Мектепти бүтөөрүм менен мен ата-энемдин каршы болгонуна карабай
Россиянын кичинекей бир шаарына жөнөдүм.Ал жакта атамдын
иниси базарда жумуш кылат болчу.Бир жыл дээрлик кыйратаарлык
деле жумуш кылган жокмун.Агама жардам бермей,жаңы достор
менен шаар айланып эс алмай.Бир жылдан ашык убакыт өткөндөн
кийин оюнга тойдумбу же алдыга максат койдумбу мен дагы агамдай
өз ишимди баштоону эп көрдүм.Агамдын жардамы менен баштап да
жибердим.Агам ар бир тыйынды санап иштөөнү,кайсы сезондо
кандай кийимдер менен иш кылууну деги эле койчу баардык нерсени
үйроттү.Иш уланып кетти.Айылга ата-энемдин каршы болгонуна
карабай акча салып жүрдүм.Агамдын тааныштарынын жардамы
менен Орусиянын жарандыгын алганга да жетиштим.Бир жылдай
иштеп эле машина алдым.Машина алгандан кийин дагы да жаным
тынбай нары бери каттап чөйрөмдө кыздар көбөйдү.Кыргызстанда
жүргөндөй жүрүп калдык ал шаарда.
--- Бул күнүм да кадимки эле күндөрүмдүн бири болчу.Жумушта
жүрсөм эле ошол жерде чогуу иштеген досум туулган күну экенин
айтып,кечкисин кафеге барууну сунуш кылды.Ал күн жакшы киреше
алып келген күндөрдүн бири болгондуктан эч ойлонбостон эле макул
болдум да кечкиге даярдык көро баштадым.Билбейм, балким
ошондо ошол кафеге бир шылтоо айтып барбай койсом баары
башкача болмок беле ким билет.Кече да башталды.Орустардын
кафеси болгонуна карабай биз бака-шака түшүп ызылдап жыргап
жаттык.Кубаттын (туулган күн ээси) мен тааныбаган да достору
келгендиктен чекеден тост сүйлөп жатышты.Кезек бир кызга
келди.Жанатан бери эч кимдин деле сүйлөгөн каалоо-тилектерине
кулак салбай жанымдагы мени менен барган кызым менен сүйлөшүп
олтурган элем.Токтоо көз карашы менен маңдайы жарык бул кыздын
орундуу сөздөр менен сүйлөп жаткан сөздөрү мага башкача
сезимдерди пайда кылды.Жанатан бери алагүү жаным бир столдо
аралашып олтурган кыздардын арасынан бул кызды байкабаганыма
таң калдым.Ал сүйлөп бүткөндө баары кол чабып жиберишти.Бир аз
алыстан көзөмөлдөп олтуруп жигити жок экенин байкадым да
жанымда жүргөн кызымдан ага бара албай жүро бердим.Кече да
бүттү.Мен ичип алгандыгыма байланыштуу мени менен келген кыз
жашаган жери башка жакта болгондуктан башка достор менен чогуу
таксиге салып ийдим.Кафеден кыйла эле алыс жайгашкан өзүм
жашаган районго кетүү үчүн жолдо такси күтүп турсам Кубат жаныма
келип жанакы кызды чогуу ала кетишимди суранып калды.Жок
демек белем,тез эле макул боло койдум.Таксиде бара жатып
тааныштык.Акмарал деген аты өзүно куп жарашканын айтып
комплимент айтканга да жетиштим.Бул шаарга жакында эле келгенин
да билдим.Ошентип төрт айдай жөн гана тааныштай учурашып
жүрдүк.Бирок Акмарал канчалык мага жакпасын мен ага
ашыктыгымды айта албай жүрө бердим.Ошентип жүргөн күндөрдүн
биринде Кубат жакында Акмаралдын туулган күнү экенин айтып
калды.Ошол күнү ага ашыктыгымды айтууну ойлонуп алдым да ал
күндү чыдамсыздык менен күтүп жаттым.Ал күн да келди.Акмарал
беш-алты курбулары менен туулган күн белгилээрин айткандыктан
мен машинамдын артына батышынча кыпкызыл роза гүлдөрүн кооз
кылып жасаттырдым да алар олтурган кафеге жөнодүм.Акмаралга
сыртка чыгып туруусун,сюрприз бар экенин билдирген билдирүүнү
телефонуна жазып ийдим да кафенин оозунан орун алып күтүп
калдым.Көп күттүрбөй эле бир курбусу менен сыртка чыкты.Кечеге
арналган кооз жашыл көйнөгү көздүн жоосун алып мен ичимден миң
жолу кайталап даярдап келген сөздөрүмдү унутуп кое
жаздадым.Кантсе да эркек эмеспизби,өзүмдү колго алдым да сыр
бербей аны колдон тарта машинанын артына алып өтүп ал жакта гүл
саткан орус аялдын кылдаттык менен тизилип кооздолуп жасалган
роза гүлдөрдү көргөздүм да ага болгон ашыктыгымды
айттым.Розаларды бир карап мени бир карап Акмарал эмне дешин
билбей бир аз буйдала түштү да менин кучагыма боюн таштады......
---Бактылуу элем ал күндөрү.Бирок бир аз убакыт өтүп Акмаралдын
менден төрт жашка чоң экендигин,күйөөгө тийип 3 ай жашап анан
ажырашып кеткендигин да билдим.Ал жаңылык да менин Акмаралга
болгон сезимимди өзгөртө албады.Атамдын катаалдыгын эстеп
Акмаралга үйлөнгүм келип атса да айта албай жүрө бердим.Бир
жылдай өтүп кетти.Кийинки жылы агам менен акча келишпестиктер
болуп кетип мен башка жакка көчтүм.Тагыраагы Акмарал менен
чогуу бир квартирага көчтүм.Биз Акмарал экөөбүз кадимки эле бир
үй-бүлөөдөй жашап жүрдүк.Айылга тез-тез бара берчү менин айылга
баруум да соолгундай туштү.Аны байкаган атам агамды менин
артымдан салганын кайдан билди дейсиң.Ооба, агам тез эле мен
жөнүндөгү маалыматтын баарын билди.Мени үйүнө жеңем жокто
чакырып алып ал кыз жөнүндө сурак алды.Ал кыздын кайсы жактан
экенин,канчанчы жылкы экенин билген соң баарын жыйыштырымды
буйруду да эч кимге айтпоого сөз берди.Эмне кылмак элем айлам
жок агамдын созүн угуп кайра көчүп келдим.Акмаралды башка
квартирага жайгаштырдым. Негизи эле Акмарал менин
жардымымсыз эле баарын өзү аткарчу.Бир сөз менен айтканда
эркектин жардамына эч качан муктаж болгон эмес.Убакыт учкан куш
белем экөөбүздүн эки башка квартирага көчкөнубүзгө жарым
жылдай өтүп кетти.Бирок тымызын жолугуп жүрүүнү токтотподук.
Акмарал мага ар дайым өзүм теңдүүнү таап,ага үйлөнүүмдү айтып
турчу.Ал эми мен аны урушаар элем ошентип айтканы үчүн.Ошентип
жүргөндө жеңем жеңелик кылып мага эмнегедир тиш кайрый
баштады.Агам да жеңемди бир эки жолу кой демиш болду да анан эч
нерсе укпамыш,көрбөмүш болуп жүрө берди.Акыры жумушум да
жакшы жүрүшпөй баштаганда баарын жыйыштырдым досторумдун
чакыруусу менен да Москвага баса бердим.Туура, Акмарал калды ал
жакта.Бирок ал менен болгон байланыш үзулбөду...
---Москва, Москва.... Келдим.Бирок бул жакта кеңири жүро
албашыңды көрүп араң чыдап жүрдүм.Досторум гана "көнүп кетесиң"
деп кайталап айтып жатышып мени алып калышты.Россиянын
жараны болгонум үчүн бул чоң шаардан мен үчүн жумуш табуу оңой
эле болду.Бир досум менен бир жерде чогуу иштеп калгандыгыма
байланышту ал жашаган жерге квартирага чыгып алдым.Мен үчун
күндо эрте менен жумушка туруп,күндө чарчап келип,курсакты эптеп
бирдеме кылып тойгузуп жатып алмай жашоо кыйынга турду.Кайра
кетким келип араң жүрдүм.Жаштайымдан өз алдымчалыкка
үйрөнгөн жаным бул чоң шаарга да бара-бара көнө
баштадым.Акмарал менен күн алыс телефон аркылуу байланышып
жүрүп аны да ушул жакка келүүсүнө өбөлгө болдум десем
жаңылышпасам керек.Акыры ал да келип кайрадан чогуу жашап
калдык.Антип- мынтип жүрүп эки жылдай убакыт өтүп кетти.Бул
убакытта мен бул шаарга биротоло көнүп алдым.
Бир күнү Акмарал боюнда бар экенин айтты.Билбейм, ошондо
кубандымбы же таң калдымбы иши кылып бир кызыктай абалда
Акмаралды карап турдум да аны кучагыма бекем кыстым.Акмарал
болсо мага ал баланы озү эле чоңойтуп алаарын,мени өзүно бала
үчун байланышымды каалабаганын айтып жатты.Боюнда бар
Акмарал адам көп квартирада кыйналып калбаш үчүн мен өзүнчө
бир бөлмөгө бөлүнүп чыгууну эп көрдүм да тез эле бир бөлмө таап
экөөбүз жашап калдык.Айлар отүп Акмаралым көз жарды.Уулду
болгон күну жакын деген үч досум менен барып төрөт үйүнөн
чыгарып келдик.Досторду эч кимге айтпоону эскерткендигимден ал
бактылуу күнүмдү үч досумдан башка эч ким билбеди.Куз келээри
менен бир досумдун тоюна катышууну шылтоо кылып айылга
жөнодүм.Башкы максаттарымдын бири Акмарал тууралуу,балам
тууралуу айтуу эле.Той да болду.Бирок тойдон чарчап келген жаным
төшөккө кулаарым менен уйкуга кеттим.Ойгонуп эле жанымдагы
телефонумду таппай сыртка чыктым.Телефонумдун оюнун ойноого
алган иним кокустан уулумдун сүрөттөрүн көрүп калып апама айтып
салыптыр.Апа деген апа да.Кандай болгон күндө да өз канынан
жаралган пендесине жаман нерсе каалабайт тура.Айтор апам атама
айтып мээнин мээмди чукумай башталды.Атам мени Москвага
жибербей ушул жерде иштөөмдү айтып бир айдай алып
жүрдү.Акмарал да жаш бала менен кыйналгандыктан Кыргызстанга
апасынын жанына келе берди.Экөөбүз бир өлкөнүн эки бурчунда
жашагандыгыбыздан көрушө албадык.Себеби менин ар бир кадамым
көзөмөлдө эле.Ким билет,балким ошондо ата-энеме катуу-катуу
айтып эле баса берсем баары башкача болмок беле.Бирок менин
антип айтканга ата-энем берген тарбия мүмкүнчүлүк бербеди.Ал
жөнүндө ойлонбодум дагы.Мен үчүн ата-энемдин айтканы закон
эле."Жакыныраак жерден,биз тапкан кызга үйлөнөсүң" деген
алардын шартына макулдугумду бердим да "Барып
жумушумду,карызга берген акчаларымды бир жаңсыл кылып
келейин" деген шылтоо менен ата-энемдин колунан араңдан суурулуп
чыктым да кайра эле Москвага келе бердим.Келип Акмаралга чалып
аны да чакыртып алдым.Бирок баланы апасына таштап
келиптир.Акмарал ачыктыкты сүйгөндүктөн мен ага болгонун
болгондой айттым.Билбейм, балким жүрөгү ооругандыр, бирок мага
сыр бербеди.Кезектегидей анын ушунчалык токтоолугуна таң
калдым.
