Жети-Өгүздө айдоочу сүзүп алган жандыкты тургундар тааныбай, адистерге кайрылышты
- Жети-Өгүз айылынын башчысы Илгиз Талдыбаевдин маалыматына караганда, 21-апрелде Жети-Өгүз айылынын тургуну Капарбек уулу Азимбек айылдашы менен Каракол шаарынан Жети-Өгүз айылын көздөй келе жатканда келе жатканда белгисиз жандыкты сүзүп алган.
Айыл башчынын айтымында, Азимбек Капарбек уулу айылдагы мектепте күзөтчү болуп иштейт.
«Ал мага: «унаага белгисиз жандык урунду, мен ит экен дегем, бирок эмне экенин билбей койдум» дегендиктен тийиштүү адистерге кайрылдык. Алар бул эмне жандык экенин изилдебе, биз анын эмне жандык экенин билбей койдук», - деди ал.
Ал эми жергиликтүү тургундар ал жандыктын терисинде түгү жок бирок, куйругу жылкыныкындай, кулактары тик экенин айтышууда. Борбордон келген адамдар аны сатып алууну сунуштаган, бирок аны тийиштүү адистерге берүү милдеттендирилди.
кыргызча чоо деп коет, орусча гиена же шакал.Мышыктан чон, иттен кичине келет. Ону такгылала болот жашаган жерине жараша.топтошуп журушот.адамдаргада кол салат.балким бул баласы го кичине экен .чубакабра деп атышатго,ал мындан чон жана кебетеси башкача болот
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 24