МЕН СҮРӨТЧҮ БОЛГОНДО (күзгү жамгырлуу кеч)
Мээлүүн жел, анда-санда, беттен сылап,
Уккун дейт, ак кайындын шыбырттарын,
Майдалап күз жамгыры, жерге кулап,
Тынша дейт, табийгаттын дыбырттарын.
Бийиктен, элек менен элегендей,
Жамгырдын тамчылары сымап болуп.
Жел менен тең жарышып ойнолоктойт,
Жолдогу чырактардан кумуш төгүп.
Кеч күздүн, майда жамгыр шоокумуна,
Ансайын ак кайындар ыргалышат.
Суу болгон бутактарын ылдый ийип,
Саргайган жалбырактар бийлешишет.
Табийгаттын айтып турган коркомун,
Буралып, турат дайым ак кайың.
Атаганат... мен сүрөтчү болгонумда,
Этюдду мен жаратмакмын күн сайын!
Желге ыргалып учуп түшөт жалбырак,
Жамгырлуу кеч, ала көйнөк ак кайын.
Аттиң ай... сүрөтчү мен болгонумда,
Табийгатты кооздомокмун күн сайын .
М.Исакова 03.11.2018-жыл Москва шаары.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев