Көз салам бир өзүңө тоо тараптан,
Күүлөнүп бийик учуп, мен баратам.
Ак желек байлап алып канатыма,
Комузда кол ойноткон,күү жаратам.
Чарпылган шоокумдардан ыр жаратам,
Дайранын толкундарын сүзүп өтүп,
Шашыла, сени көздөй мен баратам.
Жел кайык жасап алып сезимдерин,
Чарпылган шоокумдардан ыр жаратам.
Полотно, кылдуу калем сырдуу боёк,
Сыр дүйнө кучагыңда мен баратам.
Төрт мезгил эскиздерин кооздоп алып,
Сүйкүмдүү элесиңди чийип тартам.
Элесиң толгон айдай жай бараткан,
Жаныма кубат берип кан тараткан.
Жаралуу жүрөгүмдү айыктырдың,
Сен менин себепкерим ыр жараткан.
Алыста бол, жанымда бол, Оорулуу көңүлүмдү айыктырдың.
Сен менин себеркерим ыр жараткан!
М.Исакова.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев