Аллах Таала бардык макулуктарды жаратып, алардын өлчөмүн белгиледи жана ааламды жаратаардан 50 миң жыл мурда алардын ырыскысын бөлүштүрдү. Аллах Таала тагдыр кылган нерсе сөзсүз болуп өтөт. Ал кимге кааласа жана кимге тагдыр кылса ага ырыскы берет жана макулуктардын эч кимиси муну өзгөртө албайт. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уасалламдын, аялы Умму Хабиба төмөндөгүдөй дуа кылганда:
“О Аллах! Менин күйөөм Аллахтын Элчисинин, атам Абу Суфйандын жана бир тууганым Муъавиянын өмүрүн узартып (мени кубандыр)”, - Пайгамбар мындай деп айткан: “Сен тагдыр кылынган мөөнөттү, эсептелген күндөрдү жана бөлүштүрүлгөн ырыскыны сурадың. Аллах Таала белгиленген мөөнөттү алдыга да, артка да жылдырбайт. Сен Алл