---Убакыт өтүп экөөбүз эки башка жолго түштүк.Ал байкушум менин
ата-энем баары бир ак батасын бербөөсүн тушүнду бейм өзү эле
менден кетип калды.Болгондо да Кыргызстанга. Менин кайра
бойдокчулук жашоом башталды.Ишим жүрүшүп дагы машина алганга
жетиштим.Ошол күндөрдүн биринде алыскы туугандарымдын
кызынын тоюна барып калдым.Болгондо да Россиядан
Кыргызстанга. Ата-энемдин "келишиң керек" деп улам айтып жатып
чакырганынын түпкү максатын мен кайдан билиптирмин. Той күнү
мага бир кызды көргозүшүп, мени ал менен таанышуумду
сунушташты. Тааныштым.Арык чырай,ачык маанай Бермет деген
кыз экен.Чынын айтсам анчейин көңүл деле бурбадым.Ата- энемдин
гана көксөөсүн суутпаш үчүн ал кыз жакканы айтып кутулганга туура
келди.Кайра эле Москвага жөнодүм.Бойдокчулукка да билинбей көнүп
кеттим.Акмарал менен телефондо кабарлашып туруу да адатка
айланды.Жок бул адат адат да эмес,бул менин аны алдындагы
түздөн-түз милдетим болчу.Себеби ал кандай болгон күндө да менин
тун уулумдун энеси."Кой" дегенине болбой ар айда каражат жактан
да камсыздоо да менин милдетиме айланды.Ууулумдун бул
жашоодон атасыз өсөөрүн эстеп кээде сай сөөгүм сыздаар эле.Бирок
мендеги курулай намыс жеңип,ата-энемдин эл караган бетин жер
каратпоону туура көрдүм.Себеби атам айылдагы кадырлуу
адамдардын бири болгондугуна байланыштуу болсок керек эле...
---Бир жарым жылдай убакытты бойдокчулук менен алпурушуп
жүруп өткөрүп жибергенимди өзүм да байкабай калдым.Мурда эле
"агент" деген нерсеге катталганыма карабай ар кандай себептер менен
көп кирчү эмесмин.Ошол күндөрү же зээриккенденби же жөн гана
бирөө менен сүйлөшкүм келип жүрдүбү бир күнү кирип калдым.Менин
досторумдун катарында Бермет да жүрүптүр.
-Салам-дедим мен биринчи.Ал күнү жанып турганына карабай жооп
болбоду.Бир эки кундөн кийин кирсем Бермет жооп жазыптыр.
-Кандайсыз? Ден-соолуктарыңыз, жумуштарыңыз? Мен кечээ жооп
жаза албай калганым үчүн кечирим сурайм,колум бош эмес эле...
Ал өчүк экенине карабай бир аз ойлонуп турдум анан:
-Жакшы рахмат.Өзүң? Күйөө балдардан колуң бошобой жатса анда
кечиримдүү- деп жөнотүп ийдим да башка достор менен жазышып
жатсам Берметтен жооп келип калды.Ошентип биздин маек уланып
кетти.Күн алыс жазышып,баарлашып жүрдүк.Ал окуйт болчу борбор
калаабызда. Жарым жылдай байланышып жүрдүк.Ошол күндөрдүн
биринде алыскы туугандарымдын бири каза болуп калып айылга
жөнодүм.Ал кишини жерге көмүп анан айылга да куран окутуп бүтүп
эми кетейин деп жатканда атам бир аз жүро туруумду айтып
калды.Бир жумадай өттү.Бир күну кечки тамак үстүндө атам
тамагын кырынып алып созүн баштады..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4