(тагдырдын тамашасы).
--Жылдыз, шашып каякка жөнөдүң? Майрамдык кече жаңы эле башталды го... Кесиптештериң менен майрамдык кечеде бирге болуп, бир аз да болсо мээңди сергитип, кичине көңүлүңдү көтөрүп чер жазып алсаң жакшы болмок да... Жаның тынбай талыкпастан эмгектенип чуркап иштеп жүрүп, өзүң деле абдан чарчаган чыгаарсың... Үйүңдө күткөн адамың болбогондон кийин жалгызсырабай дегеним...-деп Жылдыз менен чогуу иштешкен эжеси кейип сүйлөп айтканына:
-- Мен балдарыма шашып бара жатамын эжеке. Жылдын аягы болуп жумуш көп болгондуктан, балдарымды апам үйүнө эки, үч күнгө карап турайын деп алып кеткен болчу. Азыр үй жагыма барып, балдарыма даярдап алып койгон белектеримди алып алып, апамдыкына барамын. Кечеге катышканда эмне... Баары бир көңүлүм, маанайым да жок... Өзүм дагы абдан чарчап турамын... Андан көрө балдарымды кубантып жандарында болоюн. Ооба эжеке сиз туура айтасыз, чындыгында үйүмдө мени күткөн эч кимим жок... Үйүмдө бир гана мизилдеген тазалык жана жүрөктү үшүткөн чоң муздактык кулачын жайып күтүп турат... -деп жооп берип, шашкан бойдон тепкичтен чуркап түшүп кетип бара жатты. Эшике чыкса кеч кирип калган экен, бирок кымгуут болуп көчөдө ары-бери басып жүргөн адамдар көп эле. Майрамга карата кызуу даярдык жүрүп жаткандыктанбы, айтоор колдорунда көтөрүнүп алып шашып кетип бара жаткан адамдарга Жылдыз көз чаптырып карап коюп, өзү дагы кол саатын бир карап алып ойго батып кетип бара жатты. Эгиз козудай болуп ээрчишип, жетелешип кетип бара жаткан жаштарды, кош жүрөктөрдү көрүп калса, Жылдыз да өзүнчө кубана түшүп алардын арттарынан суктанып узатып карап, Жылдыз үчүн адамдардын баардыгы тең көңүлдүү, бактылуудай сезилип, алардын арасында бир гана өзү бактысыздай болуп көрүнгөн элес көз алдына тартыла түшөт... Кайра улутунуп алып, жаркыраган көчөлөрдө майрамдык күндү айгинелеп орнотулган кооз жасалгаларды өзүн алаксытып карап, бир аз болсо дагы маанайы көтөрүлө түшкөнсүйт. Бирок, кайра эле дүйнө жүзү боюнча бир гана жалгыз өзү бактысыз болгондой сезип: "Жанды кейиткен жалгыздыктын ачуу даамын татып жүрүп тажадым... Эмне үчүн ушунчалык бактысызмын?! Мен бул жарык дүйнөгө азап тартып кыйналыш үчүн эле жаралганмынбы? Башкалардан эмнем кем? Же кыйратып байып кетпесем... Же сүйүүдөн жолум жок...Байкуш балдарым да атанын мээримине муктаж болуп чоңоюп келе жатышат...Ээх, жүрөк сыздаганы менен айлам да, аргам да жок да...Кантейин эми..."-деп ичинен зыркырай түшүп, кеде өзү дагы байкабай сүйлөнүп алып кетип бара жатты... Үйүнө жаңы эле кирип, эшигинин ачкычын кире бериштеги текчеге коюп жатканда бирөө эшиктин коңгуроосун басып калат.
--Бул ким?-деген суроосуна жооп болбогондуктан эшикти ачып баш багып карап, эч ким жок экендигин көргөндөн кийин кошуна балдар адаттарынча тамашалап ойноп, коңгуроосун басып коюшуп качып кетишкендигин түшүнүп, ансыз деле сиркеси суу көтөрбөй турган араң жаны кичине ачуулана түшүп, сыртты карай бет алып басып, алдыңкы жана өйдөңкү кабаттарды карап:
--Ой балдар?! Деги ушундай тентектигиңерди качан токтотосуңар?-деп сүйлөнүп бурулуп баса бергенинде, коомай ачылып турган эшиги шарт деп жабылып бекилип калат. Жылдыз чуркап келип бекилип калган эшигинин туткасынан кармап түртүп, чөнтөктөрүн аңтарып, ийнинде асынып турган сумкасын да карап, ачкычы үйүнүн ичинде калганын эстеп:
--Иий, каап... Мына эми, багы жокко дагы жок... Дайыма ушул эшигим ушинтип жабылып калат... Жанагы жабылып калып жаткан бекиткичин алмаштырам деп ушуга такыр чыгынбай, колум да тийбей койбодубу... Эми кантсем экен?-деп, үйүнүн эшигинин маңдайында турган тепкичке отуруп, ойлонуп калат... Жашаган үйү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгондуктан, терезеден дагы кире албайт эле...
Саатын караса кечки ондон да өтүп кетиптир. "Элдин баары майрамдап жатса эми кимдин тынчын алмак элемин... Азыр ушул кейип - кепчиген кебетемди апам да көрүп, ал байкушум дагы кайгырат да... "-деп ойлонуп отуруп, өзүнүн жалгыздыктан жаны батып кеде түнү бою уктай албай ыйлап чыккан түндөрүн, көз жаштарынан нымшып турган жаздыгын эстеп, бир жагынан балдарын багам деп жаны тынбастан жанын карч уруп иштеп жүрүп чарчаганын, алсырай түшкөнүн сезип: "Канчалык тытынып эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аял адамдын жумуштарын озунуп кылып, жоорулган колдорумдун назиктиги жок болуп бара жатканы менен баары бир жүрөгүмдүн түпкүрүндө кичинекей кыз сымалданган асылзаттын аруулугу, назиктиги бар да... Мен дагы бирөөнүн сүйүктүү жары болгум келет... Мени дагы бирөө аяп, үшүп, муз болуп тоңуп бара жаткан жүрөгүмдү жылуу сөздөрү менен жылытып, өзүмдүн бирөөгө керектигимди, кымбаттыгымды айтып бекем кыскан карылуу кучагында эркелегим келет да...Таянаар тоом, ишенген кожом болуп, өзүмдү жакшы көрүп күткөн, мен үчүн күйүп турган адамым бар болгондо, минтип сыз жерде өзүм жалгыз эч кимге керегим жоктой болуп отурбайт элемин да..."-деп эки колу менен бетин басып алып өпкө-өпкөсүнө батпай ийиндерин сүлкүлдөтүп ыйлап отурду... Коңшу батирлердин ичинен кошуналарынын угулган жагымдуу үндөрүнө, шаңдуу чыккан күлкүлөрүнө бирде жылмайса, бирде көзүнөн токтобой аккан жаштарын аарчып коюп, тепкичтин капталына бүрүшүп жөлөнүп отурган калыбында: "Баары тең маңдайыма жазылган тагдырдан, буйруктан болот... Кудайым деген кур калбайт, бир күнү менин дагы сөзсүз багым ачылаар... Буйруса... Бул күндөр дагы өтүп кетип унутта калаар..."-деп уйку - соонун ортосунда өзүнчө тилек кылып айтып, дагы бир нерселерди булдуруктап сүйлөнүп жатып көзү илинип уктап кетет... Бир убакта үшүп калгандыгынан улам чочуп ойгонуп кетип көзүн ачса, таң атайын деп калган болот. Ордунан туруп кийимдерин күүп алып, апасынын үйү жакка жөнөйт. Аялдамага келип, келип калган троллейбуска түшүп, кирип-чыгып жаткан адамдардын арасынан жылып отуруп, бош турган орундуктардын бирине отуруп, түнү бою үшүп калган денеси кичине жылый түшкөндүктөнбү, магдырап мемирей түшүп дагы көзү илинип кетет. Бир убакта:
--Ай чоң кыз, түшпөйсүңбү? Тим эле үйүңдөгү керебетиңде, жылуу жумшак мамык төшөгүңдө уктап жаткандай мэмиреп уктап келе жатасың го? -деп күпүлдөп сүйлөгөн айдоочунун үнүнөн чочуп ойгонуп кетип көзүн ачып эки жагын караса, троллейбустан элдин баары эчак эле түшүп кетишип өзү эле калгандыгын көрүп, өзүн ыңгайсыз сезип ордунан тура берейин дегенде, өзү отурган орундуктун каптал жагында турган бир баштыкты көрүп калат. "Иий, бирө жарым унутуп калса керек... Эмне кылсам экен?"- деп ойлоно түшүп баштыктын оозун ачып караса, ичинде ар түрдүү таттуу момпосуй салынган жаңы жылдык жасалгасы менен белекти көрүп, шопурга алып келип:
--Бул белек салынган баштыкты бирөө унутуп калса керек?! - деп сунганына айдоочу Жылдызды карап жылмайып:
--Сен таап алгандан кийин сага буйруп турса керек. Жаңы жылың менен!! Бол тезиреек түш, мен дагы өз ишимди улантайын!!-деп айдоочунун өзүн шаштырып жооп бергендигинен улам Жылдыз баштыкты колунда кармаган боюнча шашып түшүп калат. Жолдон уктап калып, апасынын үйүнөн өтүп кеткенине кейип:
--Ушунчалык катуу чарчап жүргөн экенмин... Отурган жеримден эле көзүм илинип кетип балээ болду го... Мен эмне эле болуп жатамын деги?!-деп өзүнчө сүйлөнүп алып, аялдамадагы отургучка отуруп, өзүнө тийиштүү маршруткасын күтүп калат. Колундагы баштыктын түп жагындагы катуу нерсеге колу урунгандыгынан улам баштыктын ичиндеги белек салынган баштыкчаны алып чыгып, түп жагында жаңы чыгарылган сүрөттөр, капчык жана уюлдук телефон бар экенин көрөт. Табылганын ээсинин сүрөтү бар чыгаар деп, сүрөттөрдү кызыгып көрө баштайт. Сүрөттөрдө бир татынакай жигиттин, кичинекей баласы менен түшкөн жапжаш татынакай жылмайып турган келиндин жана дагы бактылуу жылмайып түшүшкөн чоочун адамдардын сүрөттөрүн кызыгып суктанып карап, өзүнүн дагы бир убакта бактылуу жубай болуп жүргөнүн эстеп кетип көзүнө жашы тегерене түшөт. Бирок, ал бактылуу жашоосуна бүлүк салган жолдошунун кийинки аялын элестетип кетип иренжий түшүп: "Жүрөгүмдү жаралантып азапка салган жолдошумдун кылган кылыктарына узак убакыт бою сыздап жүрдүм го... Болду эми жетишет... Баарын унутуп, кечирип коё берүүм керек!! Анткени ал азыр башка үй-бүлө күтүп, мени, балдарын бир дагы эстеп койбой, кабагым - кашым дебестен жыргап куунап бактылуу жашап жүрөт... Мен болсо минтип... Айла жок, тагдыр экен... Тагдырга баш ийет экенбиз да... Бирок, балким менин дагы бир күнү багым ачылып бактылуу болоормун ээ?"- деп колунда кармап турган сүрөттөгү келбети келишкен жигитке тигилип карап: "Абдан татынакай жигит экенсиң... Таанышып алалы... Менин атым Жылдыз... Мен байкуш эң бактысыз жалгыз жүрөктүү Жылдыз деген боломун... Сен болсоң абдан бактылуу болсоң керек ээ? Карачы, өзүңө куюп койгондой окшош болгон таттуу перзентиң дагы бар экен, жубайың дагы абдан жаш, сулуу кыз экен. Жубайың абдан бактылуу болсо керек ээ?
Каап, капчыгыңды жоготуп алып, бул таттуу момпосуй белекти дагы балдарыңа бере албай калгандыгыңа кейип жатсаң керек ээ?"- деп сүрөт менен сүйлөшүп жатканына кайра өзүнө өзү: "Кой, өзүм менен өзүм сүйлөшө бергеним аз келгенсип, эми сүрөттөр менен сүйлөшүп жатканымды бирөө жарым көрүп калып, мени оорукчан неме го деп ойлоп калышпасын... Андан көрө эмнеси болсо дагы табылганын ээсин таап ээсине кайтарып берип, мен дагы өз жумуштарым менен алектенейин!!"-деп ойлонуп, өчүп турган уюлдук телефонду жандырса, телефондун жашыруун паролу бар экенин көрүп, табылганын ээси менен байланыша албай калаарына кейий түшөт. Аңгыча ошол телефон шыңгырап калат.Телефонду сүйүнүп кетип алса, бир жаш кыздын жагымдуу үнү телефондун ээси экендигин билдирип айтат. Жылдыз кубанып, баштыкты таап алгандыгын сүйүнчүлөп айтып жатканында, алиги кыздын жанында кичинекей баланын ыйлаган үнүн угуп калат. Кичинекей баласы менен убара кылбастан өзү эле жеткирип барып берүүсү туура болот го деп ойлонуп, дарегин сурап билип алып жөнөп калат. Айтылган дарек боюнча үйдү таап келип, эшигинин коңгуроосун басканында, эшик ачылып маңдайында жанагы өзү көргөн сүрөттөгү келбети келишкен жигиттин турганын көрүп, эмнегедир жүрөгү бир кызыктай болуп толкундана түшөт. Өзүн тигиле караган жагымдуу күлүмсүрөгөн көз караштан көзүн тартып ала албай, экөө тең бири-бирин үн-сөзсүз бир топ убакытка чейин тиктешип карап туруп калышат. Өмүрүндө бири - бирин биринчи жолу көрүп жатышса дагы эмнегедир экөөнүн тең жүрөктөрүн түшүнүксүз бир кызыктай болгон сезимдер аралап, экөө тең өмүр бою эң жакын тааныш адамдардай болгонсуп, бир көз ирмемде эле жүрөктөрүндө болгон чоң кусалык, сагыныч армандары төгүлүп айтылып жаткансып, үнсүз көздөрү менен сүйлөшүп жаткандай болушуп тиктешип турганда, ортодогу жымжырттыкты жигиттин артынан кичинекей баласын бооруна бекем кысып көтөрүп алып чыгып келе жаткан жаш келиндин өзү менен жылуу жылмайып учурашканы бузгандай болду. Жылдыз кичинекей наристенин жигитке абдан окшоштугун көрүп, өзү дагы кичине эсине келип сестене түшүп, келиндин жолдогон саламына башын ийкеп алик алып, колундагы баштыкты жигитке сунат. Өзү болсо артка карай кетенчиктеп баса берип, мындай жүрөгүн болк эттирген өзүнө белгисиз сезимдерге өмүрүндө биринчи жолу дуушар болуп, жүрөгүн опкоолжуткандын себептерин анча түшүнө бербестен баскан кадамдарын ылдамдатып басып бара жатып, бир убакта артынан бирөө кууп келе жаткансып артын карабай тызылдап чуркап жөнөйт. Чуркап бара жатып көл-шал болуп тердеп, жүрөгү да кабынан чыгып кетчүдөй болуп дүкүлдөп чарчай түшкөндүктөн токтоп калып, демин басып жанында турган бакка сүйөнүп эс алып туруп калат. Бир убакта артынан:
--Чоң кыз... Мени кечириңиз... Өх иий... Аябай бат чуркайт экенсиз да... Артыңыздан араң дегенде кууп жеттим го чиркин!!-деп демигип күйүгүп, күшүлдөп-бышылдап келип калган алиги жигитти көрүп, таң калып суроолуу карап туруп калат.
-- Сизге ыраазычылыгымды билдиргенге да жетишпей калдым... Мен кечөө күнү эмгек акымды алып жумуштан келе жатып, үйдөкүлөрдү куттуктап коёюн деп белек алган элемин. Кичүү инимдин келинчегинин уюлдук телефону дагы бузулуп калып оңдотуп жатып, инимдин, келин-баламдын сүрөттөрүн чыгартып жатсам ыкчамдык түрдө кайра жумушка чакыртышкандыктан, шашкан бойдон баарын сиз таап алган баштыкка салып, жумушка жөнөп кеткен элемин. Өзүм кесибим боюнча доктур боломун. Майрам болгон күндөрү өзгөчө бизге доктурларга абдан мүшкүлдүү болот. Өзгөчө жаңы жылда... Жанагы ар түрдүү салют дегендерди туура эмес колдонуулардан улам, түнү бою жабыркаган жарандардын кайрылуусу көп болот... Түнү бою кирпик какпай жардам көргөзүп чуркап жүрүп, эртең менен үйгө келе жатып чарчагандыгымдан уктап кетип, баштыгымды унутуп кетиптирмин!! Сиз болсо таап алып келип берип, эмнегедир тез эле кетип калдыңыз?- деп жылмайып караганына Жылдыз ыңгайсыздана түшүп:
--Ооба, өзгөчө кичинекей балдарга деп арналган жаңы жылдык белегиңизди кайтарып берүүгө ашыктым... Анткени менин дагы балдарым бар да, түшүнөмүн - дегенине жигит ойлоно түшүп:
--Жакшы. Балдарыңыз бар болгону абдан жакшы!! Мен өзүм дагы кичинекей балдарды абдан жакшы көрөмүн!! Жолдошуңуз сиздей келинчеги бар экенине абдан бактылуу болсо керек ээ? - дегенине Жылдыз:
--Ооба, балдарым бар, абдан бактылуумун!! Бирок, атабыз башка үй-бүлө куруп кеткен... Сиздин келинчегиңиз абдан татынакай кыз экен. Балаңыз дагы өзүңүзгө куюп койгондой болуп окшош экен!! Бактылуу болуңуздар!! Кош калыңыз!!-деп айтып, Жылдыз бурулуп басып кетип бара жатканда жигит Жылдызды токтотуп:
--Жоок, сиз туура эмес түшүнүп алган турбайсызбы. Кичинекей бала көтөрүп чыккан кыз ал менин келин балам болот. Эң кичүү инимдин келинчеги-деп күлүп сөзүн улап:
--Ооба, иним экөөбүздүн келбетибиз абдан окшош. Инимдин баласын бир жакка алып барып калсам, жакшы тааныбагандар сиздей болуп мага куюп койгондой окшош экендигине суктанышып айтып калышат!! Мен болсо өзүм дагы абдан кубанып каламын!! Бирок, менин өзүмдүн үй-бүлөм жок, үйлөнө элекмин... Инимдин баласын жанымдан да артык көрүп, абдан жакшы көрөмүн!! Акыркы жылдары мен дагы үй-бүлө куруп, балалуу болсом деп кыялданып жүрөмүн. Убагында окуу деп окуп жүрүп, кийинчерек жумуш деп жумуштан колум бошобой жүрүп убакытымды өткөзүп жибериптирмин... Анын үстүнө, көңүлүмө жаккан адамымды да жолуктура албай, өзүмдүн кош жүрөгүмдү көптөн бээри издеп жүргөн элемин...- деп Жылдызды сырдуу жылмайып карап айткан сөздөрүн Жылдыз уккандан кийин жүрөгү эмнегедир жеңилдене түшкөнүн сезип, өңү нурданып, жүзүндө жылмаюу пайда болуп жигитти карап туруп калат. Жигит болсо өзүнө жакыныраак басып келип:
--Эгер каршы болбосоңуз жакындан таанышып алалы!! Мен дагы ыраазычылыгымды билдирип, сизге өзүмдүн атымдан жаңы жылдык белек тартуу кылсам деген оюма каршы болбосоңуз абдан кубанычта болоор элемин!! -деп коңурлуу, жагымдуу сүйлөгөн жигиттин сөздөрүн угуп, көздөрүнө тегерене түшкөн жаштарын көргөзбөйүн деп унчукпастан алдыга басып бара жатып тып-тып деп тамчылаган жаштарын байкатпастан аарчып сүртүп:
--Мен... Мен көптөн бээри күтүп, үмүттөнүп издеп жүргөн жашоомдогу эң кымбат белегимди таап алдым... Кудум эле кыялданып коюп жүргөн жомоктогудай болгондой... Кыялдарым орундалып, тагдырым мага чоң белегин тартуу кылды өңдөнөт!! Менин жашоомдогу күтүп жүргөн чоң жана эң кымбат белегим!! Эмнегедир жүрөгүм абдан бактылуу!! Кудайым жалгасын, ыраазымын!! - деп үнүн акырын чыгарып сүйлөнүп бара жаткан Жылдыздын сөздөрүн жакшы укпай калган жигит бир нерсе айтам деп өзүнө жанаша басып келе жатып, тайгаланып кетип жыгылып кетет. Жылдыз бурулуп караса жигиттин: "өх иий..." - деп кабагын боор ооорутарлыктай жаш баладай болуп түйүп алып, турганга жан далбастап аракет кылып жатканын көрүп күлүп жиберип, колун сунуп өзүн тургузуп жатканда жигит дагы Жылдыздын күлкүсүн коштоп экөө тең шаңдуу каткырышып күлүшүп, сүйлөшүп туруп калышат. Ары-бери өтүп жаткан адамдар дагы экөөнү байкашып, экөөнүн бактылуу болуп тургандарын кубаттап, кошо кубанып жатышкандай болуп жылмайып карап коюп өтүп кетип жатышты.
✨✨✨
Чыгарманын автору: Нуржамал Бектенова.☺️
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2