Сен деп жазып, тамга терип тизмегим,
Күйпөлөктөй, алыстардан
караанынды издедим.
Жолукчуудай, элестетем, сага эркелеп күлгөнүм,
Атаганат, мунун баары калп кыялым билгемин.
Жан дуйномду булут каптап, кабагымды бүркөдүм!
Сен деп, жатып түн киргенде ай жылдызды тиктедим,
Жымындаган жылдыздардан, дагы сени издедим.
Түн жамынган көктөн тушо калчуудай,
Бороз тартты, жан дүйнөмө бир сезим.
Ой жаргылчак айландырган кербезим!
Сенден күтүп, шыбырт дабыш укпадым,
Шам чырактан, белги коюп, чабалактап уктадым.
Түш көрдүмбү? Же аянбы? түшүнбөйм,
Уйку соодон, бир элеске түтпөдүм.
Капырай де, эңсеп жүргөн жамалыңдан өппөдүм! М.Исакова.Москва шаары.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1