Предыдущая публикация
Айтматовго.
Эскерүү.
Ошол күн эске түштү кабак бүрккөн,
Жашыган заттын баары жандан бүткөн.
Өчкөндө кыргызымда жанган жылдыз,
Ала-Тоом жашый берип урап түшкөн.
Эх Чынгыз калем кагаз сүйчү элең,
Аалам менен сырдашканды билчүү элең.
Дүйнөгө калем менен ииз калтырдың,
Кыргызым сыймыктанат сени менен.
Мына арадан бир топ эле күн өттү,
Сен кайгырттың канчалаган жүрөктү.
Мен сагынып азыр карап олтурам,
Сени менен бирге түшкөн сүрөттү.
22.06.2018.ж
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев