ТАҢКЫ КЫРСЫК
Боз түшкөн кыштын суугу, азабын алып келди,
Карайлап турган элим, жыгылбай буугун белди.
Чилденин сууга менен, өзөктү өрттөй турган,
Агарып таң да атпай, суук кабар жетип келди.
Уктаган канча адам, көз ачпай кетти, өттү,
Ууртунан сүтү аккан, наристе учуп кетти.
Түн менен ажал аңдып, кыйратты бир айылды,
Кыргызды өрткө салып, арманын сээп кетти.
Жер эне бир силкинип, чыңырып ыйлап турат,
Бей күнөө өткөндөргө, кайгырып жашы кулап.
Кыйраган жыгач таштар, жүрөктүн үшүн алса,
Ийилип чырпык сынды, өсө албай жашоо улап.
Табигат көзүн ачпай, боз чалып буулуп турат.
Боз улан, секелеке боору ооруп жашы кулап.
Бойтойуп уктап жаткан, периште кете берди,
Бой
Напишите, что Вы ищете, и мы постараемся это найти!
Левая колонка
О группе
Жүрөгүмдө сенсиң КЫРГЫЗСТАН,
Ойумда сенсиң КЫРГЫЗСТАН,
Өнүгүп өркүндөсүнчү КЫРГЫЗСТАН,
Ар бир күнүм ай асманда өтсүнчү,
Мен сени менен сыймыктанам КЫРГЫЗСТАН!!!!!