- Этиң уйдукубу
-Ооба
- Тазабы?
- Ой таптаза, айран сүт ичирип, сары май жедирип бакканмын...
Кардар койнунан өтө эле чоң кызматта иштейт деп тастыктаган удостоверениесин көрсөтүп:
- Биз текшерип жүрөбүз, демек сиз тамак аш тартыш болгон ушундай шартта уйларды кымбат азык- түлүк менен багып элди кыйын абалга түшүрүп жатыпсыз. Соттойбуз сизди...
Касапчы байкуш беш килограмм эт берип жатып араң кутулуптур.
Бир аздан кийин дагы бир кардар келип уйга эмне берип бакканын сураптыр. Сүткө оозун күйгүзгөн байкуш касапчы
- Жугунду ичирип, таштандылардан таап келген азык- түлүк менен бакканмын- дептир.
Бул кардар санэпидемстанциядан келгенин тастыктап жоопко тартмак болот. Айласы кеткен касап он килограмм эт берип жатып араң кутулуптур.
Ыйламсырап отурса дагы бир кардар келип уй эмне жеп жүргөнүн сураптыр. Байкуш касапчы:
- Колуна акча берип койчу элем өзүң тоюнуп келе бер деп. Билбейм эмне жеп жүргөнүн!!! Дейт имиш
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев