбөй бирдей тиет баарына
Канча жыл, канча кылым өтсө да
Ааламды бөлөп турат нуруна...
#######################
Ав: Abdukerimov.B
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1