Баланын жаңы төрөлгөндөн тартып бир айга чейинки учуру.
Адам жүздөгөн айларды, көптөгөн жылдарды баштан өткөрөт. Бирок ушул БИРИНЧИ ай – бала үчүн баары таанышуу менен өтөт. Ата-энесинин камкордугу, алардын жоопкерчилиги, биринчи сезимдер баары ушул биринчи айга туш келет.
Баланын физикалык түзүлүшү
Бала төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келди, планетада дагы бир бөбөктүн ыңаалап ыйлаган үнү жаңырып дагы бир ымыркай төрөлдү. Сиздин жашооңузда жагымдуу жаңылык орун алып өзгөрүүлөр акырындык менен башталды. Сиздин орун басар, сиздин туяк! Бөбөк адамзатынын жашоодогу негизги максатына айланат. Ошол ымыркайдын тагдыры, жашоосу, билими баардыгы сизден көз каранды. Кандай мээрим төгүп баланы инсан кыласыз баары сиздин колдо. Бала төрөлдү ал биринчи айда ымыркай аталат. Ал ушунчалык татаал жолду басып, думугуп кала жаздап, жарык дүйнөгө келди. Баардык кыйынчылыктар артта калды. Ал аман эсен төрөлдү. Баланын баардык органдары жарык дүйнөдө адаптация боло баштады. Төрөт үйүндө эле тартип боюнча баланын жашоосундагы алгачкы 12 сааттын ичинде биринчи вирусттук гепатитке каршы эмдөө болот. 3–7 күндүн ичинде –кургак учукка каршы эмдөө (БЦЖ) жасалат. Кийинки эмдөө 1 ай толгон кезде кайрадан В гепатитине каршы сайылат.
Кан айлануу системасы олуттуу өзгөрүүдө. Иммундук система иштей баштады, бөйрөк биринчи маселени чечүүгө жарап калды. Тамак сиңирүү, баланын эндокринндик системасы ишке кирди. Баланын териси, дем алуу органдары жана ичеги карын белгисиз болуп келген микробдор менен байланыштуу биринчи тоскоолдуктарды жеңе алды. Бала биринчи жумада өзүнүн массасынын 10 пайызын жоготот. Муну сырткы дүйнө менен адаптация болгондук деп билүү керек. Бала салмагын аз-маз таштаганы ата-энеин кабатырлантпашы керек. Мындан ары бала торолуу гана жолунда болот. Биринчи жумада баланын организми абдан чоң таасир алдында иштейт. Экинчи жуманын башталышында гана организм көнүп калат.
Баланын жаңы төрөлгөнүнөн тартып 1 айына чейинки көрсөткүчтөрү.
Боюнун узундугу 49.5 – 50.43 см
Салмагы 3.330 – 3.530 кг
Баланын башынын өлчөмү: 34-35 см
Көкүрөгү: 33-34 см
Бала биринчи айда сутканын көп бөлүгүн уктап өткөрөт. Баланын уктаган 20 саатка чейин созулат. Бала бакадай жатып уктайт. Ал чалкалап тизесин бир аз бүгуп, колдорун өйдо көтөрүп алат.
Ымыркайдын бул учурда беш абалын бөлүп кароого болот.
Таттуу уйку, баланын денеси да эс алууда, көздөрү жабык, булчуңдар да бош, дем алуусу бирдей калыпта.Анчалык таттуу эмес уйку. Баланын дем алуус бирдей калыпта эмес, колдору, буттары тыбырчылап кетүүдө. Көздөрүнун кыймылы да билинетУйку соонун ортосундагы абал, бул учур баланы эмизип жаткан учурда болот. Көздөрүнүн жарым ачык абалда уктайт.Баланын сергек абалы. Баардык денеси менен кыймыл жасайт. Буттары, колдору менен.Баланын дискомфорт абалын түшүндүргөн ый. Бул учурда бала ачка же коркуп жатат же, асты суу.
Биринчи айда баланын төмөнкү моторикасы өзгөчөлөнөт – ал ичи менен жаткан кезде башын көтөрүүгө аракет кылат. Кээде башын көтөрүп бир нече секунд кармап тура да алат. Алгач төрөлгөн массага биринчи айында ал 600 грамм салмак кошот жана болжолдуу түрдо 3 сантиметр узарат, ал эми башынын өлчөмү да 1,5 – 2 сантиметрге чоңоет.
Баланын салмагы
Айына жетип төрөлгөн эркек баланын салмагы 3500гр., кыздардыкы 3300 гр. болот. Төрөлгөндөн 3 күнгө чейин аз заара кылат, суткасына 4—5 жолу, бирок 1-жуманын аягы 2-жуманын ортосуна чейин суткасына 20—25 жолу, бир жашка жакын 15—16 жолу сиет. Ымыркай баланын нерв системасы жетишсиз өрчүгөн. Бала төрөлгөндө шартсыз рефлекстер гана болот: жутуу, эмүү, эстөө, коргонуу (ооругандан, ысыктан, муздактан ыйлашы), чапчып кармоо жана башкалар. Ымыркай бала жарыкты сезет, начар угат. Алар тез чарчагандыктан, анын уйкусу суткасына 17—18 сааттан кем болбошу керек. Ымыркай баланын организми энеден иммунитет алгандыктан жугуштуу оорулардын кээ бирине туруктуу болот. Ошону менен бирге аларда ириңдеткич микробдордон коргонуу күчү жетишсиз болуп, баланы өзгөчө таза багуу талап кылынат. Ымыркай бала жашоонун жаңы шартына көнө баштаганда өзгөчө, башка айтканда ооруга окшош, бирок дарылоо талап кылбаган абалда болот.
Балдарда: салмагынын азайышы — ал бардык ымыркай балдарда алгачкы 3—4 күндө байкалат. Туура багып, тойгузса салмагы 4—5-күндөн тартып көбөйүп, 1-жуманын аягында — 2-жуманын ортосунда алгачкы абалына келет.
Биринчи айда баланы туура эмизүүнү өздөштүрүшүңүз керек.
Бала үчүн эненин сүтү абдан маанилүү аны менен керектүү. Баланын жашоосундагы биринчи күндөрдө эненин сүтү аз болгону менен убакыт өтүп ал көбөйө баштайт. Кээ бир учурда сүт тескерисинче чыкпай калат ошол учурда дарыгер атайын сунуштоолорду жазып берет. Аларды аткаруу зарыл. Баланы туура тамактандыруу, эмизүү негизги роль ойнойт. Ошондуктан, баланы өз режими менен эмизүү зарыл. Ал эми эркин, каалаган учурда эмизүү сүттүн беркесин кетирет.
Баланы эмизүүдө эмчектин туура салуу да маанилүү- бала эмчек үрпүн гана оозуна салып эме турган болсо, эмчек кесилип, ачышат, ошондуктан эмчектин үрпүнүн тегерегин да бала оозуна алып эмгени дурус. Бала эмип жаткан алгачкы 5-10 мүнөттө эле эмип коет. Бирок, кээ бир балдар тез чарчап, толук эмбей эле уктап калышат. Мындай балдарды акырын таптап ойготуп, эмчекти кайра салып ойготуп туруу керек болот. Бала эмчек эмип жатканда бир гана эне сүтү эмес абаны да жутуп алат. Ошол себептен бала кекирет. Кээде кулгуйт. Бул нормалдуу көрүнүш. Эмчек эмген соң баланы кырынан жаткырып коюңуз. Чалкасынан жаткан бала кээ бир учурда кулгуп, кайра чачаган учурлар да болот.
Ич көөп, ич сайгылашып ооруп, ичегилер түйүлөт— мына ушул нерселер баланын биринчи күндөрүнөн тартып коштойт. Баланын ичине жеңил сааттын жебесинин багытында массаж жасоо керек болот. Апасынын жылуулугу ичине өтүп турганы да дурус, ошондуктан баланы бооруна алып, ымыркайды далысынан сылап турганы да коп жардам берет. Баланы ичи менен 3–5 мүнөт жаткырып коюуу да жакшы жардам берет, укроп суусун ичирүү газдардын чыгышын шарттайт. Баланы көздүн карегиндей кароо керек болот. Мына ушул жогоруда саналган тажрыйбалар баланын ичинин оорушун жеңилдетип ага жардам болот. Бала үчүн биринчи күндөрү киндигинин катышы жооптуу учур. Бешинчи, жетинчи күн аралыгында баланын киндиги катыйт. Адаттагыдай эле зеленка менен кун сайын сүртүп туруу керек. Баланы сууга түшүрүудө ар кандай чөптөр менен жуунтуу пайдалуу. Баланы жуунтуу үчүн суунун температурасы 37–37,5°С, ал эми сууга түшүрүүнүн узактыгы 5–7 мүнөттөн ашпашы керек. Баланын киндиги толук бүтпөй жатканы байкалса тезинен докторго кайрылуу керек.
Бир айлык кезинде баланы тикесинен көтөргөндө башын кармоого аракеттенет.
Психикалык өнүгүү
Баланын апасынын ичинен сырт жашоого көнүшүнө табиятынан берилген рефлекстер жардам берет. Кээ бирлери жашоонун биринчи айында жоголуп кетет ал эми кай бирлери тескерисинче жашоонун биринчи күндөрдө пайда болот. Жөтөлүү, чүчкүрүү, эстөө жанан башка ушул сыяктуу рефлекстери өмүр бою сакталат. Баланын жашоосунда биринчи айындагы негизги рефлекстер төмөнкүлөр.
Кармап калуу рефлекси – баланын алаканы тийген нерсеге умтулат.
Издөө — бала башын буруп анын ууртуна тийген нерсени издейт. Бул тамак издөө инстинкти.
Соруу — бала соргонго маш. Манжанызды салып корсонүз шак эле соро баштайт. Бабинский рефлекси — баланын таманындагы манжалардын башы кармаган учурда баланын буттары ар кайсы жакка ачылат.
Рефлекс Мора — бала катуу үнгө чочуйт. Ал буттар менен колдорун жыйрыйт.
Бабкин Рефлекси— баланын алаканын басканда бала башын буруп, оозун ачат.
Сүзүү рефлекси — баланы ичи менен жаткырганда ал чабак уруп бараткандай, сүзуп бараткандай кыймыл жасайт.
Басуу Рефлекси —баланын колунан колтугунан кармап бир нерсеге тургузсаңыз, ал басып кетчүдөй болуп кыймылдайт.
Баланын сезүү органдары кандай өрчүп жатат.
Көптөгөн балдарга жашоонун экинчи жумасында бир нерсени көргөзсөңүз, аны ээрчип карай алышат. Балага ачык түстөр керек. Ошол себептен шылдыракчалардын көбү ачык түстө болсо керек. Бала үчүнчү жумадан тартып атасынын, апасынын жүзүн таанып калат. Жаткан балга 40-50 см жакындабай бир нерсени сүйлөп анан унчукпай кала турган болсоңуз бала да үн катпастан сизди телмире карап калышы ыктымал. Бала төртүнчү жумасында кадимкидей көрүп, таанып калган болот. Бул учурда баланын кареги токтолуп координацияга келген учур болот.
Угуусу тууралуу азыноолак сөз.
Экинчи жумадан тартып бала уга баштайт. Катуу үн аны дайым чочутат. Үчүнчү жумада ал үндөргө өзгөчө маани берет. Үндөр анын мээсин ойготот. Кээде бала катуу үндөн ыйлап да жибериши ыктымал. Ал бир айлык болуп калган кезде апасы менен атасын кубантып кылыгы күн сайын чыга баштайт. Анын уктоосу мурдакыдай узак болбой тез тез ойгонуп, тез тез уктап турат. Төрт жумалык ымыркай күлө да баштайт. Аны эркелетүу керек, эркелетүүгө жооп кылып ымыркай жылмайып турат. Балага тынчтык, жагымдуу атмосфера, бирдей температура, ачык аба, күн нуру, чексиз мээрим, өзгөчө камкордук, анан чоң сүйүү керек! Бала баарын сезет, өзгөчө үйдогү психологиялык климатты өзүнө сиңирип алат. Эмне берсеңиз балага кийин сизге дал ошол сезимдерди кайтарып берген инсан болоорун унутпаңыздар! Балаңыз аман эсен чоңое берсин!
#Балабагуу #Бала #Балдар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2