Биринчиси – казак балбаны Чолоктун колун айыкпас кылып сындырганы. Аны менен эңишип жатып колун ээрге такап, сындырып салган экен. Натыйжада казактар арданып, чоң атамды сабашмакчы болушат. Ошондо балбан Чолоктун өзү: “Баатырга тийбегиле, аны мен баары бир жеңе албайм. Ал куугунтукка эмес, мактоого татыктуу” дептир. Ошентип, эңишке түшкөн эки балбан ажырагыс достордон болуп калышкан экен. Экинчи арманы болсо – өзүнөн кийин балбан тукум калбаганы. Анын Алымбек жана Турумбек деген уулдары оорунун айынан бир күндө каза болуп калышкан. Кожомкулдун ошол балдарынан үмүтү чоң болгон дешет. Алар 5-6 жашында торпокту көтөрүп ойношчу экен. Алардын мезгилсиз каза табуусуна көз тийип калгандыгы себеп болуптур. Ал эми кийинки балдары Муктар менен Амантай алптыгы менен айырмаланбаган катардагы эле балдардан болуп чоңоюшкан. Ошондуктан Кожомкул «мүмкүн мен баатыр кызга үйлөнсөм, балдарымдын баары ата-бабаларымдын жолун жолдомок» деп айтып калчу дешет. Анткени тукумунда Жаныштан баштап баары балбан болушкан. Ушул жетинчи муунга келгенде, бул өнөр үзүлүп калып жатпайбы.
Ал эми 3-арманы болсо ошончолук баатыр болсо да, эл аралык мелдештерге катышып, тарыхта чемпион спортчу катары атын калтыра албаганы болуптур.
Чөбөрөсү Орозаалынын эскерүүсү..
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев